Кайран гана ушакчы катындар, тойус ушакчы гезиттер

Автор: uson-kasybekov, августа 21, 2012

Парламентте өкмөткө ишенбечилик көрсөтүү кампаниясы башталганы  базардагы ушакчы катындарга айланган кыргыз кезиттеринин күнү тууду. Куюшканы кыйшаңдап турган Бабановдун  ордун ээлей турган келечектеги премьерди ар кимиси өз билгенинче, б.а акылдары менен ойлом алкагынын жетишинче дайындашып чечекейлери чеч болуп жатышат. Жумуртка тууп таштаган тооктордой болуп какылыкташса кулактын кужурун алат экени түгөнгүрлөр. Анан калса биринен бири өтөт десең. Кепке-сөзгө конок берүү деген жок. Биринин сөзүн бири жулган эле кезиттер.

Асресе, болочоктогу өкмөт башчысынын элдин оорун колдон жеңилин жерден алган, иштин көзүн билген менеджердик жөндөмү жетиштүүбү, кыйрап калган экономиканы бутунан тургузуу боюнча ынанымдуу ошону менен бирге иштиктүү прогрммасы барбы,  реформатордук угуту канчалык, азыркы түзүлгөн социалдык-экономикалык, коомдук-саясый кырдаал талапкердин өкмөттүн башына барышына өбөлгө болуп бере алабы деген суроолорго келгенде  ныпым сөз жок. Ырас, бир аз жөн билгилери келечектеги премьерди дайындоодо партиялык-кландык  кызыкчылыктардын кагылышына байланыщтырышып келечек өкмөт башчысы боюнча жоромолдорун негиздөөгө аз да болсо аракет кылып жатышкандары бар. Айрымдары, атап айтсак «Алиби» сыяктанган чагым салып айгактоо менен күн өткөргөн катын ушак кезиттер далил-малили жок эле ой тоону оттогон оюн окурманга таңуулап куу чирендик кылып жатканын көрөсүң. «Алиби», мисалы: «премьердин ордун алууга кызыккандар: каржы министри Акылбек Жапаров, Экономика министри Темир Сариев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев учурда ажонун көңүлүн алууну катуу ойлонуп, 7-кабатты айланчыктап жүргөн убактары экен.

Ал эми ажо болсо мурдагы премьер-министр Амангельди Муралиевди сунуштаган экен, депуттар ага каршы чыгып, учурда башка талапкерлер каралып жатканы маалым болду. Бийлик деп бири-бирибиздин этибизди жебесек экен эми»,– деп каадалана калышы күлкүнү келтирет. Баамдап көргөнгөнгө учурма ушакка негизденген примитивдүү көкүтүүлөрдүн эле бири.

Кыскасы ар кимиси өз билген намазын окуп жатышат. Бул деле болсо түшүнүгү чектелүү ушакчы катындардын чыгарган чоркок жыйынтыктарынын бири дечи. Ага таң калып деле кереги жоктур. «Алыбек алына жараша» деп бекер айтылбагандыр. «Желтая пресса» жаңы өкмөт башчысын «дайындап» жатканда оорукчал  ой жүгүртүүсүнө, примитивдүү божомол-дөдөмөлдөрүнө, сезгенип калган  фантазиясына таянып бүтүмгө келип жатышканын көрүү кыйын эместир. Айрым прогноздордо экзотикалык Жусуп Шарипов өңдөнгөн элге  мамилекеттик мененлдент багытында аты-жыты белгисиз «фигуралардын» жолугуп калганы медиа-лоббинин примитивдүү деңгелинен кабар бербей койбостур.

Пресса-лобби бекеринен жанын жанга уруп какылдап жаткан жок дечи. Ушакчы журналисттер жугундукор эшик ырчыга, «кара карга үндөгөн каркылдаган ургандарга»  айланышы аларды чөнтөгү калың бизнес-саясатчылардын алдында жасакерленип же тескерисинче заказчиктин каалосуна жараша каршылашына чагым салып кемсинтүү менен оокат кылууга машташтырган кырдаал. Кыргыз журналистикасы ачыгын айтканда саясатчыларга биротоло күнкөр болуп калышты. Ошолордун көзүн карайт. Ээси столунан сөөк ыргытып койсо болду итий макаларында анын зоболосун көтөрүп премьер болуп дайындап коюдан тартынбай калган деңгелге жетишти. Мындай кызмат көрсөтүү ушакчы пресса үчүн текейден арзан ишке айланып кеткени өкүндүрбөй койбостур.

Креслосун эч кимге ыраа көрбөсүн, өкмөт башчысы кызматынан сүйрөсө  да түшпөстүгүн ачыкка чыгарып көгөрүп  алган Ө.Бабанов үчүн парламенттеги фракциялардын ишеним көргөзбөө демилгеси күндөн күнгө көбүрүп жабырып  баратканы бир тең да, кызматынан кете электе ордуна өз кишисин алып барып отургуза баштаган ушакчы кезиттердин кылыгы бир тең болуп турган чагы. Айрыкча кийинкилердин, т.а ушакчы кезиттердин сыртынан бычып «тирүү» премьердин ордуна  өз кожоюнун, өз кишисин  дайындап жаткан караөзгөйлүктөрүнө Ө.Бабановдун тырышпаган жери тырышып жатканы талашсыз.

Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.