Чоочун короого адашып келген эчкилер кийген кейп

Автор: uson-kasybekov, July 12, 2012

Кийинки кездери «элдин ишенимин аткарбай калган парламентти» таратуу боюнча дембе дем демилгелердин көтөрүлүп чыгышы адаттагы көрүнүшкө айланып барат. Кол топтоп референдум аркалуу күзүндө кууп таратабыз дешип күйүгүп алышкандардын катары өсүүдө. Буга ЖКтин ичиндеги депутаттардын интригалары жана өкмөт менен ЖКтин карым-катышы өз ара тоталдык тирешүү ыңтайына өтүшү өбөлгө түзүп жатканын байкоого болот. Оппозициялык «Ата-Журт» фракциясынын мыкчыгерлери К.Ташиев менен А.Келдибековдордун өкмөткө эбактан бери тиш кайрап келетканы баарыбызга белгилүү. Кийинки кездери парламенттик көпчүлүккө кирген фракциялардын ичинде минстирлер кабинетинин ишине ичи толбогондор пайда болгону өкмөт үчүн жөрөлгөлүү көрүнүш боло албастыр. Кыскасы бийликтин эки бутагы бири бирин «жеп бүтмөйүн» тынчыбай калган шекилдүү.

Депутаттык мандаты жеке керт башынын кызыкчылгы үчүн пайдаланууну көздөгөндөр көп экендиги парламенттеги ички коллизялардын чыгышын шарттап жатат. Депутатка «эркин мандат» берилген, анын моюнуна парламенттик фракциялык жоопкерчилик тагылган эмес, ошондуктан ар бир депутат өз билген намазын окуганга укутуу дегендердин пайда болушу кырдаалды курчуп кетишине алып келүүдө. «Чалпоолор» адегенде «Ата-Журт», андан соң «Ар-Намыс» фракциялардын ичинде пайда болгон эле. Акырында «Ата-Мекенде» эки депутат: Ө.Абдрахманов менен Р.Жээнбековдор ойлобогон жерден тескери басышкан демарштары түйүлдүк алды. Экөөнүн мындай «демократиясы» коомчулукта кызуу талкууга татыды. Ө.Абдрахманов менен Р.Жээнбековдор «Ата-Мекенди» фракциядагы ички демократиянын сакталбаганы менен, лидер Ө.Текебаевди ашкере автотаризми менен айыпташууда. «Ата-Мекен» берки «жүдөрөөк» т.а. компромисчил эки фракциядан айырмаланып чечкиндүү кадамдарга барды да «генералдык сызыктан» тайып кеткен «бузуп жаруучуларды» адегенде партиядан, андан соң фракциядан чыгарып таштаганга чейин жетти. «Ата-Мекендин» мындай кескин кадамы Ө.Абдрахманов менен Р.Жээнбековко катуу сокку болгон экен ызааларын чыдай алышпай кыргыз тилдүү ушакчы басылмаларда, биринчи кезекте Б.Жээнбеков ээлик кылган үй-бүлөөлүк «Алиби» аттуу кезитинин беттеринде бүт болгон агрессиялык ич күптүүлүктөрүн, арыз-арманын чыгарып жатышат.

Фракциялык сепаратистерди Кыргызстандын Конституциясынын 73-статьясынын 1 пункутундагы «ЖКтин депутаты императивдик мандатка көз каранды эмес. Депутаты кайрадан чакырып алууга жол берилбейт» деген жобо тайраңдатып жатканы айкын. Ө.Абдрахманов менен Р.Жээнбеков керт башынын кызыкчылктары, саясый ич күптүүлүктөрү үчүн дептаттык мандаттарын пайдаланса болот деп чечишкени айгине көрүнөт. Асресе «эркин мандатты» ыйык тутуп аздектеген экөө парламенттик башкаруу формасы депутаттардын ишмердигиндеги айрым чектөөлөрдү шарттап турганы эске албай жатышканы байкалбай койбойт.

Парламенттик «Ата-Мекен» фракциясы менен партиясы «айда пошел, айтканың ошол» деп Ө.Абдрахманов экөөнү кууп таштагандан кийин Р.Жээнбеков жаңы партия түзгөнүн жер дүңгүрөтө жарыя кылды. Партия «демократиялык альянс» деп аталат экен. АКИpressке берген маегинде Р.Жээнбеков партиянын стртегиялык түпкү мүдөөсү Кыргызстанда укуктук демократиялык мамлекет куруу, ал эми тактикалык карманган принциби болсо башка саясый партиялар сыяктуу эле бийликке келип парламенттик башкаруу формасына колдоо көргөзүү жана анын өсүп-өнүгүшүнө, бекемделишине салым кошуу болуп эсептелерин тастыктады.

Непадам, Р. Жээнбековдун парламенттик башкаруу ситемасы деген түшүнүктүн өзгөчөлүгүнө чоң маани береринен, парламенттик республика дегениңдин өзүн жеткиликтүү аңдап билеринен шек пайда болот. Мындай күмөн-күдүктүн туулушуна «Ата-Мекен» фракциясындагы «супердемократиялык» демарштары менен саясый жүрүм-турумдары жем таштап берет. Р.Жээнбековдун жасаган иши менен айткан сөзүндөгү арасындагы алжайган ажырымдыкты көрүү кыйын эмес.

Иштин чоо-жайы эски чокойдой болуп жөпжөнөкөй. Чынчынына келгенде Р.Жээнбеков түзгөн «демократиялык альянс» партиясынын парламенттик башкаруу системасын аздектеген программмасы иш менен ырасталбаган куру эле кооз сөз. Де-факто парламенттик башкаруу формасын өнүктүрүү эмес аны тескерисинче бут тосуп кедеринен кетирүү аракети болуп жаткандыгын «Ата-Мекен» фракциясына карата акыркы кездердеги жүргүзгөн «достук» саясаты айкын күбө болуп бере алат. Парламенттик башкаруу формасы орногон өлкөдө эл өкүлдөрүнүн ишмердиги фракциялык негизде түзүлөрү башынан белгилүү. Мисалы өкмөт парламентке шайлоодо 50%тен жогору добуш алган фракция же парламенттик көпчүлүк тарабынан түзүлүшү кажет. Бир сөз менен фракциялардын карым катыштары парламенттик башкаруу формасын аныктайт. Мында партиянын парламентттик шайлоодогу программасынын ченемсиз чоң мааниге эгедер экени анык.

«Ата-Мекен» партиясынын тизмеси менен депутаттык мандатка ээ болушкан Р.Жээнбеков менен анын ашынасы Ө. Абдрахманов жылкы тээп, жылаан чакпай туруп «кара чечекей» партия менен фракциянын лидери Ө. Текебаевди өзү билемдик менен айыптап, ички партиялык демократияны сактабагандыгы үчүн сындап чыгышы коомчулукта чогол кадам деп бааланды. «Ата-Мекендин» лидерин сындашсын дешчи. Анда талаш жок. Арийне сындаганда түбөлүк бет карашпай тургандай болуп катуу кеткендиктеи алардын парламенттик башкаруу формасы жөнүндө түшүнүктөрү чектелүү экенинен кабар берет. Мисалы ашкере «либерал демократ» Ө.Абдрахманов ачуусуна алдырып жиберген экен партиянын быкыйын ачайын деген кусаматы менен «Ата-Мекендин» кассасына 100 миң доллар төгүп берип депутуттык мандатка ээ болгонуна чейин жарыялап жиберди. Асресе, ал мунусу менен партияны сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылган жок, тескерисинче өзүнүн партиялык принципти терең биле бербеген чектелгенин көргөзүп койду. Эксперттердин ичинде «партия Ө.Абдрахманов үчүн акционердик коом турбайбы, мандатты баалуу кагазга теңештирип жатканы чекилик, депутаттыгын акчага чегерип сатылып алганы анын чектелгенин көргөзөт», ошондуктан ага ыйгарылган депутаттык мандатты фракцияга тапшырып бергениң дурус дешип шылдың кылышып кетишти. Ошону менен парламенттеги шайлоодо электорат Ө.Абдрахманов менен Р.Жээнбековко эмес партиянын идеологиясы менен программасына ылайык добуш бергени эки сепаратист үчүн кур эле кеп экендиги айгине болууда. Ө. Абдрахманов эксперттердин, журналистердин мазактап жатканын караган жок. «Ата-Мекен» фракциясын каралап боктогон өнөкөтүн дагы эле болсо улантууда. «Ата-Мекен» фракциясы адегенде Ө.Абдрахмановдун демаршына тырчып кетип каяша кылган эле, анан Ө.Абдрахмановдун ким экенин түшүнгөндөн кийин жөн жайына шүк коюшту окшойт. Депутат Р.Төлөгөнов, айтмакчы врачтын справкасы бар Ө.Абдрахмановко теңелип кереги жок деген тыянакка келген шекилдери бар. Бир кезде А.Айтикеев деген журналист «Ө.Абдрахманов Манасты бандит деп атады» деп жазганда кантип эле дени карды соо кишинин оозу ушу сөздү айтканга барсын, Манас жаш кезинде «Чоң жинди» деп аталганы белгилүү, ошону айтып койсо керек, жазмакер калп айтпай каңырыш угуп алып дуулдатып жаткан окшобойбу» деген ой пайда болгон. Эми депутаттын партия менен кармашып обу жок оорсок уй саап жибергенин күбө болуп депутат Р.Төлөгөновдун айтканында кантсе чындык бар окшобойбу деп кетесиң.

Ө.Абдрахмановдун кошкурук аткан чалпоолугунун чыгышынын жөн жайын акыр аягына чейин аңдап билүү кыйын. Балким, анын аткаруу бийлигинде чоңураак кызматка илинбей катардагы депутат бойдон калганына ичи күйүп, асман чапчыган амбициясын ооздуктай албагандан улам ушундай ишке–«Ата-Мекен» партиясы менен фракциясына каршы чыгып жатпасын дейсиң. Балким, өз алдынча көз карашы жок ээрчимелиги менен партиялык тизме менен шайланган парламентте эркин депутаттык мандат абсолюттуу мааниге эмес экендигин түшүнө албай жатабы? Неси болсо да Ө.Абдрахмановдун демаршындагы ички мотивдерди так аныктоо кыйын. Ал эми, Р.Жээнбековко келсек, анын кошкурук атышынын себеби алканга салгандай айкын—төрт фракция КСДП, «Республика», «Ар-Намыс» жана «Ата-Мекен» баш кошуп коалициялык өкмөт түзүлүп жатканда өз талапкерлигин премьер-министирлик орунга көрсөтөн эле. Бирок, «Ата-Мекен» фракциясы колдобой койгону, парламентте добуш бере келгенде бар болгону үч добуш топтоп (бири өзү, экинчиси Ө.Абракманов деп билсе болор) шылдың болгонун Ө.Текебаевден көрүп, Ө.Текебаевди күнөөлөп жатканы баамдалбай койбойт. Ичи тызылдап күйгөн Р.Жээнбеков жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн депутаттык импаративдик мандатынан пайдаланып чабуулга өттү. Ачык айтканда Иудага окшогон чыккынчылык деп айтардык жорукка барды. Коомдук ишмер Эдил Байсалов адегенде эле Ө.Абдрахманов менен Р. Жээнбеков экөө «Ата-Мекендин» тизмеси менен шайланганын унутпашын «жумшак» эскертти эле, асресе, ага маани беришкен жок. Ө.Абдрахманов Р.Жээнбеков депутат болуп калышына «Ата-Мекен» партиясы менен анын лидери Ө.Текебаевдин эмгеги чоң экенин түшүнбөй жатканы көрүнбөй койбойт. Мындай кадамды элде адатта жакшылыкка жамандык менен жооп берүү деп аташат эмеспи.

Парламенттик башкаруу системасы фракциялардын карым-катышында түзүлүшү жана Ө.Абрахманов менен Р.Жээнбековдун «Ата-Мекен» партиясы менен фракциясынан чыгарылшы экөөнүн «же үйдө, же чүйдө жок» арабөк абалга алып келип такап койду. Экөө мындан ары парламенттик сеессияларда, профилдик комитеттерде фракциянын атынан сүйлөө укуктарынан айрлып кур жалак калганы анык. Ар бир жуманын бешинчи күнү өтө турган «Ата-Мекен» фракциянын жыйынына катыша алышпайт. Парламенттик комиссияларына фракциянын атынан мүчө болуу шайланышы да кыйын болуп калды. Партиялык тизме менен шайлангандан кийин башка фракцияларга барып кошулууга тыю салынган. Парламенттеги фракциялардын сепаратистери баш кошуп депутуттык топ түзүү аркетин жасап көрүштү эле– ал да болсо майнапсыз аяктады. Баарынан жаманы шайлоочулардын кабыл алып алардын арыз-муңун угуп суудан кечирүү мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү болуп калганында турат. Демек, толук кандуу мандатка ээ депуттар катары шайлоочулардын урмат-сыйына татыктуу боло алуудан каңтарылып калыщты. Иренжип калган электораттын аларга боор тартып жиберери арсар. Экөө өздөрүнө өздөрү кылышты десе болор. Өздөрүнүн шыйрактарын өздөрү каап жатышат. Кыскасы, чоочун короого адашып келген эчкилердей болуп корунган кейипти кийишкени талашсыз.

Үсөн Касыбеков

Один комментарий

Айрым персоналарга токтолбостон сөз кыла турган болсок, мындай нерселердин болушу, б.а. парламентке өткөн партиялардын ич ара ынтымагынын ыдырай башташы күтүлгөн эле нерсе болчу. Партиялар кандай абалда, кантип уюштурулуп, толукталып, бекемделип жатканын баарыбыз көргөнбүз. Бул окуялар партияларга келечекке сабак болсо экен деген тилек бар.
Бирок эмки парламенттик шайлоолордо баардыгы кайрадан эле мурдагыдай болот деп божомолдосок жаңылышпайбыз. Анткени мындайдын далайын көрдүк да. Сабак алыш биз үчүн оор нерсе экен.

Автор: admin, дата: Thursday July 12th, 2012 12:40 PM. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.