Кыргыз журналистикасы журналистика эмес эле катын ушак болуп кетти

Автор: uson-kasybekov, июля 17, 2012

Кыргыз тилдүү ММК, төтөн, «кагаз пресса» кадимки эле «Калыйпа какылдакка» айланып кеткени калп эместир. Гезиттердин көбүн журналистика тиешелүү пресса деп айтуу кыйын. Гезит эмес эле катын ушактын өзү. Обьективдүү маалыматты элге таратуу аракети менен алектенгендерди жолуктуруу кыйын. Журналист деген кесип азыр жоголгон, күндүз чырак менен издеп да таппайсың. Анын ордун колуна калем кармаган шүдүңкүт ушакчылар басты. Азыр мен—журналистмин, баланча гезитте иштейм деп айткандан тартынасың, уяласың, дароо эле «а-а, ушакчы болуп иштейт турбайсыңбы» дешип шылдыңдап көр жемеге алышат да турушат. Кыргыз тилиндеги кезиттери ушактарга, чагымдарга шыкала толду. Жазмакерлер ушак айтпаса (жазбаса) шакыйы кармап кала тургандай деңгелге жетишти. Кимиси көбүрөөк, кимиси «курчураак» ушак жазса, ошонун мөөрөйү үстөм деп эсептешет.  Кудай бар, бүгүнкү күнү ММК деген атка татыктуу соо гезитти табышың кыйын.

Политолог М.Сариев жана орустилдүү ММКлардан «кыргызстилдүүсүнүн» айырмасы анын аналитика менен жаңылыктарды ушак катары кабыл алгандан таап жатканы бекеринен болгон жок. «… Аналитикой там и не пахнет, потому что аналитическое, методологическое мышление имеет европейские корни, это греческая философия, мысль, развитая в Европе. В этом плане есть опасность, что кыргызы могут вариться в этом «ушаке», потому что у кыргызов как нации и до революции, и сейчас доминирует несозидательный подход к реальности. Кыргызы в основном отслеживают через «ушак», через информационную сеть новости о том, кто из политиков «поднимается», чтобы потом пристроиться вагончиком к нему. Поэтому «ушак» важен, как структура мышления, которая позволяет отслеживать ситуацию, так сказать, зондировать ситуацию. Это психология приспособления. Кыргызы должны это ломать и переходить к психологии созидания», -дейт М.Сариев. Бул «политологиялык» фразаларда кыргызтилдүү гезиттерди гана эмес «кыргыздардын» өзүн «европачыл» дердейген дымак менен кемсинтүү турганын байкоо кыйын эместир. Ошо эле кезде М.Сариевдин айткандарында чындыктын кантесе да үлүшү жатканын жокко чыгарышың да кыйын.

Чагым салып калп айтуу, караөзгөйлүгү жагынан кыргыз кезиттеринин авангардынан орун алган  «Алиби» деген гезиттен  (уюштуруучусу Т.Абдрасулова, башкы редактору Б.Жээнбеков) бир мисал алсак кыргыз масс-медиасындагы катын ушактын баш териси б.а алгоритими кандай экенине көзүбүз жетер эле:

«Министрлердин үшүн алган УКМК»

10 июль 2012-жыл

«Кечээ жакында Равшан Сабировду жардамчысынын үстүнө кошоктоп камап салган УКМКнын сүрүнөн шымын булгап, «эми кимибизди камаар экен» таризинде чочулай кабылдамасын тиктеген  министрлер оголе арбын дейт. Бул тууралуу «Алиби» гезити 10-июлдагы санында жазат.

Басылмада жазылгандай, ал эми парламентте калчылдап отургандардын ана башында Исхак Пирматов туруп, жайкы эс алууга шылтоолоп четке чыга качууну пландаштырып жатканы кызык болду. Кыскасы темир торго түшүп калуудан чочулаган эл өкүлдөрүнүн бир тобунда жан жок дейт. Ал эми «министрлердин кимиси чыга качаар экен?» деп акмалап биз турабыз. Мынчалык калчылдагандарына караганда баарынан эле артында калбырлары калың окшойт. Минтип отурса, бизге түрмө түтпөйт го ыя?, дейт гезит.

Булак: «Алиби»

www.barakelde.org

Ушунужурналистика, журналистикага тиешелүү  «материал» деп айтууга болобу? Ооз барабы? Ой жүгүртүү деңгели, «калийпа какылдакчыл» эбиреген-жебиреген сыпаттама стили, жазуу маданияты, интеллектуалдык даражасы, жалакордугу …деги койчу бардык параметрлери боюнча кудум эле катын ушактын өзү. Эч бир айырмасы жок. Ачыгын айтканда «Министрлердин үшүн алган УКМК» деген «Алибинин» «материалынан» журналистиканын кенедей да белги-бетегесин, жыт-жыбырын табышың кыйын.

Үсөн Касыбеков 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.