«Кыргызстан» партиясынын шумпайлыгы

Автор: uson-kasybekov, марта 28, 2016

Парламенттик шайлоонун жуп алдында түзүлө калып күтүлбөгөн жерден марага үчүнчү болуп келе калган «Кыргызстан» партиясынын болуп көрбөгөндөй ийгилигинин сыры эмнеде жатат? Бир кыйла эксперттер анын табышмагын СДПК нын «клону» экени менен,  ошондуктан административдик ресурстарды кеңири пайдаланганы аркалуу түшүндүрүп келишет. Асресе, мындай жоромолдор, эгер «Кыргызстан» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына киргенин эсепке албасак, өз ырастоосун чыпчаң таба албаган жок. СДПК камчысын чаап, анын айтканын кылып, айдаганына басып калган фракция, көлөкөсү же суррогаты деп айтууга эч негиз жок. Тескерисинче, өз алдынча саясат жүргүзүп келе жатканына күбө болсуң.

Ырас, «Кыргызстан» фракциясын башкалардан өзгөчөлөнтүп турган бөтөнчөлүгү,  өз жүзү бар деп айтуу деле кыйын. Бир гана мандат талаш чатагына байланыштуу фракциянын лидери Канатбек Исаев менен ал жетектеген «Кыргызстан» партиясы эске алынып элдин көңүлун бурган учуру болбосо фракциянын бар же жок экени белгисиз боюнча калып келет. Болбосо, мына парламенттин ишке киришкенине беш айдын жүзү болуп калды «Кыргызстан» фракциясынын  башкалардан айырмаланып жаңы идеяларды, олутуу мыйзам демилгелерин көтөрүп чыкканына күбө боло элек экенибиз жалган эместир. Тек гана, көп караандын ичинде жүргөн бир караан десек туура болчудай.

Көсөөнүн акылы түштөн кийин демекчи, парламенттин структурасы түзүлүп ишке киришкенине бир кыйла убакыт өткөндөн кийин капысынан эле шайлоочулардын Ассоциациясынын президенти Бакыт Керимбаев баштаган граждандык активистердин бир тобу 22-марта АКИpress агентствосунда пресс-конференции беришип «Кыргызстан» партиясын өлкөнүн атын кыянат пайдаланганы үчүн сотко беришерин жарыялап чыгышты. «Биздин мамлекеттин атын пайдаланганы үчүн «Кыргызстан» партиясын катоо мыйзамсыз болгонуна байланыштуу сотко арыз беребиз. Юстиция министирлигинин буйругунда «Кыргызстан» же «Кыргыз Республикасы» деген сөздөр өз алдынча ысым катары пайдаланууга жол берилбейт деп турат. Бул мыйзамсыз иш. Шайлоочулар кайсы партияны артыкчылык берерин билбей эки анжы болуп калса Кыргызстанды тандап алары айкын. «Россия», «Казахстан» деген партиялар жок эмеспи. Ошентип партия шайлоочуларды көзүн жазгырып алдап жатат»,- деди Б.Керимбаев.

Граждандык  активстердин айтканында талашсыз чоң жүйөө бар. Сөз чындыгынан бузулбайт демекчи, тиги же бу өлкөнүн же болбосо мамлекеттин ысымы менен саясый партияны же саясый уюмду атоого жол берилбеси башынан белгилүү. Чынында эле, граждандык активистер айткандай саясый партия мамлекеттин атын алып жүргөн учуру эч бир өлкөдө кезикпейт. Бул болсо мамлекеттин атын саясый партиянын ысымын атоодо эскерүүгө да, пайдаланууга да тыю салынат дегендикке жатпайт. Өлкөнүн аты менен партиянын аталышы мүмкүн. Бирок, ал башка кошумча сөздөрдүн жалганышы менен гана аталышы лазым. Мисал катары, алып айтсак, В.В.Путин негиздеген «Единая Россия», жергиликтүү аталыштарга келсек, А.Акаевдин «Алга, Кыргызстаны», болбосо А.Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» ж.б. Непадам, өз алдынча калыптаган бир өлөкөнүн атын жеке бир «Кыргызстан» сыяктуу саясый партиянын энчилеп алышынын өзү эле –нонсенс.

«Кыргызстан» партиясы бүтүндөй бир өлкөнүн аты менен атоо менен мыйзамдарды, анын ичинде «реклама жөнүндөгү» мыйзамды орой бузууга барды десек ашкерелик болбос эле. Партия атын «Кыргызстан» деп атоо менен жонунан бир өлкөнү тизесине басып алганы б.а. «прихватташтырып» алганы алаканга салганы ачык көрүнүп турат. Парламенттик шайлоодо партия «Кыргызстандын» брендисин кыянаттык менен өз кызыкчылыгына ылайык пайдаланганганы талаш туудурбайт. «Кыргызстан» өлкөнүн бүткүл жетишкендигин: тарыхын, маданиятын, рухий байлыгын, социалдык-экономикалык ийгиликтерин, ал гана эмес символдорун: герб, желек ж.б. бир партиянын парламенттик үгүтөө иштеринде жеке кызыкчылыгы үчүн армансыз эле  пайдаланганы ачык. Граждандык активистер айткандай шайлоодо «Кыргызстан» партиясы эмес, жалпы өлкө үчүн, «Кыргызстан» мамлекети үчүн добуш берген патриот ат уулдар көп болгону да чын. Ошентип, «Кыргызстан» партиясы шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды ачыктан ачык бузуп шайлоочуларды сызга отургузуп алдап кетти десек ашкерелик деле болбос эле. Кыскасы, парламенттик шайлоодо жаңы түзүлө калып мурда кийин дайын дареги билинбей келген белгисиз партиянын капысынан болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишинин сыры да анын аталышына байланыштуу десек ашкере болбос элек.

Шайлоочулар Ассоциясынын сотко жолдогон арзынын юридикалык келечеги барбы? Талашсыз бар. Граждандык активистер козгогон иш сот процессиде «Кыргызстан» партиясынын атын өзгөртүп кайрадан катоодон өтүшүн мажубурлоодон  баштап, а түгүл азыркы парламентти таратканга чейинки натыйжага алып келиши мүмкүн. Кезегинде көрүп билип туруп «Кыргызстан» партиясын катоодон өткөргөн юстиция министирлиги да укуктук жоокерчилигин тартууга милдетүү.

Тилекке каршы, граждандык активистердин көтөрүп чыккан маселе айтылган сөз айтылган боюнча кала берет, бара-бара унутулуп кетиши мүмкүн деген түкшүмөл жаратат. Шайлоочулар Ассоциясы баштаган ишинин акырына чыгууга эрки жете алар бекен деген суроо туулбай койбойт. «Кыргызстан» партиясын сотко беребиз деп күпүлдөп  жатышкандардын билдирүүсү алардын кезектеги ормон опузасы т.а. аттарын чыгаруу үчүн атайы жасалган  баналдык пиар-төгүлмөнүн эле бири деген шүйшүндүргөн таасир калтырат. Эгер, ооздорун майлап койсо граждандык активистер «Кыргызстан» партиясын сотко бербей айнып калышы мүмкүн экенин жокко чыгарууга болбостур.

Үсөн Касыбеков

 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.