Артка чегинүүгө жол жок

Автор: uson-kasybekov, January 30, 2016

Президент Алмазбек Атамбаев 28-январда өлкөнүн улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Бөкөнбай Казаковду кабыл алды. А.Атамбаев өлкөдөгү антикоррупциялык күрөштүн мындан ары улантуу менен активдештирүүнүн зарылчылыгына басым койду. Ошону менен бирге мамлекет башчысы азыркы жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык иштердин улуттук экономиканын натыйжалуулугу жана анын коопсуздугу үчүн орчундуу жана маанилүү рол ойнорун белгилеп өттү…
Өлкөдө коолап-чайлап кеткен алдым жутумдуктарга каршы күрөш ачылганына аркы бериси болуп алты-жети жылдын тегерегиндеги убакыт өттү. Күрөштөн көз көрүнөөрлук чоң натыйжа чыгып жарытып жибергени байкалбайт. Деген менен коомдук пикирде коррупцияга каршы туруу туруктуу режимге өткөнүн, алдым-жутумдукту түп тамырынан менен жоготуу мүмкүн эместигине карабастан күрөштү улантууга бийликтин саясый эрки канча болсо жетишээрлик экенине ынаннуу пайда болгонун жокко чыгарууга болбойт. Азыркы жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык аракеттерден майнап чыгарына үмүт артса болор. Өлкө көз карандыксыздыкты алган 25 жылдан ашкан аралыкта мамлекеттин бардык сферасында тамырын кенен жайган коррупция республиканын финасылык-экономикалык ресурстарын ичтен кемирип жеп курута баштаганын моюнга алуу кажет. Алгачкы кездери коррупцияга каршы күрөш негизинен ооз жүзүндө жүргүзүлүп келгени белгилүү. Кийин, ал бара бара Республикада коррупция менен паракорчулук мелт калт болуп өз чегине жетти. Өз каалаганын кылып баш бербей калган алдым жутумдукка четтен кайдигер байкоо салып чыдап турууга мүмкүн болбой калган эле. Коррупция биздин өлкөдө ар дайыма болуп келгени ырас. Бирок, кийинки кездердегидей кеңири масштабга чейин тамыр жайып кеткени, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна кадыресе коркунуч келтире баштаганы мурда-кийин болуп көргөн эмес эле.
Оппозиция ушу күнгө дейре коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө карата ынанымдуу кинелерин коё алган жок десек болот. Оппоненттер негизинен антикоррупциялык күрөштүн мүнөзүнө басым жасаган нааразычылктарын билдирген сындарга басым жасап келишти. Оппозиция адараңдап чегинен ашып кеткен алдым жутумдун тизгинин кагуу аракеттерин кезектеги «кампанейщина» катары мүнөздөп, утурумдук көрүнүш, келечеги жок деген «аргументтерге» алдыга тартып келишкени белгилүү. Ошону менен бирге бийликке каршы каяша кылгандарга каршы уюштурулган тымызын акция, саясый мейкиндикти күчтүү оппоненттерден, оппозициянын лидерлеринен тазалоо, бир сөз менен «охота на ведьм» деген ат менен белгилүү болгон атайы жасалып жаткан Ак үйдүн» акциясы катары сыпатташкан эле. Кылмыш иштери оппозициянын депутаттары болгон Н.Түлеев, А.Келдибеков, К.Осмонов сыяктуу депутаттарды «терип» алып ылгап ачылып жатканы буга ачык мисал болуп бере алат деп келишкен болчу. Асресе, мезгил өзү күбө болгондой алардын каршы койгон жүйөөлөрү ырастоо да, ошонжой эле колдоо да таба алган жок. «Коррупцияга каршы күрөш «Ак үй» тарабынан атайы уюштурулган деген божомол-жоромолдор иш жүзүндө далилдене албаганына байланыштуу өз актуалдуулугун жоготуп алдым-жутум чиновниктердин куру шылтоосу катары кабыл алына баштады.
Коррупциянын республикада тоталдык мүнөзгө ээ болгонун А.Акаевдин доорунда эле швед политолог-изилдөөчүсү Йохан Энгвалл “Мамлекет инвестициялык рынок катары: Кыргызстандагы коррупциянын өзгөчөлүгүн аңдап түшүнүү» деген көп жылдык изилдөөнүн негизинде жазылган китебинде ынанымду далилдеп берген эле. Изилдөөчү чиновниктердин пара алуусу менен пара берүүсү туташ мүнөзгө өтүп мамлекеттик башкаруунун эң негизги ыкмасы болуп калды деген жыйынтыкка келген. Швед окумуштуусу Кыргызстанга келип кеткенине он жылдын жүзү болуп калды, бирок алдым-жутумдук азайып кеткенин байкоо кыйын, ошол эле калыбында сакталып тургандай асер калтырат.
Асресе, кийинки кездери кантсе да күрөштө бурулуш этаптары башталганын көрүүгө болот. Президентин Аппарат башчысынын, катары менен эки коргоо министри, министирлердин орун басарлары, Генпрокуратуранын баш тергөөчүсү, ошону менен кошо бир катар экс-депутаттар менен жаңы шайланып келген парламентарийледин үстүнөн кылмыш иши козголуп жоопкерчиликке тартылып жатканы оппозициянын ар дайымдан бир дайым какшап келе жаткандай коррупцияга каршы күрөш ылгап алынгандыгын, бир жактуу экенин жокко чыгарып турган фактылар. Неси болсо да оппозиция кош стандурттулук жөнүндө жобураган сөздөрүн тизгиндеп азайтууга аргасыз болууда.
Сингапурдун премьер-министири Ли Куан Юнун демилгеси менен 1960-жылы 17-июнда коррупияга каршы туруу жөнүндөгү Акт кабыл алынып мамилекеттик чиновниктердин ичиндеги алдым-жутумдуктарга каршы күрөш жарыялаган алгачкы кездерде өкмөт башчысынын аракетинен жартылуу майнап чыгып жарытып жиберине коомчулук анча чоң ишеним кылган эмес болчу. Бирок бара бара коррупцияга каршы туруу олуттуу мүнөзгө өтүп премьер-министир эч кимди–жакын кишилерин да, саясатта бир көз карашта болуп жүргөн эски соратниктерин да (айрыкча 1986-жылы 14-декабрда Улуттук өнүгүү министри Те Ченг Ван түрмөгө түшкөндөн соң) аябастыгына элдин көзү жеткенде 1960-жылкы Актыдан натыйжа чыгары боюнча эл ичинде үмүт оту жана баштаган эле. Акыры бийик кызмат ордун ээлеп турган министирлер түрмөгө салынып, айрым арты таза эмес чиновниктер кара башын калкалап чет өлкөгө кача баштаганда бурулуш учур келип жеткенине коомчулук ишенген болчу. Бизде дагы азыркы ошол 1960-жылкы Актыга байланышкан тарых кайталана баштаганын көрүүгө болот. Сингапурдагы көрүнүштүн айрым симптомдору ачык айкын байкала баштады. Айрыкча президенттин аппаратынын башчысы Данияр Нарымбаевдин үстүнөн иш козголуп соттко ашырылганы чиновниктер ээлеген кызматына карабай эч кимисине аё болбостугунан кабар берип турат. Четине жылып кача баштагандардын да катары көбөйдү. Мисалга алсак Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, акыркысы Камчыбек Ташиев. Ошентип артка кайтууга жол жок экенинине көзү жеткен коомчулукта ишеним арта баштаганы кадиксиз. Бир сөз менен коррупцияга каршы күрөш мүчүп токтоп калбастыгы, артка чегинип кетүү чекитинин чегинен өтүп кеткен учур келип жеткени айкын болуп калды деп тартынбай айтууга болот.
Азыркы тапта бийликке каршы келишпес ошону менен катар кубатуу оппозициянын катарын коррупцияга малынган деп шектелген, же болбосо алдым-жутум менен айыпталып иштери сотто каралып жаткандар, болбосо эртедир кечтир кылтакка илинерин сезип эрте күндө куйрук шүйгөн артык деп чечишип чет элге качып кеткендер түзөт. Алардын авангардына алдым жутумдугу ашынгандыгы үчүн эл жек көрүндү болуп кубаланып кетип Минскиде Беларусь президенти Лукашенконун колтугун башын каткан экс-президент К.Бакиев жана үйбүлөсүн киргизүү керек. «К.Бакиев жана Ко» кубатуу финасылык ресуртарга ээ. Алар бийликти жер жеберине жеткире сындаган, бирок кызмат бере койсо ошо замат оозуна кум толтуруп алгансып унчукпай калган утурумдук оппозиянын (системдик эмес оппозиция) кубулма өкүлдөрү эмес. Системдик (структуралашкан) жана келишпес оппозиция.
Адат катары оппозиция менен бийлик бири бири менен сөөк өчтү душман эмес. Себеби алардын максаттары бирдей—элдин бардар жашап кетишине, өлкөнүн социалдык- экономикалык жагынан өсүп өнүгүшүнө кам көрүү. Мындай максат ачык айтканда ич ара тымызын баш кошуп монолитүү күчкө айланган коррупцияланган оппозицияда байкалбайт. Алар бүткүл саясый күчүн, финансылык ресурстарын бийликти, тагыраак айтканда аларды алдым-жутум менен айыптап аларга каршы тургандарды жаманатты кылгууга багытташкан. Азыркы бийликтин легитимдүүлүгүн жокко чыгаруу башкы максаттары. Аларды бийликтин тандап алган саясый багытына каршы турушкан топ десе болор эле
Оппозициянын лидерлеринин бири азыркы кезде иши сотто каралып жаткан Ахматбек Келдибеков экени жашыруун эместир. Анын максаты укутук мейкиндикте аракет кылып сотто акталып чыгуу менен чектелбестиги, башкысы азыркы бийлик режимин каршы күрөшүү жана «жаңы» бийлик системасын орнотуу болуп калганы белгилүү. Миллиондогон акчалар жумшап сатып алган митингичилер, коррупцияланган соттор, кол баласындай болгон сандаган массалык маалымат каражаттары, жалданып алынган пиар-адистер, А.Бекназаров сыяктанган караөзгөй «коомдук адвокаттар», А.Келдибековко боор тарткан «коомдук ишмерлер», эксперт-политологбуз деп өздөрүн өздөрү атап алышкан профессионалдык ушактологдор, а түгүл Т.Үмөталиева сыяктанган НПОнун ажаан «ишмерлери», ОБОН ж.б. ишке тартылган. Мындай кубатуу күчкө туруштук берүү оңойго турбастыгы өзүнөн өзү белгилүү. Коррупцияга күрөштө темирдей саясый эрк талап кылынары ошону менен бирге ал чоң сыноодон өтүшүгө аргасыз экендигин жокко чыгарууга болбойт.
Чет жерге барып баш пааналагандар б.а. бийлик режими алмашканча чет жерде күтүп турууну артык көрүшкөн качкын-оппозиционерлер да кол куушуруп отуруп калышкан жок. Алар дагы коррупцияга каршы күрөш жарыялаган бийликти жаманатты кылууга колдон келген өз аракеттерин жасап, өз салымдарын кошуп жатышат. Айрымдарынын капысынан эле жазуучулук таланты бар экени ачыкка чыкты. Мисалы экс-президент Курманбек Бакиев «Боль, любовь и надежда: мой Кыргызстан», Мелис Мырзакматов «Мен издеген чындык», Садыр Жапаров «Саясатка аралашкан он жыл» деген олчойгон мемуарларды жазып ташташты. Алардын жалаяктай жалаага жана катын ушакка шыкалып толгон китептерин Кыргызстандагы журналист-резиденттери менен алардын жергиликтүү «куйруктары» жерге сууга тийгизбей мактап төбөсүнө көтөрүп жатышкан кездери. Асресе, коомчулукта Курманбек Бакиев, Мелис Мырзакматов жана Садыр Сапаровдун мемуардык демарштары алыска качып барышып, кол жетпес жерде туруп алышып «насыя» кысым кылган бийликти какылдап каргап жаткандай болгон иренжиткен таасир калтырууда.
Мурда кийин жогорку кызматта иштеген чиновниктер армиясына каршы көптөгөн кылмыш иштери козголушу, депутаттардын айрымдарынын түрмөгө салынышы коррупциянын деңгели төмөндөп минималдаша баштаганына күбө болуп бере алабы? Чындап эле антикоррупциялык күрөш паракорлук менен алдым-жутумдукту азайтууга алып келдиби? Мамлекеттик чиновниктердин ичинде алдым жутумдуктан тазалануу процесси башталдыбы? Мамилекеттик чиновниктер тарабынан атайылап коррупциялык кырдаал түзүү адаттары–«клиенттерди» алакан кубантууга аргасыз кылган бюрократиялык тосколдуктары түзүү өнөкөттөрү азайдыбы? Азырынча, тилекке каршы, бул суроолорго «ооба» же «жок» деп так кесер жооп берүү кыйын.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.