«Базаркомдор» журналистиканы башкарып калган кез

Автор: uson-kasybekov, августа 6, 2012

Кыргыз тилиндеги гезиттердин көбүнөн журналистиканын белги-бетегесин табуу кыйын болуп калды. Туташ ушак. «Желтый пресса»  өкүмүн жүргүзүп жаткан кези. Кыргыз прессасы чындыкка туура келген, реалдуу фактыга негизденген обьективдүү маалымат берүү милдетинен баш тартканы анык. Профессионал журналистерди чала сабат ушакчы шумпайлар сүрүп чыгарды. Болгондо да ОБОНго окшогон долу катындарга окшош. Жалаяктай жалаасын жаап,  өлөрмандыкка салып жатышса жаныңан түңүлбөй койбойсуң.

Толугу менен

«Арык малды асырасаң оозуңду майлайт, арык адамды (саясатчыны) асырасаң оозуңду каңдайт»

Автор: uson-kasybekov, августа 1, 2012

Коррупцияга каршы күрөштүн чен өлчөмү акырындап жогорулап отуруп «киттерге» (жогорку эшелонго) жеткенде–адегенде «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Н.Түлеевке, ага куйрук улаш «Ата-Мекен» партясынын квотасы менен социалдык өнүгүү министринин креслосун ээлеген Р. Сабировко кылмыш ич ачылганда коомдук пикирде алдым-жутумга каршы күрөшүү жараяңынын олуттуу экенине карата аз да болсо ишенимдин оту жанган эле. Ошону менен эле бирге алдым-жутумдардын тымызын каршылыгы түйүлдүк алганы анык. Антикоррупциялык күрөштү саясый каршылаштардан өч алуунун бир жолу, саясый мейкиндикти тазалоонун ыкмасы, неорепрессиянын бир көрүнүшү дешкен «жүйөөлөрдү» бетке кармап шылтоого шыноо издеген  күчтөр баш көтөрдү. Ошентип коррупциянын тамырын кыркуу далайга бараары, бир күндүн иши эмес экендиги ачык болуп калды десек болот.

Толугу менен

Кыргыз журналистикасы ОБОНго окшогон жек көрүндү кесипке айланды

Автор: uson-kasybekov, июля 30, 2012

Кыргыз тилиндеги прессанын өзгөчөлүгүн анын эки айкындоочу аныктап турат десек болот. Биринчиси ушак… Туташ ушак. Колго тийген биринчи кыргыз тилиндеги «кагаз прессасынын» бетин ачып көрүп ага оңой эле ишенсең болот. Кыргыз тилиндеги гезиттери көчө (катын) ушактарынын, имиш-имиштердин деңгегелинен көтөрүлө албай жатышканын алар шыдырата жыш пайдаланган мүнөздүү лексиконунан эле ишенсе болор эле. Таблоиддердин бетинде жарыяланган ар бир макаладан «-ыптыр», «экен», «эшиттик», «айтышты» деген сөздөрдү кадам сайын жолугасың. Божомол-дөдөмөл кадыресе көрүнүшкө айланып кетти. Бет тырмарлык кылуунун эрөөн-терөөнү болбой калды. Журналистердин адаттагы эле «ишмердиги» десе болчудай.

Толугу менен

Маргинал-политолог.

Автор: uson-kasybekov, июля 28, 2012

Өзүн өзү «политологмун» деп алган Бакыт Бекетаев деген неме эмне үчүн эле ар дайымдан бир дайым Акылбек Жапаровду апенди кызын мактагандай мактап, алдына төшөлө калып жатат  десе финасы министирлигинин алдындагы финасы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөш башкармалыгынын начальниги болуп алган турбайбы, түгөнгүр.

Кыргыз журналисттеринин жанын жеп жалган айтышы өнөкөт кеселге айланып кетти

Автор: uson-kasybekov, июля 26, 2012

Gezitter.org сайты 19-июлда жарык көргөн санында билдиргенине караганда «Арена. kg» гезити коррупция менен жан аябай күрөшөм деген президент Атамбаев эс алууга чыкпайт деген маалымат тарганы жөнүндө саптарды жазып келип (бул маалыматты гезит кайдан алганы белгисиз, сыягы басылманын кезектеги жалакор түрмөктөрү окшобойбу) «а вчера президент принял спортсменов и отбыл в краткосрочный отпуск. Судя по услышанному нами, говорят, президент тоже уехал в Лондон. По возвращении из краткосрочного отпуска построит спортивный комплекс» (“Арена.kg” № 23 от 19.07.2012 / стр. 2, Источник – gezitter.org) деп жобурап жатпайбы. Арийне,  ат тезеги кургай электе, атап айтканда 20-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамилекеттик резеденцияда А.Атамбаев «РусГидро» ОАОсунун башкармылыгынын төрагасы Евгения Доданы кабыл алып Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Нарын дарыясынын жогорку агымында гидроэлектростанциялардын курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн президенттин аппаратынын инфомациялык бөлүмү кабарлады. Маалыматты «Глава “РусГидро” остался доволен местом строительства Камбар-Атинской ГЭС-1» деген макаласында «Вечерный Бишкек» гезити, ошондой эле Regnum, Tazabek, KGinform информациялык агентиктери да ырастап чыгышты. Ошентип, президент А.Атамбаев «Лондонго кетпей эле» ушу эле  Кыргызстандын ичинде жүргөн болуп чыгат. Элдин көзүнө чаң чачып дезинформация тараткандыгы аныкталып калпы чыгып калгандан кийин «Арена.kg» окурмандарынан кечирим сурар деген үмүт пайда болот. Балекетинби, кыргыз масс-медиасы үчүн маалымат таратуунун жоопкерчилиги,  маданияты деген чоочун көрүнүш. Башынан белгилүү кыргыз прессасына жоопкерчилик дегенди буюрган эмес. «Арена.kg» деле башка кыргыз гезиттери сыяктуу эле баягы көнүп алган билмексиндикке, көрмөксөндүккө салып мындан ары деле жаңы ушактардын сериясын чампалай берген адатын уланта берээрин чөнтөгүңдөй көрө берсең болот.

Толугу менен

«Оозурган кыз оозурбаган кыздын бетин тырмайт» же «Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат»

Автор: uson-kasybekov, июля 24, 2012

Гезит жазмакерлери журналист кесибин катын ушак менен бет тырмарлыкка айлантып алышты, ошондуктан прессага, төтөн кыргыз тилдүү прессага теңелип да, эрегишип да кажети жок, өзүңө эле зыян дешип бекеринен айтышпаса керек.  ММКнын бутасына илинген саясатчылардын көбү азыр «кербен жүрө берет, ит үрө берет» деген кулак жапырма позицияга өтүшкөн. «Жаткан бок жата берсин, тийип кереги жок, тийген сайын сасыйт» эмеспи дешет. Тилекке каршы, мындай келишүүчүлүк бейчээки позиция ММКнын ээленип кетишине, эсирип кетишине алып келди. Бул болсо–канткен күндө да жөрөлгөлүү көрүнүштөрдөн эмес. Түбү жакшылыкка алып келбеси анык. Сыягы тайраңдаган масс-медианын акыры РФдагыдай болуп «Клевета» (ушак, чагым) жөнүндөгү» мыйзам кабыл алуу менен аяктачудай көздөнүп турат.

Толугу менен

«Алибинин» лохотрону

Автор: uson-kasybekov, июля 23, 2012

«Алиби» гезити ар бир санынын биринчи бетинде «жазылып коюп, жай оку» деген жайкарма рекламасын жайгаштырышы анын «өнөкөт ооруусуна» айланды. Рекламалык брендиси– «дайыма чыркыраган чындыкты жазып, анын айынан кезегинде укугу тебеленип жабылган, акыйкатты жазам деп 1 000 000 сом айыпка кабылган «Алиби» гезитин алып окуңуздар» деген кандай какшаган саптар. Чынында эле «Алиби» «чыркыраган чындык» үчүн күйгөн гезитпи? Ишенүү кыйын. Түз эле айтуу керек «Алибинин» рекламасында айтылгандай акыркы инстанциядагы акыйкатты төрт бүктөп туруп туруп чөнтөгүнө салып алганы жөнүндөгү кеби анын жалган айтып жанын жеп жатканы. Жалаң «чындыкты» жазып кор болуп жүргөн гезит экени деле элди көз көрүнө алдоо. Ырасына келгенде «Алибинин» башка жүнүн жеп жаткан кыргыз тилиндеги ушакчы гезиттерден эч айырмасы да, өзгөчөлүгү деле жок. Ошолорлой эле ушак таратып, жалаа жабуу, караөзгөй бет тырмарлык менен алектенген көп сандаган «кагаз прессалардын» эле бири. Башкы редактор Бабырбек Жээнбеков  менен «Ата-Мекен» партиясы көчүккө тээп кубалап чыкан аны уулу, депутат Равшан Жээнбековдун жеке саясый күптүүлүктөрү, саясый каршылаштарынан өч алуу үчүн информациялык колдоо көрсөтүү каражаты катары кызмат кылат.

Толугу менен

Сөз эркиндигин кыргыз ММКда ой-тоону оттоп жөөлүй берүү деп түшүнүштү

Автор: uson-kasybekov, июля 20, 2012

Кыргызтилдүү гезиттер ушак таратуу менен эле алектенип калган кези. Журналистердин сезгенип калган бейтап фантазияларына эркиндик берип дөөрүй бериши кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Кыргызтилдүү пресса рыногунан бир дагы дени карды соо б.а. «нормалдуу» гезиттерди табышың кыйын болуп калды.  Туташ таблоиддерге айланышкан. Журналистер саясаттын, саясатчылардын союлу болуп кызмат кылышат. Бир саясатчынын «заказы» менен экинчи каршылаш саясатчынын үстүнөн ушак таратып кемсинтүү менен материалдык жана саясый дивиденд иштеп табуу менен алектенип калганын жокко чыгара албастырсың. Журналистиканын башкы милдети болгон элди такталган, текшерилген маалымат менен камсыз кылуу иши биротоло унутулду.

Толугу менен

Кыргыз журналистикасы журналистика эмес эле катын ушак болуп кетти

Автор: uson-kasybekov, июля 17, 2012

Кыргыз тилдүү ММК, төтөн, «кагаз пресса» кадимки эле «Калыйпа какылдакка» айланып кеткени калп эместир. Гезиттердин көбүн журналистика тиешелүү пресса деп айтуу кыйын. Гезит эмес эле катын ушактын өзү. Обьективдүү маалыматты элге таратуу аракети менен алектенгендерди жолуктуруу кыйын. Журналист деген кесип азыр жоголгон, күндүз чырак менен издеп да таппайсың. Анын ордун колуна калем кармаган шүдүңкүт ушакчылар басты. Азыр мен—журналистмин, баланча гезитте иштейм деп айткандан тартынасың, уяласың, дароо эле «а-а, ушакчы болуп иштейт турбайсыңбы» дешип шылдыңдап көр жемеге алышат да турушат. Кыргыз тилиндеги кезиттери ушактарга, чагымдарга шыкала толду. Жазмакерлер ушак айтпаса (жазбаса) шакыйы кармап кала тургандай деңгелге жетишти. Кимиси көбүрөөк, кимиси «курчураак» ушак жазса, ошонун мөөрөйү үстөм деп эсептешет.  Кудай бар, бүгүнкү күнү ММК деген атка татыктуу соо гезитти табышың кыйын.

Толугу менен

Ирип-чирип кеткен сот же сот реформасынан майнап чыгабы?

Автор: uson-kasybekov, июля 16, 2012

«Оозурган кыз оозурбаган кыздын бетин тырмайт»

Ирип-чирип кеткен сот же сот реформасынан майнап чыгабы?

«Алиби» кезитинин кожоюну Бабырбек Жээнбеков-мурза жылаан чакпай, жылкы теппей эле күндөрдүн бир күнү К.Момоконов, М.Рахманкулов, З.Бактыбаев, Н.Мамытова, Н.Бөдөшева жана мени, У.Касыбековду кызматтан айдап жолго салды да койду. Биз ага деле «макул» дедик, таарынган жокпуз. Мындай иштер кыргыз журналистикасында кадыресе көрүнүш болуп кеткен. Б.Жээнбековко жакпай калган окшобойбузбу. Буга чейин Рыскелди Момбеков баштаган журналистерди кезиттин кожоюну Бабырбек Жээнбеков кубалап жиберип бизди кызматка алган—казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса демекчи.

Толугу менен