«Базаркомдор» журналистиканы башкарып калган кез

Автор: uson-kasybekov, августа 6, 2012

Кыргыз тилиндеги гезиттердин көбүнөн журналистиканын белги-бетегесин табуу кыйын болуп калды. Туташ ушак. «Желтый пресса»  өкүмүн жүргүзүп жаткан кези. Кыргыз прессасы чындыкка туура келген, реалдуу фактыга негизденген обьективдүү маалымат берүү милдетинен баш тартканы анык. Профессионал журналистерди чала сабат ушакчы шумпайлар сүрүп чыгарды. Болгондо да ОБОНго окшогон долу катындарга окшош. Жалаяктай жалаасын жаап,  өлөрмандыкка салып жатышса жаныңан түңүлбөй койбойсуң.

К.Бакиевдин үй-бүлөлүк режиминин тушунда куугунтук жеп Швейцарияга барып саясый баш паана тапкан журналист Турат Бектенов 24.кg информациялык агенствосунда берген маегинде кыргыз гезиттерин «Журналистикага кокусунан келип калган «базаркомдор» бар. Ошолор элди ушакка сугарып, маалымат талаасын чоң «базарга» айлантып жиберген. Албетте, Бакиевдин учурунда эл оппозициялык маанайдагы маалыматка суусап турган. Азыр заман башка»,- деп мүнөздөптүр. Айтканында, алибетте, калет жок.

Кыргыз гезитинде жарыяланып жаткан «материалдардын» көбү, ачыгын айтканда, журналистикага тиешеси азыраак. Тек гана «базар катындарынын» ой тоону оттоп жаткан жалакордугу деп айтсак туура болор эле. Гезиттердин бетин ээлеп алган «материалдарды» бир клеткалуу микробдорго салыштырса болор эле. Сөзүбүз куру болуп калбасын үчүн кыргыз прессасындагы «базарком» Бабырбек Жээнбеков башкарган «Алиби» гезитинде жарыяланган айрым «материалдардан» мисал келтирсек жетиштүү:

Ө.Текебаев менен Ө.Бабановдун жансакчысынын чырын басууга кызыкдар бирөө журналист Б.Түлөбаевге 50 миң сом берген имиш, – «Алиби»

27 июль 2012, 12:09

Баракелде – Өмүрбек Текебаевдин учакта таяк жегени тууралуу маалымат боюнча «ата мекенчилер» катуу актанышты. Жөн эле актанып тим болбой, атайын күбөлөрдү да таап алышыптыр, деп жазат «Алиби» гезити 27-июлда чыккан санында.

«Анысы ошол жерде бара жатып, «Кыргызтудей» сайтынын маалыматы боюнча капысынан «муштум жеди» деп жаткан Темир Сариев жана «Айат» гезитинин башкы редактору Балбак Түлөбаев экен», – деп жазат гезит.

Алардын узун кулактарынын маалыматына караганда, Ө.Текебаевби, же Ө.Бабановбу айтор, чырды басууга кызыкдар тараптардын бири Балбак Түлөбаевге 50 миң берген имиш. «Эми бул такталбаган кеп. Анан эртең дагы сотко сүйрөп жүрбөгүлө, өзүбүз араң жашап жатканда…», – дейт гезит.

Булак : «Алиби»

http://barakelde.org/news:32695/

 

 

Б.Төрөбаев «премьер болом» деп тымызын оюн жүргүзүп жаткан чагы, – «Алиби»

31 июль 2012, 10:57

Баракелде – Замандын талабы ушундайбы, же Кыргызстанда эле ушундайбы, айтор түшүнүп болбойт. Эл алдына чыга калып, төбөсү көрүнгөндүн баары эле премьерликтен сөз башташчу болду, деп жазат «Алиби» гезити 31-июлда чыккан санында.

Буга чейин премьерликти талашкандардын катарында кимдер гана жок. Эми ошолорго Эргеш аксакалдын уулу Бакыт Төрөбаев да кошулуптур. Өзү кыйынчылык көрбөгөнү менен тарбиясы жакшы чоңойгон Бакыт мырза буга чейин болгону «акжолчу» депутат, андан соң МЧСке министр болуптур. Эми «премьер болом» деп, тымызын оюн жүргүзүп жаткан чагы экен. Деги күзгүдөн өздөрүн жакшылап карашса болмок экен, дейт гезит.

Булак : «Алиби»

http://barakelde.org/news:32792/

Байкуш «базарком» маалымат бир нече булактан текшерилип көз жеткенде гана жарыяланышы талап кылынаарын, сезгенип калган фантазия менен божомол-дөдөмөлдөргө салып катын ушак таратуу, жалаа жаап бирөөнү насыя каралоо караөзгөйлүк болорун, мындай «журналистика» адамзат карманган моралдык-нравалык принциптерге сыя бербестигин, «за базар» үчүн мыйзамдын алдында жооп берүүгө туура келерин түшүнө бербейт окшобойбу. («Эми бул такталбаган кеп. Анан эртең дагы сотко сүйрөп жүрбөгүлө, өзүбүз араң жашап жатканда…» деп долуланган «базар катындын» жоругуна салып беттен алып жатканына не бересиң). Сыягы адабий тил (нормативдүү лексика) менен ушакчы катындын көчөдөгү бежирегинин ортосунда асман менен жердей айырмачылык бар экенин билбейт өңдөнбөйбү бечера «базарком» дейсиң. Журналистика бет тырмарлык, ОБОНдун ажаандыгы, чагым салуу эместигин,  ал силлогизмге– аргументтешкен далилдерден чыккан логикалык кортундуга  баш ийерин аңдап билбестиги т.а. түшүнбөстүгү байкалбай койбойт. Бабырбек Жээнбековко окшогон дилетанттар б.а. чала сабат «базаркомдор» кыргыз прессасынын аба ырайын аныктап калганы–опурталдуу тенденция. Мындай кезде маалыматка таңсык окурмандар чачтык-уштуктарын жыйыштыра бергенден артыгы жок калат.

Үсөн Касыбеков

Один комментарий

«Журналистикага кокусунан келип калган «базаркомдор» бар. Ошолор элди ушакка сугарып, маалымат талаасын чоң «базарга» айлантып жиберген. Албетте, Бакиевдин учурунда эл оппозициялык маанайдагы маалыматка суусап турган. Азыр заман башка».
Менимче, кыргыз журналистикасындагы “базар” Бакиев заманынан мурда эле башталган да, ал кезде бул тенденция андан ары уланып, азыр апогейине жетип турган чагы. Ырас, Бакиевдин тушунда журналистикага кокусунан келип калган “базаркомдор” болду. Бирок андан мурда эле – 90-жылдардын орто ченинен баштап, журналистика менен кайнаса каны кошулбаган, бул кесипти өмүр шериги кылууну эмес, тез арада өзүнүн атак-даңкын чыгарууну гана көздөгөн, мурда мындай мүмкүнчүлүктөн куржалак далай мурдунан тың сүйлөгөндөрдөн турган көркоолордун үйүрү журналистиканы каптап кирди да, аны “проходной дворго” айландырышты. Алар өз кызыкчылыктары үчүн журналистиканы пайдаланышты. Ооба, алардын ар бири өз кесибинин устаттары болушу мүмкүн, чындыгында да – ошондой. Бирок, аларды журналист деп айтууга ооз барбайт. Мындай адамдар эртеби-кечпи өз кесибине өтөт, журналистиканы убагында пайдаланганы менен алар аны акыры ташташат. Аны биз өз көзүбүз менен көрүп эле жүрөбүз. Андан көрө Кусейин Исаев, Ишенбай Абдразаков ж.б. агалардай публицистика жазса да, өз кесиби менен жүргөндөр журналистикага тигилердей кыянатчылык кылышкан жок.

Автор: Мелис, дата: Пятница ноября 30th, 2012 05:54. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.