Кыргыз журналистикасы ОБОНго окшогон жек көрүндү кесипке айланды

Автор: uson-kasybekov, July 30, 2012

Кыргыз тилиндеги прессанын өзгөчөлүгүн анын эки айкындоочу аныктап турат десек болот. Биринчиси ушак… Туташ ушак. Колго тийген биринчи кыргыз тилиндеги «кагаз прессасынын» бетин ачып көрүп ага оңой эле ишенсең болот. Кыргыз тилиндеги гезиттери көчө (катын) ушактарынын, имиш-имиштердин деңгегелинен көтөрүлө албай жатышканын алар шыдырата жыш пайдаланган мүнөздүү лексиконунан эле ишенсе болор эле. Таблоиддердин бетинде жарыяланган ар бир макаладан «-ыптыр», «экен», «эшиттик», «айтышты» деген сөздөрдү кадам сайын жолугасың. Божомол-дөдөмөл кадыресе көрүнүшкө айланып кетти. Бет тырмарлык кылуунун эрөөн-терөөнү болбой калды. Журналистердин адаттагы эле «ишмердиги» десе болчудай.

Журналисттер азыр реалдуу кубулуш, обьективдүү фактынын ордуна жоромол-дөдөмөлдөргө таянып жалган айтып жанын жеп, жалакордукка барып жатышканынан тартынып да, уялбай деле калышты. «Депутат, Н.Сулайманов бардык суроолорго жооп берем дептир», «Маманов «уулунун» мындай мамилесине нааразы болуп, анын былыгын чукууну көздөөдө дешет. Ал А.Сулаймановдун элге белгисиз кайсы былыктарын сайрайт болду экен?» сыяктанган түрмөктөр алардын ушакчы насилин айгине далилдеп турат. Ошентип ушак таратуу менен эл ичин бүлүк салып, бузукулук кылып жатышкандарын «журналистер» өздөрү деле моюндарына алып жатышат. Коомчулукта, жалпы эле окурмандардын арасында журналист жек көрүндү, шүдүңкүт, шүмшүк кесип деп эсептеле баштаганы бекеринен болбогондур. Кудум эле ОБОНдун эле өзүнө салыштырса болчудай.

Кыргыз масс-медиасынын экинчи бир бөтөнчөлүгү–профессионализмдин болуп көрбөгөндөй төмөн түшүп кетишинде турат. Азыр кыргыз гезиттеринин беттеринен социалдык-экономикалык, коомдук-саясый өнүгүү-өзгөрүү тенденциясын ыраты менен баяндаган аналитикалык макаларды, журналистик иликтөөлөрдү, экономикалык-финасылык анализдер сыяктанган жанрларды жолуктурушуң кыйын. Жолукса да өтө сейрек кездешет. Кыргыз журналистери билими же жөндөмү жетишпегенинен уламбы оңоюна качырып калышканын көрүү кыйын эмес. Убара болуп кыйналып кажети не, ушак чампалай коюшуң оңой эмеспи дешет өндөнбөйбү журналистикада өрүп кеткен шумпайлар.

Саясатчылардын жеке керт башына байланышкан ушактар кыргыз прессасынын негизги предметине айланды. Бул деле бекеринен болбогону анык. Пресса объективдүү маалымат таратуу милдетинен баш тартып  саясаттын союлуна айланганын, бир саясатчынын жеке кызыкчылыгы менен экинчи бир каршылаш саясатчынын үстүнөн жалаа жаап болсо да жамандоо, беделине зак келтирүү үчүн пайдаланылып жаткандыгын, бир сөз менен чылкый эле саясый «заказ» боюнча иштеп калгандыгын жокко чыгаруу кыйын.

Прессасынын бир жактуу персонификацияланып кетишинин далили катары кыргыз гезиттеринин басылган «урунтуктуу материалдардын» «гербарийинин» топтомун түзүүгө адистешкен «Баракелде» сайтында жарыяланган макалардын аталыштарынын тизмесин келтирсек жетиштүү болор эле. Типологиялык тизме үч күн аралыгында гезиттерде чыккан макала-ушактардын негизинде түзүлдү:

27 июль 2012

17:51   Өмүрбек Бабанов Лондон фондулук биржасынын соода-сатык жараянын ачты15:51   Өкмөт жөнөкөй жарандардын чыгымдарын көзөмөлдөгөнү жатат12:38   «Ата Журт» партиясынын кеңсесин К.Ташиевге Максимдин досу бердиби?12:09   Ө.Текебаев менен Ө.Бабановдун жансакчысынын чырын басууга кызыкдар бирөө журналист Б.Түлөбаевге 50 миң сом берген имиш, – «Алиби»11:57   А.Келдибеков: Партияда келишпестиктер болуп кетсе, башка партия түзүү кадамдары каралат11:51   М.Сабиров: Б.Төрөбаев 9 «республикачыны» бөлүп кеткенинен кабарым жок11:32   Ө.Текебаев коррупцияны ооздуктоонун стратегиялык планын иштеп чыгуу үчүн 10 күндүк семинар өткөзөт11:25   КСДП шаар мэрлигине М.Аманкуловду сүрөйт11:19   Ө.Бабанов депутаттарга «жуучу» жиберип, ар бирине 100 миң «жашылбайдан» сунуштаганы тар чөйрөдө уламышка айланды, – “Агым”11:12   «Ити чөп жегени» мүнөзү өзгөрүлгөн А.Сулаймановго «Жириновский» насаатчысы нааразы, – «Агым»11:06   Депутат Н.Сулайманов бардык суроолорго жооп берем дептир11:05   Жогорку соттун төрайымы Ф.Жамашева сынактын үчүнчү туруна өттү10:51   Мэр М.Мырзакматов кийинки парламенттик шайлоого катуу даярдык көрүүдө10:41   ЖК депутаттары М.Абдылдаев менен А.Келдибеков биригип альянс түзүп атканы айтылууда

26 июль 2012

16:13   К.Ташиевдин айланасындагы акчалуулар башка күчкө бириге башташты, – «Арена»16:11   Ысык-Көлдө эс алуучу жайлардын коопсуздугу көзөмөлгө алынууда16:04   Р.Жээнбековго да иштер ачылып жатыптыр15:58   Р.Сабировго карата арыз жазган айым учурда Италияда жүрүптүр15:57   Р.Сабировду каматкан жардамчысы Ө.Текебаевдин өкүл баласыбы?15:44   Депутат Н.Сулаймановго карата транспорт министри кызматындагы иштери үчүн кылмыш иши козголду15:20   Ж.Сапарбаев: Өкмөт 28-июлда ири кендерди коррупциялык жол менен сатканы жатат15:15   «Мынабул адамды камайбыз» деп эки жума мурун жар салуунун кажети барбы?14:34   Ташиев менен Келдибеков экөөндө тең чындык жок, буларда саясий шоу, оюндар болуп атат, – А.Бекназаров13:48   А.Бекназаров: Алар К.Ташиевди эч качан премьер-министр кылбасын, пайдаланып туруп таштап коерунан да кабарым бар13:16   Аялдардын жоон тобу М.Кайыповдун Жогорку сотко ат салышып жатканына каршы чыгууда13:12   А.Келдибеков менен А.Сулайманов Лондонго учуп кетишти13:11   А.Бекназаров: Мага Жогорку соттун кызматы сунушталганы чын12:58   Москвага сүйүнүп барган Ө.Бабановдун маанайы паска түштү12:47   «Ата Журт» партиясы «ташиевчилер» жана «келдибековчулар» болуп бөлүндү дейт12:45   «Түштүк-Кыргыз демократиялык» республикасы түзүлүп, борбору Ошто болсун, деген сунуш түшкөн, – М.Мырзакматов12:37   М.Султанов башты жерге бекем катып отурат, – «Учур»12:32   Н.Түлеев күнөөсүн мойнуна алып, «сынып» бергени айтылууда12:31   А.Сулаймановдун айланасына көлөкөсүнөн корккондор топтолобу12:03   Дамира Ниязалиева чоң атаканы баштаганы турабы?12:00   «Арена» Э.Сатыбалдиевдин Ак үйдөн акча алып чыкпаганына ишенет11:42   Ө.Суваналиев чоң сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, М.Абдылбаев, А.Сулайманов баштаган топко кирчүдөй болуп турат11:34   Ө.Текебаев менен К.Ташиев «сиз-биз» деп сылык саясатка өтүшүптүр11:32   С.Жапаров, Ф.Кулов, К.Исаев, К.Ташиев, Ч.Турсунбеков, Ө.Текебаевдер премьер Ө.Бабановду кетирүү амалын издеп жатабы?10:46   З.Тургунова өкмөттүн билим берүү жана илим сектор башчысы болуп дайындалды10:30   А.Карашев Ош облусуна иш сапары менен барат10:17   Майлуу-Суу шаарынын 1-вице-мэри нааразы болгон тараптын сунушу кызматынан четтеди

25 июль 2012

18:06   «Мекен Шейиттери» жана «Айкөл Ала Тоонун» өкүлдөрү Жогорку сотко талапкер Г.Суталинованы сынакка киргизбей коюшту17:47   «Ата Мекен» партиясынын сайты чабуулга дуушар болду17:44   Кыргызстан үчүн пайдасыз долбоорлордун артында Кайсар турат деген кеп бар, – Ж.Сапарбаев17:23   Ж.Сапарбаев: Ө.Бабанов «иничек», «улуу байкелери» жок иштей албай атат17:07   Р.Сабиров жети депутаттын кепилдиги менен үй камагына чыкты (фото)16:04   А.Келдибеков: Партияда жигитчилик келишим аткарылбай калды15:48   Экс-министр М.Кайыпов Жогорку сотко тандоо конкурсунда 46,68 балл топтоп, үчүнчү турга өттү15:42   А.Келдибеков: Өкмөт кетсе, кайра ким өкмөт башчы болот?15:14   Ала-Бука районунун акими «Белый парус» сайтын 1 млн сомго сотко берет

Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.