Бабановдун өкмөтүнөн биротоло түңүлүп койсоң болот

Автор: uson-kasybekov, августа 16, 2012

Прессадагы саясый күз аптаптуу болору жөнүндө кептер өзүнчө эле саясый траферетке айланып кетти. Парламентте өкмөткө ишеним көргөзбөө боюнча 45 депутаттын колу топтолгогондон соң ЖК менен Ө.Бабановдун мнистирлер кабинетинин ортосун кара мышык аралап карым катышы тирешүү режимине өткөнү айгине. Минтип отурушса т.а. тирешүү улана берсе  акыры барып же парламент, же Ө.Бабанов  бири биринин башын жеп тынат деген  сөздөр  эксперттердин оозунан көп айтыла баштаганын байкоо кыйын эместир.

Ырасында эле парламенттин өкмөткө кыргый  кабак болуп калышында жетишээрлик негиздер бар. Экономика мышык ыйлагандай болуп өчөйгөн кыйын абалга келип такалды. Коалициялык өкмөт түзүлүп ишке киришкени кабыл алынган КР нын 2012-2014-жылдардагы программасы деп аталган документте көрсөтүлгөн дүркүрөп өнүгүп-өсүү жөнүндөгү убадалар тил эмизген куру кептер болуп чыкты. Программада көрсөтүлгөн чиновниктерди кыскартуунун (20%) эсебинен мамилекеттик бюджеттик чыгымдарды 2 млрд. сомго түшүрүү дегени  элди жубаткан жайдак сөз экени ачык болду. Чиновниктик аппараты кармап туруу үчүн коротулган каражаттардын өткөн жылга караганда быйылкы 2012-жылы 6 млрд. сомго өсүшү өкмөттүн «мамилекеттик кызматты оптималдаштыруу боюнча 100 күн» деп аталган «реформасы» биротоло талпагы чыгып тамтыгы кеткенин  айгинелеп турат.

Экономика министри Т Сариевдин өз моюнуна алгандай биринчи жарым жылдык боюнча чыгарылган көрсөткүчтөр карганда ИДП (ички дүң продукция)  өткөн жылдын ущу мезгилинен алып карганда 5,8% түшүп кеткени, бюджеттик дефицит 2 млрд. сомго өскөнү өкмөт  моюнуна тагылган социалдык-экономикалык, финасылык функциясын тыңгылыктуу аткара албай жатканын кабарлайт. (ЕАБР дын ( евразиялык өнүгүү банкы) эксперттеринин чыгарган тыянагы боюнча Кыргызстандын экономикасы 6,8% ке «урап» түштү). Абал мындан ары начарлашы мүмкүн. Анткени, ошол эле Т.Сариевдин айтымында шал болуп токтоп калган өнөр жай өндүрүшү «Чүй боорунда  20 ишканага жетсе, Иссык-Көлдө  – 17,  Нарында – 6,  Таласта – 3 барабар»

Мындан сырткары бюджеттин дефицит 21 миллиард сомго (450 миллионов доллар) чаап чыгышы, чет элдик инвестиция келбей канбуугандай токтогону, экономикага кийнки кездери көзгө көрүнөрлүк  капиталдык салым түшпөй жатышы, ошол эле мезгилде Кыргызстандын тышкы карызы $ 3,4 миллиардан ашып кетиши, түзүн айтканда, өкмөттүн ишти алып бара албай жатканын, иштин көзүн билбегенин б.а мамлекеттик мененджментти жолго коюу боюнча жөндөмү жок экендигин  далилдей алат.  Экономиканын кедеринен кетиши калктын жашоо тиричилик денгелинин кескин төмөндөшүнө алып келди. Бюджеттик каражаттарды чакмак таштай ойноп сымаптай мүлтүлдөгөн финансы минстри А.Жапаровдун демилгеси менен  чыгымдарды азайтуу деген шылтоо менен өкмөттүн социалдык программаларды кыскарта  башташы (мисалы, мектептер менен жогорку окуу жайларын өзүн өзү фнансылоого өткөрүү аракети, балдардын пособиясына, социалдык жөлөк пулга суук кол салуу аракети) элдин ичин элжиретип кубандырып жибербеси анык. ИДПнын  25% тен 40 % чейинкиси эмгек мигранттарынын Кыргызстанга жиберген акчалары түзүп жатканын өкмөт анын ичинде А.Жапаров айткысы келбей кылтыңдатып жатканы кызык. Жакындан бери өкмөт казнадагы каражаттардын үчтөн экиси социалдык төлөмдөргө короп, өнүгүү үчүн акча жок калууда деп оозун кургак чөп менен сүртүп, анан калса бир айтып бир койбой какшап жаткан учурда эмгек мигранттарынын бюджетке кошкон үлүшү, эсиңе жара чыккыр «унутта» калтырылып жатканын байкоо кыйын эместир. Кыргызстандагы элдин үчтөн бири эле иштегендер, калган экиси социалдык «багылмалар» деп жатканда А.Жапаров тыштагы эмгек мигранттарын эсепке киргизбей цифра менен чакмак таштай ойноп шылуундуулук кылып жатат. Соцфондун маадыматына караган 2012-жылдын 1-январына карата алганда Кыргызстандагы пенсионерлердин саны 545 миң 861 адам. Демек А.Жапаров пенсионерлер көбөйүп кетти деп жанын жеп калп айтып жатканы талашсыз. Чын чынына келгенде сыртта жүргөндөр жылына $1 млрд. каражат жиберип бүт элди багып жатканы финансы министиринин, алибетте, оозго алгысы келбейт дечи. Эмгек орундары менен камсыз кылбай бир миллион элди тентип жиберген соң  социалдык жөлөк пулга суук кол салуу караөзгөйлүктүн эле өзү экенин мамилекттик бюджетти өз чөнтөгүндөй көрүп алган А.Жапаровдун оюна деле кирбесе керек.
Элдин жашоо-тиричилигинин төмөндөшүнө келгенде башкасын айтпай ак коелу, өткөн жылдагы кампадагы ундун запасы түгөнүп бүтө электе, быйылкы күздүн жыйымы аяктай албай жатып ундун баасынын 40% чейин чаап чыгып кетиши элдин кыжырына тийген фактор болуп калганы кажетсиз. Кара таман элдин тамак-аш рационунда негизги компонент болуп кызмат кылган нандын кескин кымбатташы ар дайым социалдык жарылууга алып келгендигин эскере кетсек ашыктык болбостур. Эмитен эле энергетика министри А.Шадиевдин элетричествого болгон тарифти көтөрүү зарылдыгын антпесе эскирип кеткен жабдуулар ишпалтайы чыга  түргандыгы боюнча өнөкөт жомогун жобурап  кыңылдай башташы жосундуу көрүнүштөрдөн эмес. Ошол кезде энергетика секторундагы коолап-чайлап кеткен коррупция жөнүндө бир ооз сөз кылбай жатканы А.Шадиевдин уятсыздыгы. Өкмөттүн кышка болгон камылгасы жок экендиги коомдук пикирде  кошумча нааразычылыгын пайда болушун шартап жатканы анык.  Экономиканын кедеринен кеткени б.а.терең рецессияга кабылганы «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Ө. Текебаевдин ишеним вотуму маселесин көтөрүп чыгууга негиз берип т.а. аргасыздан ушу ишке барууга түртүп жатканын түшүнсө болор.

Коалициялык өкмөт жарым жылдын ичинде жарытып иш жасабагандыгы Ө.Бабановдун 20-июлдагы жергиликтүү кеңештин жетекчилери менен болгон жыйналыштагы  жасаган популизмге шыкалган докладында ачык көрүнөт. Докладан өкмөттүн ишинен илинчик учрураларды көрүү кыйын. Баягы эле алдыда күтүп турган келечектеги экономиканын дүркүрөп өсүп өнүгүшү, ири экономикалык долборлрдун: алдыңкы технологияга негизделген  кооперативдерди уюштуруу, «500 кВ сааттык  «Датка-Кемин электролинясын курулушун» аяктоо, 2017-жылга чейин Китай-Кыргызстан-Узбекистан темир жолун колдон чыгаруу,  ВТО менен Баажы  союзунун артыкчылыгын пайдаланып  экономиканын дүркүрөп өсүшүнө жетишүү өңдөнгөн курсак тойгузбаган куру убадаларга күбө болосуң.
Өкмөт өз милдетин аткара албай калган кырдаалда парламенттин ага ишеним көргөзбөө демилгесин көтөрүп чыгышы дүйнөлүк практикада кадыресе боло жүргөн эрөөн-терөөнү жок көрүнүштөрдөн. Бул жерде интрига издөөнүн кажети жок. Ал эми, элге журтка суук тумшук болуп калган парламент өзүн аман-эсен сактап калышы күнөөнү өкмөткө оодара салып кутулгусу келип жатат, өкмөт өз ишинин эффективдүүлүгүн көрсөтө алыш үчүн убакыт берилиши керек, бул өкмөт кетсе ошого окшогон дагы бири өкмөт келет, өзгөрүү болбойт, Ө.Текебаев демилгеси депуттуттар каникулга кетээрдин жуп  алдында пайда болгонунда мандем жатат, өмөттү опузалап саясый двиденд таап алуунун амалы, ошондуктан «Ата-Мекендин» вотумунан майнап чыкпайт, бара-бара унутулуп кетет  деген өкмөттү соороткон кептер болсо адаттагы Ө.Бабановко куйругун шыйпаңдаткан жасакерлери менен маргинал политологдордун бөйрөктөн шыйрак чыгарган жалакор шылтоолорунун эле бири. Өлкө экономикалык дефолттун босогосунда туруп калганы ага биринчи кезекте парламаеттик башкаруу формасы киргизилгенден кийин болуп көрбөгөндөй  кеңири полномочиеге ээ болгон Ө.Бабанов күнөөлү экендигин жокко чыгаруу кыйын. Ө. Бабановдун өкмөтү улуттук экономиканы алып келип такаган ал-абалын, баш терисин карап багып келечекте аны жөнгө салып өнүктүрүп кетет деп үмүт артып кереги жок болуп калды. Түңүлүп койсоң деле болот. Коррупциялык башкаруу системасын тандап алган премьерден өлкөнүн экономикасын өнүгүү нугуна  сала алаарынан үмүт этүү алабармандык болор. Кеч болуп кала электе б.а. экономиканы аңга алып барып аңтарып таштай электе Бабановдон арылуунун кезеги келип жеткени талаш туудурбайт.

Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.