Мал болуп кетээри шектүү, көзү койгулданып турат, адам, эй

Автор: uson-kasybekov, December 20, 2012

Быйылкы энергетикалык коллапс жылдагыга караганда кыйла оор болду. Борбор калаанын жарымысы (айрым маалыматтар боюнча 80%ке чейинки калкы) электричестводон кол жууп караңгыда карайлап там сүзүп калганга аргасыз. Жетимге көк жөтөлдүн кереги не дегендей энергетикалык кризиске коңшу Казакстандан келип жаткан газдын агымынын кескин төмөндөп кетиши кошул ташыл болуп кырдаалды бир далай чыңалтып таштабадыбы. Көгүлтүр отундун кескин кыскарышынын чоо-жайын газбарондор күңк-мың этип элге жартылуу түшүндүрүп бере алышпаганы да көк муштум болуп үшүгөн калктын кыжырына тийгенин жашыруун эмес. Кантсе да, бул жолку оор киризиске газчиновниктеринин шалаакылыгы башкы себептерден болду өңдөнбөйбү.
Ошентип жылда болчу, тагыраак айтканда акыркы он жылдан бери жаземдебей баса-баса кайталанып келеткан энергетикалык системдик кризис делинген көнүмүш сыркоо кайрадан пайда болду. Бул жолкусунда адат болуп калган эски ооруу өтүшүп бараткандай асер калтырат.
Элдин чыдамы түгөнүп жарыла албай турганын баамдашкан депутаттар өкмөттү чакырып алып атайы парламенттик саат өткөрүп жибергенге үлгүрдү. (Тыным алып, жер жерлерди кыдырып шайлоочулар менен жолугуп келсекпи деген ниеттеринен кыжырланып араң турган эл бизди көрсө башыбызды жулуп алат дешип абалкы ойлогон ойлорун кийинкиге калтырышкан болчу) Парламенттик башкаруу формасын эске салып чоңдугун көрсөтүп чочоңдоп коюнуу эп көрүштүбү, же өкмөттү өкүртө такалап койсок элге жакшы көрүнуп калабыз деген кыялга азгырылыштыбы ким билет—непадам анысы белгисиз. Кыскасы, бул жолку, 19-декабрдагы парламенттин жыйынындагы депутаттардын жаасы катуу— кышка карата камылгасы жок экендиги, чилдеден баш бүтүн, боор аман кыштан чыгып кетүү ишин үзгүлтүккө учураткандыктары үчүн өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдарына кылымыш иши козголсун, бири калбай толугу менен отставка кетсинден баштап, ар министирдин жеке жоопкерчилиги каралышын , көзөмөл орган болгон мындайда гнепрократуранын ымтырап отуруп алганы, «Кыргызгаздын» ОАОсунун гендиректору Тургунбек Кулмурзаевдин кызматтынан токтоосуз айдаш керектиги, керек болсо кылмыш иши козголуп жоопкерчиликке тартуу керек деген маселелер көбүрүп көтөрүлүп чыкты. Асрсесе, жедеп көнүмүш ооруга айланган кризистен арыла албаган, анан калса туташ коррупцияланган (латын тилинен алганда ирип-чирип кеткен деген түшүнүктү билдирет эмеспи) энергосектордун кардиналдуу түрдө реформалоо жөнүндө иштиктүү сунуштар болбогону өкүндүрбөй койбойт. Башкасын айтпаганда депутаттардын ушу күнгө дейре бир мүдүрүлүп койбой шакылдап иштеп жаткан ширшовдор, балкыбековдор ойлоп тапкан коррупциялык «бозомтук схеманы» терең иликтеп андан арылуу боюнча ынынамдуу сууштар айтылбай маселени абайлык менен кылдат айланып өтүп кетип жатышканы иренжитпей койбостур. Ырас, Ө.Текебаев өңдөнгөн депутаттардын алда кандай болуп кетерин ойлоп алдын алып коюу кажет—белгилүү өлчөмдө газ сактай турган көмөкчү резервуар куруунун муктаждыгы бар деген жөндүү сунуштары болду дечи. Арийне, бул деле болсо утурумдук чаралардын бири экени анык көрүнүп турган. Радикалдуу кадамдар жасалбаса жылдан жылга кайталанып келеткан энергетикалык сыркоодон арылуу кыйын экендиги айдан ачык болуп калган эле.
Энергосектордун, ачык айтканда, азыркы тапта ысык эле жаны бар. Ыргалып араң турган кези. Башкасын айтпаганда да, энергетика системасындагы жабдуулар тийди качты ремонт иштери болгонун эске албаганда баш аягына дейре текши жаңыланып жиберилгени баарыбызга белгилүү. Кабелдик линиялар, трансформаторлордун көбү 20 жылдан бери кол тийгизилбей келип ишпалтайы чыккан. Электр чыңалуулары «секрик» жасаган сайын трансформаторлор чыдай албай күйүп кетип жатканы демейдеги көрүнүшкө айланганы деле белгилүү. Мындан тышкары «Түндүкэлектро», «Түштүкэлектро», «Кыргызгаз» өңдөнгөн ишканалар ширшовдордун «бозомтук схемасына» ылайык коррупциянын булагы катары бачкиленип бөлүнгөнү да жашыруун эмес. Ошондуктан кыйын кычык абалдан чыгуу, коррупцияны оор-топондо болсо да азайтуу үчүн энергетика системасынын башын бириктирип бирдиктүү холдинг түзүү жөнүндөгү жөндүү сунуштарда рационалдуу негиздер бар . Эгер энергосекторду биздин «профессионалдуулугу адамдан башкача бийик» дешип жерге-сууга тийгизбей макташкан чиновниктер иш жүзүндө аны жөндөп башкара албаса, алдым жутамдуктун булагына айландырышса, анда «Газпромго» «Кыргызгазды» сатабыз дегендей эле чечкидүү кадамдарга барып иштин көзүн билген чет элдик кампаниялардын бирине баалап-буттап туруп өткөрүп берүүдөн башка айла жок калат.
Азыркы энергетикалык дефициттин түбү алыска барары эбактан белгилүү. Экинчи революциянын себеби деле мына ушу энергетикалык кризиске келип такалат эмеспи. К. Бакиевдин башын жуткан деле энергетикалык кризис болбободубу. Анын «үшүсөңөр эмне кылайын, тезек жаккыла» деп элге корсоңдоп коюшу айланып келип өз башына тийген союл болгону жалган эместир. Өткөндүн сабагы азыркыларга өрнөк болушу кажет. Кызыгы, өткөндөгү мыкчыгерлер айта келген: «быйыл ызгаар бизди камындырбай капыстан басты», «эбак эле көмүр алып, кышка камданып койгула дебедик беле» деген бир жагынан тырышпаган жерди тырыштырган, экинчи жагынан күлкү келтирээрлик шылтоолор азыр дагы кудум так өзүндөй кылынып кайталанып жатканында турат.
Эгер абал бир жаңсыл жолго салынып оңолбосо азыркы баштан кечирип жаткан энергетикалык депрессия эмдиги, 2013-жылы, соңку, 2014-жылы кышында деле кайталана берерин бөркүңдөй көрө берсең болор.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.