Ирип-чирип кеткен сот же сот реформасынан майнап чыгабы?

Автор: uson-kasybekov, July 16, 2012

«Оозурган кыз оозурбаган кыздын бетин тырмайт»

Ирип-чирип кеткен сот же сот реформасынан майнап чыгабы?

«Алиби» кезитинин кожоюну Бабырбек Жээнбеков-мурза жылаан чакпай, жылкы теппей эле күндөрдүн бир күнү К.Момоконов, М.Рахманкулов, З.Бактыбаев, Н.Мамытова, Н.Бөдөшева жана мени, У.Касыбековду кызматтан айдап жолго салды да койду. Биз ага деле «макул» дедик, таарынган жокпуз. Мындай иштер кыргыз журналистикасында кадыресе көрүнүш болуп кеткен. Б.Жээнбековко жакпай калган окшобойбузбу. Буга чейин Рыскелди Момбеков баштаган журналистерди кезиттин кожоюну Бабырбек Жээнбеков кубалап жиберип бизди кызматка алган—казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса демекчи.

Анан эле күндөрдүн бир күнү редакцияга үч айдан берилбей жаткан айлыгыбызды (расчетту) алалы деп барып калдык.  Турар деген Бабырбектин бухгалтер досу тил кат даярдап коюптур, ошого кол койгондон кийин айлыгыбыз колго тийет экен, болбосо жок, «айда пошел айтканың ошол». Ал жапрак кагаз менен учкай таанышып көрүп кол койгон киши кысчу жерди кысып мындан ары «Алибеге» бир кылапат келтирбей анын кожоюну Бабырбек-мурзанын алдында жорголоп туруу милдетин алат  экен. Мындай тири укмушту күтпөгөн биз адегенде башка чапакандай алдырай түштүк. Нааразы болдук. Кой, мыйзамдуу жол менен айлыгыбызды өндүрүп алалы деп чечип 1011-жылы, 16-февралда Биринчи райондук сотуна арыз жазып жатпайбызбы. Балекет ушу жерден башталды. Көрсө маңдай тер менен тапкан айлыгыбызды доолап алууга биздин укугубуз жок экен. Андай укук бизге ыйгарылбаптыр.

Ошентип «оозурган кыз оозурбаган кыздын бетин тырмамай» башталды. Биздин арызга каршы «Алиби» кезитини учредители аталган, Б.Жээнбековдун  экинчи катыны, Т. Абрасулова деген биз эзели тааныбаган неме тосмо доо арыз жазыптыр. (Жада калса Т.Абдрасулованын «Алиби» деген сөз эмне экенин билбегени соттун жүрүшүндө былтыйып чыгып калып жатпайбы. Анткен менен «гениальный юрист», ошону менен жанда жок какылдак  «журналист» Б.Жээнбековдун кезити катталган катыны болуп жатпайбы. Оңой статус эмес. Толгон токой «тосмолор» Б.Жээнбековдун юрдикалык «фабрикасынан» өндүрүлүп жатканы алаканга салгандай айкын. Эски малдын көзүндөй болуп ой-тоону оттогон стили ошонуку). Тосмо доо арыз туташ бет тырмарлыктар, жалаяктай болгон жалаа жабуулар менен шыкалган экен. Мен, мисалы Т.Абрасулова (Б.Жээнбеков) тарабынан момундай «мүнөздөмөгө» татыдым: «Жоопкер Усен Касыбеков “Алиби” гезитинин үстүнөн доо берип, бир нерсе талап кылышка акысы жок адам. Ал редакциянын штатында турган кызматкер эмес, аны жумушка алуу жөнүндө буйрук болгон эмес.

Эгерде ал кайсы бир башкы редакторлор менен тил табышып, макулдашып, макалаларды жазып, жарыялап жүрсе, ал алардын ич ара мамилеси. Бирок, “Алиби” гезитинин түзүүчүсү катары мен У.Касыбековду гезиттин штатына киргизүүгө, кызматка алууга эч качан макулдугумду берген эмесмин жана бул тууралуу ортодо эч кандай сөз болгон эмес. Эгерде, Y. Касыбеков кызматкер катары гезиттин штатында турса ал социалдык фондго, налог инспекциясына төлөгөн төлөмдөрүн, аны кызматка алуу тууралуу буйрукту көргөзө алар бекен?

Y. Касыбеков мен билгенден өзгөрүлмө, бир позицияда турбаган, жакшылыкка жамандык менен жооп берген сатылма адам. Ал андай позициясын “Агым” гезитинде иштеп журуп, “Кыргыз Туусуна” кире качканда ачык керсеткен. Мен бул сөздөрүмдү кайсы жерде болбосун далилдеп берууге даярмын жана ошол себептен У.Касыбековду өз гезитиме кызматкер кылып алганча, гезитти жаап коюу мен учун бир топ оңтойлуу болмок.

Экинчиден, 2010-жылдын август-сентябрь айларында “Алиби” гезитинин эмгек жамаатынын атынан деген шылтоо менен документтер топтолуп, “Алиби” гезитинде эч качан иштебеген Усен Касыбеков “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамды алууга көрсөтүлүптүр жана алыптыр. Ушул убакта У.Касыбековдун эмгек китепчесинде “Алиби” гезитинде иштеген деген жазуу бар экендигин да угуп жатам. Бул жазуунун кайдан пайда болуп, кимдер алдамчылык (мошенничество) жол менен жасагандарын тергөө органдарына билдирсем териштирип берет деген ойдомун, ал эми эмгек китепчесиндеги жалган жазууну, эмгек жамаатынын чогулушунун протоколун жана алардын негизинде алган “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер” наамын жокко чыгаруу соттун ыйгарым укугуна кирет деп ойлойм».

Кыскасы Т.Абдрасулова айткандай мен эл аралык масштабдагы Остап Бендер, Березовский, Мавродинин деңгелиндеги «мошенник» болуп чыга келдим да койдум. Эмгек китепчеге жазууну «мошенниктик» жол менен жаздырыптырмын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамды «мошенниктик» жол менен алыптырмын, «Агым» деген кезиттен ( өмүрү иштеген эмесмин «Асабаны» айтып жатат окшойт, бул бечера ) «Кыргыз Туусуна» кире качып эки жүздүүлүк кылып жиберген экемин, салык төлөбөй качып жүрүптүрмүн, кыскасы мени төргөө органдары түрмөгө салууга «бышып жеткен» адам болуп чыгам. Т.Абдрусулованын жазганын окуп алып 40 жыл журналистикада жүрүп, көп кезиттерде иштеп, сандаган макаларды жазып «мындай мошениктик талантым» бар экенин эмдигиче билбептирмин десең, тобо. Өлөрмандыгы өтүшкөн Т.Абдрасулова (Б.Жээнбеков) дагы бир «мошениктик» жагдайды унуткарып жазбай кетиптир: мен А.Акаевдин тушунда мамлекеттик мүлк фондусунун башчысы «учредителдин» кара чечекей өгөй баласы Равшан Жээнбековдун орун басары болгом. Ошондо экөөбүз «прихиваташтырууну» пайдаланып ушунчалык маарыдык дейсиң, жомоктогудай байлык топтодук. Башкасын айтпаганда сандаган бала бакчаларды наристелерди ыйлатып туруп менчиктеп алганыбыз канчага тете дейсиз. Иштин бул жагы да Т.Абдрасулова (Б.Жээнбеков) тарабынан унутулбай тергөө органдарына берилиши жөн. Баса, мен «Ата-Мекен» партиясынан парламентте депутатымын, жөн жүрбөгөнүм үчүн Ө. Текебаев деген неме партиядан да, фракциядан да кошоктоп туруп чыгарып таштады. Текебаев эми көргүлүктү көрөт. Андан сырткары 1917-жылы В.И.Ленин октябрь революциясын жасады деп жүрүшпөйбү. Туура эмес, мен жасагам, Равшан Жээнбеков экөөлөп туруп жасап койдук дейсиң, бети курусун. Эмки сотко жазган дооматында Т.Абдрасулова (Б.Жээнбеков) ушуларды да унутпай эскербесе болбойт, тузу кем калат. Мага берилген президенттин наамды президент эмес Т.Абдрасулова (Б.Жээнбеков) чөнтөгүнөн чыгарып берген, ошондуктан кайра алып коём деп жатканында деле эч чекилик жок.

Кызыгы кийин башталды. Мени Биринчи май соту А.М.Сатарова бир жарым жыл сүйрөп жаткан коллективдин арызынан бөлүп алып эмгек китепчемдеги жазууну жокко чыгаруу боюнча Т.Абдрасулова дагы бир тосмо арыз берип калды. Арызды А.М. Тилекеева деген биринчи майдын судьясы карап мени сот процессине катыштырбай туруп эле сыртыман бычып Т.Абдрасулованын талабын канатандырган, түз эле айтайын чаап алса дагы, коррупциялык чечим алып коюптур. Ошентип ТАбдрасулованын «эмгек жамаатынын чогулушунун протоколун жана алардын негизинде алган “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сицирген ишмер” наамын жокко чыгаруу соттун ыйгарым укугуна кирет» деген Т.Абдрасулованын (Б.Жээнбековдун) «закасын» А.М.Тилеккева илбериңкилик менен ишке ашырып берди да койду. Редакциянын мага берилген №7 саясый баяндамачы деген күбөлүк, «Алиби» гезитинин чыгармачылык коллективинин «саясый баяндамачы Ү.Касыбековду “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наамды берүү боюнча талкуусунун протоколу (Тосмо доо арызын карап баксаң Т.Абдрасулова (Б.Жээнбеков) журналистер коллективин алдына салып салып айдап алган мал катары эсептейт экен) , Журналистер Союзундагы  талкуу менен президентке  “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наамды ыйгаруу жөнүндөгү сунушу, «Алибинин» бухгалтеринин  «подделкасы» ж.б. дагы толгон  токой документтерди А.М.Тилекеева уруп да койгон жок. Ошентип «Журналистика жагына сиңирген эмгеги үчүн «Алиби» газетасынын баяндамачысы КАСЫБЕКОВ Үсөмүдүн Касыбековичке «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТЫНА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР» деген ардак наам ыйгарылсын» деген буйругун Т.Абдрасулованын жалаяктай жалаасына негизденип биринчи инстанциядагы сот А.М.Тилекеева заматта жокко чыгарды да койду. Натыйжада Кыргызстанда биринчи жолу юрдикалык прецедент түзүлдү. Мындан кийин президентин чыгарган указы, буйругу, кол койгон келишимдери болобу мамилекет башчысынын колунан чыккан бүт документтердин баарын А.М.Тилеккеева сыяктанган жергиликтүү сот жарабайт деп жокко чыгарат да коёт турган болду. Кыскасы А.М.Тилекеева өзү сот, өзү бек. Президенти шайлап убара болуп кажети жок. Мындан ары А.М.Тилекееванын айтканын кылып, айдаганына басууга туура келет. Башка чара жок.

А.М.Сатарова, А.М. Тилекеева окшогондордон куралган туташ коррупцияланган, сатылма сот корпусу бар кезде, сот системасы тайраңдатып жиберген «чөнтөгү калың», караөзгөй, жалакор, «кыргыз юрпендециясынын чыгааны» Бабырбек Жээнбеков сыяктангандар дардактап жатканда  калыстык болоору кыйын. Түңүлүп койсоң болот. Булардын айтканы айткан, дегени деген болуп турганда мамилекетүүлүктөн кол жууп калышыбыз деле текейден арзан иш.

Ырас, азыр үмүттүн оту бүлбүлдөп жана баштады. Президент А.Атамбаевдин демилгеси менен эки жылдан бери ордунан козголбой келеткан сот реформасы ишке киришти. Кыргызстандагы соттор корпусу баштан аяк конкурустук негизде кайрадан тандалып алына турган болуп жатат. Асресе, келечекте элдин убалын ойлогон калыс сот корпусу түзүлөр бекен? Азырынча белгисиз. Эгер, көнүмүш болуп калган коррупция (тааныштык, жердешчилик, непотизм, паракорчулук ж.б.)  сот реформасына өз эркин таңуулай баштаса реформадан майнап чыгып жарытып жиберери кыйын. А.М.Сатарова, А.М. Тилекеева окшогондор сот болуп кайра пайда боло турган болсо, анда чачтык-уштугуңду жыйнаштыра берсең болот, мындан ары сот дегенди, соттон калыстык издегенди биротоло унут. Кара өзгөй өлөрмандардын күнү тууйт.

Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.