«Оозурган кыз оозурбаган кыздын бетин тырмайт» же «Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат»

Автор: uson-kasybekov, July 24, 2012

Гезит жазмакерлери журналист кесибин катын ушак менен бет тырмарлыкка айлантып алышты, ошондуктан прессага, төтөн кыргыз тилдүү прессага теңелип да, эрегишип да кажети жок, өзүңө эле зыян дешип бекеринен айтышпаса керек.  ММКнын бутасына илинген саясатчылардын көбү азыр «кербен жүрө берет, ит үрө берет» деген кулак жапырма позицияга өтүшкөн. «Жаткан бок жата берсин, тийип кереги жок, тийген сайын сасыйт» эмеспи дешет. Тилекке каршы, мындай келишүүчүлүк бейчээки позиция ММКнын ээленип кетишине, эсирип кетишине алып келди. Бул болсо–канткен күндө да жөрөлгөлүү көрүнүштөрдөн эмес. Түбү жакшылыкка алып келбеси анык. Сыягы тайраңдаган масс-медианын акыры РФдагыдай болуп «Клевета» (ушак, чагым) жөнүндөгү» мыйзам кабыл алуу менен аяктачудай көздөнүп турат.

Адегенде Kyrgyztoday Интернет-ресурсунда «Ө.Текебаевди Ө.Бабановдун жансакчысы сабап салыптыр» («–ыптырында» эле бир мандем бар) деген макала жарыяланганын Баракелде сайты билдирген эле. Көп узаган жок, ошол эле Баракелде «Ата Мекен» партиясынын пресс-кызматынын «Ө.Текебаевди Ө.Бабановдун жансакчысы сабады деген маалымат чындыкка туура келбейт» деген төгүңдөөсүн өз бетине жайгаштырды. Ошону менен иш тамам болгон сыяктанган болчу. Бирок, антпептир. Kyrgyztoday  «Өмүрбек Текебаев чындыкты калп дегенге кантип оозу барды?» (Бул жерде Ө.Текебаевдин кандай тиешеси бар дейсиң? Kyrgyztoday эгер, каяша кылып кайрылгысы келип калса, анда өз дарегине–партиянын пресс-кызматына кайрылышы керек эле) деп шүйшүнүп барып беттен алган жана бир макаласын басты.

Каплеттен Kyrgyztoday менен «Ата-Мекендин» пресс-кызматынын акыйнегине дагы бир Ө.Текебаевдин турнигине эчактан бери асылып жүргөн «Алиби» деген «желтуха» кыпчыла калып жатат

Эки тараптын талаш-тартышы боюнча материалдарды, аларга “кыпчымаларды” чыпчыргасын коротпой толугу менен көрсөтүү максатка ылайык келээр. Ар ким салыштырып талдап көрүп бир тыянакка келгени жөндүү эмеспи. Материалдар хронологиялык тартипте жайгаштырылды.

Материал:

Ө.Текебаевди Ө.Бабановдун жансакчысы сабап салыптыр

20 июль 2012, 10:40

Баракелде – Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жакында эле Түштүк Кореяга болгон иш сапары ийгиликтүү аяктаганын расмий булактар шардана жарыя кылышкан. Ал эми биздин ишенимдүү булактар билдиргендей бул иш сапарынын айрым бир одоно фактылары коомчулуктун көз жаздымынан жашырылып калыптыр. Бул тууралуу Kyrgyztoday сайты 20-июлдагы санында жазат.

Сайтта жазылгандай, көптөрүнө токтолбой эле бирин айталы. Биздин делегация кайра Бишкекке кайтканда алар Түштүк Кореяга минип барышкан президент Алмаз Атамбаевдин самолетунда мушташ чыккан. Мушташ самолеттун ичиндеги, ВИП салондордогу орунду талашуудан башталган. Көпчүлүк  биле бербесе керек президенттин самолету төрт бөлүктөн турат. Биринчиси, президенттик салон, экинчиси өзгөчө маанилүү инсандар үчүн, үчүнчүсү да ошондой бирок адатта бул салонго депутаттар олтурушат. Ал эми төртүнчү салондо делегацияны узатып жүргөн аппарат кызматкерлери, журналисттер, бизнесмендер жайгашат. Сеулдун аэропортунда, самолетко олтуруу учурунда, премьер-министр Бабанов президенттик салонго кирип кетет. Андан кийинки өзгөчө маанилүү инсандар үчүн салондон бир орунду Өмүрбек Текебаев менен премьер-министрдин бир кездеги мектептеги классташы, азыркы жан сакчысы Нурбек деген жигит экөөсү талаша кетишет. Көрүп тургандардын айтуусунда Өмүрбек Текебаев «барчы ары, сен ким экенсиң?» деп премьердин жан сакчысын түртүп жиберет. Ачуусу келген Нурбек мырза спортсмен эмеспи Өмүрбек Текебаевди сабап кирет. Жанында тургандар араң ажыратышып, экөөсүн эки жакка бөлүшөт. Текебаев мушташып жатып ошол өзгөчө маанилүү инсандар үчүн орундун бирин алат, бирок кабагы түйүлүп эч ким менен сүйлөшпөй коёт. Ал тургай премьер-министр абалды жеңилдетиш үчүн президенттик салондо сыйлагысы келип чакырса да  кашайып барбаптыр.

Ага чейин өкмөттүн 100 күндүк отчетун парламентте колдоп, премьер-министр менен дос боло баштаган Өмүрбек Текебаев Түштүк Кореядан кайтып келери менен өкмөттү отставкага кетирүү боюнча кол топтой баштайт.

Жогоруда айтылгандардын баары ишенимдүү булактардан чыкканын эскертүү менен биз эки маселеге көңүл бурмакчыбыз. Биринчиден, Өмүрбек Текебаев бул катардагы карапайым киши эмес, мамлекеттик статусу бар киши. Ошондуктан бул кишинин ар бир кадамы коомчулукка алаканга салгандай көрүнүп туруш керек. Ошол эле учурда мындай аттуу-баштуу кишини билеги күчтүү бирөөлөрдүн сабап коюшу жаап-жашырылбашы керек жана өзүнүн укуктук баасын алууга тийиш. Анан дагы мамлекеттик чечимдер, анын ичинде өкмөттүн отставкасы да саясатчылардын жеке мамилесине, эмоцияларына байланбашы керек.

Булак : Баракелде

http://barakelde.org/news:32485/

Төгүндөө:

Ө.Текебаевди Ө.Бабановдун жансакчысы сабады деген маалымат чындыкка туура келбейт, – «Ата Мекен»

23 июль 2012, 13:02

Баракелде – www.kyrgyztoday.kg сайтынын «Депутат Өмүрбек Текебаевди премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жансакчысы сабап салыптыр», деген маалыматы чындыкка дал келбейт, деп билдирет «Ата Мекен» фракциясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, июнь айында Өмүрбек Текебаев Түштүк Кореянын Сеул шаарынан өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен бир учакта учуп келгени чын. Салондо депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, журналисттер жана бизнесмендер болгон. Бирок, аталган сайтта жазылган маалыматтар чындыкка жатпайт. Андай инцидент (мушташ) болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес, деп белгиледи басма сөз кызматы. Ошондой эле, алар жарыяланган маалыматтардан улам, ошол делегациянын айрым мүчөлөрүнө тактоо ниетинде кайрылышкан.

Экономика жана антимонополиялык саясат министри Темир Сариевдин айтымында, алар өкмөттүк делегация менен Сеулдан кайтып келе жатканда Өмүрбек Текебаев менен бир учакта учуп келишкен. Ал ден соолугуна байланыштуу ал жакка барган экен. Самолеттун салонунда өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, ММК өкүлдөрү жана бизнесмендер бар болчу. «Биз мушташ же чектен чыккан эч кандай нерсени байкабадык. Тескерисинче, баарыбыз жайдары, жол бою баарлашып учуп келгенбиз», – деди министр.

«Айат» гезитинин башкы редактору Балбак Түлөбаев «Түштүк Кореядан бир учакта учуп келгенбиз. www.kyrgyztoday.kg сайтында жарыялангандай окуяны көргөн да, эшиткен да эмеспиз. Эгер бир шыбыр байкалса эле, биринчилерден болуп, биз – журналисттер жазып чыкмакпыз. Өзүңөр билесиңер, кенедей бир окуя болсо да массалык маалымат каражаттары андайдан кыя өтмөк эмес», – деди.

«Ата Мекен» фракциясынын басма сөз кызматы аталган сайттын маалыматтын жалгандыгын эске албай, сенсация кубалоо аракети менен адамдын кадыр-баркына шек келтирүү катарында баалай турушкандыгын билдирди.

Булак : Баракелде

http://www.barakelde.org/news:32418/

Ага жооп:

Өмүрбек Текебаев чындыкты калп дегенге кантип оозу барды?

23.07.2012 17:31

Жума күнү биз ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаевдин Сеул аэропортунда самолеттун ичинде премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Нурбек аттуу жан сакчысынан муш жегенин жазган элек. Бул маалымат тыкыр такталган маалымат болчу. Бүгүн болсо «Ата мекен» партиясы мунун баарын калп деп маалымат таратты. Биздин оозубуз ачылып, эмне айтарыбызды да билбей калдык. Жыйырма жылдай чындык , акыйкаттык, ачыктык, сөз эркиндиги, адам укугу  деп кыйкырып келген кишинин бул чындыкты танып киргенине таңбыз. Бизден уялбаса да бул чырдын күбөлөрү болгон  Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиевадан, парламенттеги «Республика» фракциясынын ошол кездеги лидери Канат Исаевден, премьер-министрдин эки жан сакчысынан жана экономика министри Темир Сариевден уялса болот эле. Баса, «Ата мекен» партиясынын бүгүнкү билдирүүсүндө министр Темир Сариев менен журналист Балбак Түлөбаев да мындай окуя болбогон деп күбө өтүшүптүр. Журналист  Балбак Түлөбаев өзгөчө маанидеги инсандар (vip) олтурган салондо болбогондуктан көрбөй, укпай  калышы мүмкүн. Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Бабановдун жан сакчысы Нурбекти арачылайм деп ортого түшүп жатып кокустан муш жеп калган министр Темир Сариев кантип унутуп койгонуна да таң каласын.

Биз дагы бир жолу эскертебиз, бул маалыматты учактын ичинде болгонун  окуянын күбөлөрүнөн алганбыз жана биз изилдеп көрүп, чындыгына көзүбүз жеткенден кийин гана жарыялаганбыз.

Kyrgyztoday

http://kyrgyztoday.kg/kg/koom/item/4776-%D3%A9m%D2%AFrbek-tekebaev-chyindyiktyi-kalp-degenge-kantip-oozu-bardyi?.html

Кыпчылма:

Ө.Текебаев менен Ө.Бабановдун жансакчысынын мушташуу имишине дагы версиялар кошулду

24 июля 2012 года

Депутат Өмүрбек Текебаев Кореядагы Ө.Бабановдун иш сапарына барып келгенден кийин эле өкмөттү кетирүү боюнча кол топтоп баштаганынан көптөрү шектенишкен, деп жазылат «Алиби» гезитинин24-июлдачыккан санында.

Себеби, Бабанов экөө бир туугандардай ынак болуп, а түгүл Ө.Текебаев өкмөттүн 100 күндүк программасын апендинин кызындай мактап да жиберген.

«Көрсө, иттин өлүгү Түштүк Кореяга сапар алып бара жатканда Бабановдун классташы, жансакчысы болуп жүргөн жигит менен Текебаевдин мушташында болгон жерде көмүлүп калыптыр. Маалыматка караганда, Ө.Бабанов тик учактын президенттик блогуна кирип кетиптир. Бери жакта дипломатиялык блокто Текебаев менен Бабановдун Нурбек деген жансакчысы орун талашып, Текебаевдин өктөм мамилесине кыжырданган тиги олбурлуу неме Өмүкөңдү жакшы эле муштап ийди дейт», — деп жазат гезит.

Ал жерде экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев, Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева жана депутат Канат Исаев болгон экен.

Гезитте жазылгандай, Т.Сариев ортого түшөм деп бир муштум жеп алыптыр. Ал эми Койсун Курманалиева арачаласа жансакчы аны ашата тилдептир. Көпчүлүктүн алдында уят болуп калган Текебаев уктаган киши болуп, Бабанов чайга чакырса дагы барбай коёт. Келери менен жеке кегин мамлекеттик чууга айлантып, өкмөттү кетирүүгө кол топтой баштайт.

«Көп өтпөй бул маалымат ММКларга жарыялана баштаганда буга ачууланып, Текебаевдин каарына калганын сезген Бабанов жакында эле кызматынан айрылган Канат Исаевди чакырып алып, «эмне эле ич күйдүлүк менен маалыматтарды чыгарып жатасың? Эми Текебаев биздин түтүнүбүздү чыгарат. Лидерликтен кеткениңе ичиң күйүп, маалыматтардын барын четинен гезиттерге берип жатасың. Акмак экенсиң», деп нааразы болуптур», — дейт гезит.

Анда кошумчалангандай, маалыматтын башка каналдан чыкканын Бабанов кайдан билсин. Ортодо таң калган Исаев маалыматты чыгарбаганын айтып актанып жүрөт дейт. Ал эми бул окуя ММКларга жазылганга чейин Бабанов менен кайра тил табышып алган Текебаевдин эски кеги кайра күчөп, жакында кайрадан өкмөттү кетирүү демилгесин көтөрүп, Бабановду күзгө чейин кетирүү керектигин айтып жүрөт дейт.

http://www.barakelde.org

Үсөн Касыбеков

Комментариев: 4

Тобо кылдым, жазат десе эле жаза беришет да. Текебаев эле урдуруп коюп карап отурат экен да ээ? Кичине чындыкка окшоштуруп жазбайсынарбы? Бул маалыматка эч ким ишенбейт. Кыргыз тудей деген озу не болгон сайт?

Автор: Жаран, дата: Tuesday July 24th, 2012 05:50 AM. Reply #

Жаран, бул сайт экс-депутат, акжолчу Бегалы Наргозуевдики да. Текебаев менен кастыгы бар окшойт ал кишинин. Суйлогон созунон байкоого болот.

Автор: Азамат, дата: Tuesday July 24th, 2012 05:53 AM. Reply #

Kyrgyztoday сайты ушакчылык чагымчылык жалган жалаа жазгандан башка жумушу жок окшойт. Журналист деген кесипти булгап бутушту ушул сайтын жана башка ушуларга окшогон арам тамак журналистер. мен билгенден алибинин Бабыр (дабдыр) чал баштаган Адилетке окшогон журналистери, мекендештин Дайыр деген бокмуруну анан ушул Kyrgyztoday сайты Текебаевден баKyrgyztoday сайты ушакчылык чагымчылык жалган жалаа жазгандан башка жумушу жок окшойт. Журналист деген кесипти булгап бутушту ушул сайтын жана башка ушуларга окшогон арам тамак журналистер. мен билгенден алибинин Бабыр (дабдыр) чал баштаган Адилетке окшогон журналистери, мекендештин Дайыр деген бокмуруну анан ушул Kyrgyztoday сайты Текебаевден башка кылчуу иши жок болсо керек. Акаев , Бакиев бийлиг эч нерсе кылалбаган ушул бок басарлар колунан бир нерсе келеби?! Булар баары арзымат жуугунду корсо куйругун шыйпандаткан итибайлар да. Ушундай кумалактардан журналист журчулугу тазаланбасанар элдин пикири силерге жакшы эмес.

Автор: эштек, дата: Tuesday July 24th, 2012 06:32 AM. Reply #

Усон байке ко-оп жылдан бери журналистиканын казанында кайнап, бир топ тажырыйбасы бар. Ага жолугуп калганда ушул ушакчы гезиттерге нааразчылыгын билдирип келуудо. Анан отуруп алып мен да Усон байкеге кошулам: Усон байке ушул “ушак” жанрын Асаба гезитинде жургондо силер баштадынар эле деп. Анда Усон байке: бирок, биздики мынчалык денгээлде эмес чындык аралаш болчу, бирок, аны жеткиликтуу денгээлде бергенге аракет кылчубуз дейт. Бирок, мен айтат элем кандай болгон кундо да идея Асабадан жуккан деп. Себеби, ошол кезде элдин бардыгы жата калып Асабага чыккан ушагы-чын аралаш макаларды жата калып окуп, тим тамашанып журналисттерге баа бергени башка жаныдан чыгып келаткан чалагайым журналисттер учун “бренд” болуп аны оздоштуруп кетти. Баш ал десе борк алган кыргыз гезиттериндеги журналистика ошентип тез аранын ичинде ушакчыларга айланып жатып калды.

Мунун дагы бир себеби бар: материалдык. Бийликке келген же, бийликке келе албай жургон саясатчылар бирден-экиден гезиттерин ачып 4-5 журналист ала коюп оз саясатын жургузмой адатка айланды да калды. Айла жок акча учун кандай болгон кундо да ар кимди жон жеринен жамандоо, эч кандай факты, далили жок. Бир жактуулук куч алды. Мындан улам журналистиканын денгээли ото эле ылдый тушуп, кочо катындарынан айырмасы жок болуп калышынан улам оз окурмандарынан кол жууду. Азыр кыргыз гезиттеринин нускасынын которулбой жатканы ушундан. Окурмандарынын ишеничине кеткенинен кийин ага кайтып келуу бир топ машакатты жаратат.

Ишеничке татуу учун азыркы учурда журналитстиканнын эл аралык стандарттарына кируу мезгилдин талабы деп эсептейм. Мындан башканы коро албай турам. Ал учун баягы эле каражат маселеге барып такалат. Ошол себептен 3-4 гезит керек болсо, 10 гезит биригип бир гезитке айланып, чыныгы журналитсиканын нормаларын сактоого аракет жазаса окурмандардын ишенимине кирип баягы Асабанын жолун басышы мумкун. Болбосо 2-3 мин нуска менен чыгып жаткан гезит коомдо кандай пикирди жаратмак эле, жарата албайт. Кыргызстанда саясий маалыматтарга кызыккан окурмандардын саны 10-15 мин гана окурман бар деген маалыматтар бар. Эгер ошол чын болсо ошол окурмандарды гана талашуу менен алектенип журушот.

Андан кийин журналистика факультеттеринде окутуучулардын билим денгээлин жогорулатуу керек. Айрым сутеденттердин суроолоруна жооп бере албаган мугалимдер бар. Андан кандай студенттер чыгат? Мындан тышкары заманбап журналистиканы окута турганга материалдык, техникалык база жок. Журналистика муно сайын онугуп турган убакта илгерки саргарган китептерди окутуунун деле кажети жок. Мына ушул эн факторлордун себебинен ушакчы гезиттердин саны осту. Бирок, азыр ушакчы гезиттер оздорун бага албай калып, ал гезиттердин кожоюндарынын акчасы тугонуп, гезити коомчулукка пикир жарата албай калган кундор келип жатат. Айрым гезиттер жабылып, азая тушту. Ошентип отуруп ушакчылар азайышы мумкун…

Андан кийин гезиттеги “чебер ушакчы” журналисттер интернетке жабалктап кирди, Баракелде менен Кыргызтудей. Кыргыз тилдуулордон андан кийин “Гезиттер орг” кыргыз гезиттериндеги ушактардын бардыгын орусчага которуп турат. Эми ушак жанры интернетке онугуп отуруп, ушул эле гезиттердин кебетесин кийээри турган иш. Ага мен жуз пайыз кепилдик берем.

Журналистика факульетинде окугандар… жакшы окуйбу же жаман окуйбу эл аралык журналистиканын нормаларын билишет. Тероиялык жактан болсо дагы… Бирок, аны практикага ашырайын десе бир дагы ЖМК жок болуп ошондон жапа чегип урдум деп кетип калгандар мындан коп… Муну менен айтайын дегеним филологдор, тарыхчылар журналистика чойросуно келет. Андан дагы жетекчи болуп отуруп алгандардын алдына барсан олдун да калдын… Бир жактуу караламай же мактамай деген гана чек бар. Андан башканы дагы тушунгусу келбеген редакторлорубуз бар. Аларды атоонун озу дагы туура болбой жатат. Мына ушул сыяктуу койгойлор журналистиканын кадырырын кетирип, “4-бийлик” аталган журналистиканын бугунку абалы кочодогу ОБОН айымдардан айырмалана албай калды.

Дагы бир нерсени унутуп баратыптырмын: азыркы гезиттеги журналисттерди “комнатный” журналисттер деп атайт элем. Эмне дегенде эшикке чыгып ар кайсы жактан маалымат топтошпойт. Бир боломнун ичинен чыгышпайт. Анан кантип элге ишенимдуу маалыматтар жаралсын. Буга дагы бир себеп бар. Мисалы, бир гезитте 4-5 журналист болсо ар бирине 4-5 бет тапшырама берет бир жуманын ичинде толтурушун керек деп. Ал бир маалыматтын артынан журууго да жана эки жактуу кылып берууго дагы убактысы чектелуу. А эгер бир маалыматтын артынан тушо турган болсо калган 3-4 полоса материалы калып калат. Мына ошентип журналистиканын кедерин кетирууго акча каражаты туртку болуп жатат.

Автор: Улукбек Кутманбаев, дата: Monday August 6th, 2012 12:42 PM. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.