Бешик терметкен журналистер

Автор: uson-kasybekov, января 16, 2013

Кыргыз журналистери саясатчылар жөнүндө сөз кыла баштаганда аларды негедир эркелетип атаганды өнөкөт кылып алышты. Мисалы Камчыбек Ташиев жөнүндө жазып жатышканды аны «Камчыкебиз» дешмейлери бар. Темир Сариевди жазганда «Темике», Топчубек Тургуналиевке келгенде сөзсүз «Топчуке» дешип кайкалап калмай адат табышты. «Фабула» гезити, мисалы, 15-январда чыккан санында Азимбек Бекназаровду «Азикең «Бийлик бул үч депутатты эртерек эле соттоп ийгиси келип жатат, бирок алардын ою ишке ашпайт», – деди»… «Азикең аларды кантип ак дегени турат? Же апрель окуясынан кийин чакалап төгүп алган абийирин, атажуртчулардын аркасы менен чогулткусу келип турабы?» деп жазды. Кандай максат менен журналистер саятчыларды тең ата кылып алышкан десең? Сөөм-сөөм болсо алардан жогору турарын билишпейби? Балким, алардын бешигин терметип жүрүшпөсүн деген дагы ойго да кетет экенсиң. Журналистердин бул ашкере «фамильярдуулугунун» түйүнүн оңой менен чечишиң кыйын. Минтип отурушса жакында алар Владимир Путинди «Вова», Геннадий Зюгановду «Гена», Барак Обаманы «Бараке» дей башташса таң калып деле кереги жок болуп калат. Карап көрсөң эч бир өлкөдө биздин журналистер сыяктанып сөз эркиндигин өз билгенинче мынчалык «терең» өздөштүргөнүн кезиктирбейсиң. Нормативдүү лексиканын чегинен чыгышпайт. Барак Обаманы Барак Обама дешип кайпактатпай эле аташат. Ыгы жок калжактап, жалжаңдап кеткендер аз. Сыпайгерчиликти эстен чыгарышпай. Биздин журналистердин элден башкача саясатчылар менен таттуу болуп колтукташып кетип жатышынын себеби алардын ички маданиятында мандем бар экенине байланыштуу окшобойбу дейсиң.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.