Өзүңөр эле калыс болгулачы.

Автор: uson-kasybekov, December 28, 2012

Өзүңөр эле калыс болгулачы. Ушу да гезиттин макаласыбы? Деги журналистикага тиешеси канчалык дейсиз? Кадимки эле катын ушактын так өзү, тобоо. А дейсиңби, бу дейсиңби Т.Сыдыкбековдун “Калипа какылдагынын” эле деңгели. Эч айырмасы жок.


М.Турганбаевдин президенттик дымагы бар, – «Алиби»
28 декабрь 2012, 12:45
Баракелде – Учурда күч структураларынын дээрлик бардыгын нарындыктар ээлеп алышыптыр. Бул тууралуу «Алиби» гезити 28-декабрда чыккан санында маалымдайт.
Анан калса, баары бирине бири жардам берип отуруп кызматка жетишкени кызык. Санап көрөлү: ИИМ министринин орун басары Бакыт Жусубалиев, Бишкек ШИИБинин башчысы Мелис Турганбаев, баш прокурор Аида Салянова, УКМКнын төрагасы Бейшенбей Жунусов, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Нарындын кулундары экен.
Адатта мамлекеттик төңкөрүштөрдү күч органдарындагы уюшуп алгандар жасаарын эске алсак, бүгүн күч органдарына бириккен «жердештер» Атамбаевди төңкөрүш менен кулатып тынышпайбы деген суроо жаралбай койбойт экен. Анан калса Мелис Турганбаевдин президенттик дымагы бар экенин да укканбыз, дейт гезит.
Булак : «Алиби»

http://www.barakelde.org/news:40380/

 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.