Үсөн Касыбеков: Кыргыз тилинин өнүгүшүнө орус болсо да Юдахин күйдү
Автор: uson-kasybekov, November 23, 2012
Үсөн Касыбеков: Кыргыз тилинин өнүгүшүнө орус болсо да Юдахин күйдү
шаблоны сайтов
joomla templates
15:14 22.11.2012 | «24.kg» MA
Олжобай ШАКИР, Бишкек
Рубрика: Маек
Каралды: 128
Кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлү, публицист Үсөн Касыбеков менен учурдагы кыргыз тилдүү журналисттердин кесиптик даярдыгы, жоопкерчилиги жөнүндө сөз болду. Андан тышкары, коом турмушундагы көрүнүштөргө да учкай токтолгон маңдай-тескей маекти «24.kg» МА окурмандарына унуштайбыз…
– Мага негедир Оскар Уайльддын «журналистика – уюшуп алып бирөөлөргө көө жабуу» дегени бүгүнкү кыргыз тилдүү журналисттерге куп айтылгандай туюлат, сизге андай эмеспи?
– Илгеркиче айтканда деле журналистика маалыматты өз убагында коомчулукка объективдүү жеткирүү. Чын-чынында азыркы кыргыз тилдүү журналистика өзүнүн так милдетин аткарбай калды. Куюшканга кыпчылган боктой болуп, бирөөлөрдүн жеке турмушуна, мамлекет саясатына мурдун тыга берет. Анан кесиптик даярдыктары өтө начар. Азыр кыргызча гезиттерди ачып көр, жалаң ушак. Лексикондору: «имиш», «ушундай экен», «эшиттик», «ушундай ойшойт», «ушундай деп угуп атабыз» дегенди ар бир сүйлөмдөн кезиктиресиң. Ушу да кеппи! Кээ бир журналисттер макала жазганды кой, сүйлөм куралбайт, болгону ушак топтогонго маш болуп бүткөн. Анан өзара орус тилдүүлөр, кыргыз тилдүүлөр болуп бөлүнүп алышкандай… Уяласың.
– Мен да байкайм муну. Орус тилдүү журналисттер эле кыргызга кыянатчыл саясат жүргүзгөндөй, орус тилдүүлөрдөн сетиркегенсип турушат…
– Журналистиканын эларалык стандарттары, эрежелери, этикалык келишимдери болот. Ошол сакталбайт бизде. Бизде моралдык норма, этикалык келишим деген түшүнүк да калыптанбай келатат. Учурдагы журналисттер адабий норманы сактабайт, капкайдагы диалектикалык же көчө деңгээлиндеги лексикондорду колдонгонун көрүп, жакаңды уучтайсың. Атүгүл Текебаевди «теке» деп жазгандары кайсы абийирге жатат! Бу жеткен олдоксондук, ар нерсенин чеги болуш керек да. Ушунун өзү журналисттик деңгээлдин таптакыр жерге түшүп кеткендигин көрсөтөт. Маданияттын төмөндүгү ушул. Кудай ургандар!
А орус тилдүү гезиттерде мындай олдоксондук кезигишпейт. Ушак-айыңдан да биртоп алыс. Алар фактыга негиздеп жазат, качантан берки белгилүү нормалардын чегинен чыкпайт. А кыргыз тилдүү гезитчилерде маалыматты 2-3 булактан тактоо деген таптакыр жок, божомол-дөдөмөл кейпинде шилтешет. Ошо менен соттордо чуулдашып жүргөнүн көрөсүң. Андан кокую, бизде сотторду өзүң билесиң, кай жагы кулкунуна көбүрөк куйса, ошол жактын чындыгын коргоп көнгөн. Кылмыш кодексинде 1 статья бар болчу, адамды жети жылга чейин кесип жиберген (жалган жалаа же ушак үчүн). Анан ошол статьяны кыйын чыкма «демократтар» алдырып салышкандан бери кыргыз журналисттерине кудай берди. Ошол сыяктуу моралдык тоскоолдуктар алынып салынгандан кийин көп журналист бирөөнү келекелеп, шылдыңдаганды көнүмүшкө айлантты. Азыр кыргыз тилдүү гезиттер ташкын суунун өзүндөй, ичинде: саманы-топону, ириги-чириги, бок-жини баары аралашкан.
– Мүмкүн мунун баары пайдубалыбыздандыр. Себеби кыргыз тилдүү бала бакча, мектептерден тартып билим берүү, тарбия маселеси каралбай калды да. А ЖОЖдордо кыргыз тилдүүлөрдүн келечекке, кесипке болгон даярлыгы да өтө начар экенин турмуш көрсөтүп келет…
– Убагында жогорку окуу жайлар жайнап кетип, ошондон кийин журналист калкы иттин кара капталынан көбөйдү. Журналистика массалык кесипке айланды, кудай урган. ЖОЖдордо мыкты адистердин ордун көчөдө иши жок калган чобур илимпоз сөрөйлөр ээлеп, баары ошолордун колунан чыкты. Ошон үчүн 2-3 дипломдуулардын канчасы базарда отурат, канчасы кесипке ээ болалбай жүрөт. Жалаң дилетанттар билим берип, коом акыры ушуга келди да.
Өткөндө Биринчи радиодон берип атышат «журналисттер Акүй алдында бийликтегилерге тиштерин көргөздү» деп, түй атаңдын оозун урайын дедим бери жактан. Ушундай кантип болсун! «Показать зубы» деген акцияны сөзмө сөз которушканы да муну. Көрдүңбү, муну жөн эле «нааразычылык билдирди», «кайратын көрсөттү», «макул эместигин билдирди» же «тоотпостугун билдирди» дебейби, айтор, «показать зубы» дегенди кыргыздын жалпак тилине салса, сөз толуп атат, болгону азыркылар колдоно билбейт!
Азыр бир соо гезит калган жок. Баары туташ. Эл деле ушакка тоюп бүттү. Илгери «Асабада» иштеп калганымда Эшимканов Чокчолой баатыр, «Хайл Сайракан» деген рубрика астында ушакка басым койгондон баштап гезит тиражы өсүп, 80 миңге чыккан. Ушакты чынында «Асаба» үйрөттү көбүнө. Азыр ушуну айтсам кээси чыгат ушакты силер баштабадыңар беле деп. Гезиттин бир жаман жери ушул экен, башкалар жаздыбы, сен жаздыңбы, жаманаттысы артыңан ээрчигени ээрчиген. А өзүм ушак жазган эмесмин.
– Кийин сиз «Кыргыз туусуна» өтүп кетип, кайым айтышты көрсөттүңөр го элге…
– Мындай болуп калды да эми… Эшимканов экөөбүздүн ортодогу ыйкы-тыйкыдан чыкты чыр, бу жерде эч кандай идеологиялык тирешибиз болгон эмес.
– Кантип болгон эмес. Ортоңордо идеологиялык тиреш болбосо сиз эмнеге «Кыргыз туусуна» өтүп кетип шыбаштыңар?
– Эми бир жерде иштеп катын-баланы багыш керек эле да.
– Негизинен ошондо эле журналисттер аркы өйүз, берки өйүз болуп, бири бийлик тараптын, экинчиси эл чындыгын коргогонсудуңар, бирок…
– Бирок ал кезде азыркылардай бирөөнүн союлун чапмай деген жок болчу. Позициясын куйтуңдатып өзгөрткөндөр даана байкалчу эмес.
– Ой, коюңузчу. Керек болсо азыркылардан жаман эмес белеңер. «Асаба» менен «Кыргыз туунун» чабышын эл эмдигиче унута электир…
– Мынча болду бир кызык окуяны айтып берейин. Мен «Кыргыз туусуна» баргандан кийин чабыш күчөдү чынында. «Асабачылар» сүрөтүмдү келиштире тартып, «Господин Касыбеков, «Асабага» карк этип какырып бербейсизби» деген шакабаларды чыгарып, мен да дароо жооп берип, айтор, элди эриктирген жокпуз дейм. Бир кызыгы, гезит саткан күркөгө барсам «Асаба» мен жөнүндө эчтеңке жазбаптыр. Жаман болдум аябай. «Мейли, бу жолу унутуп коюшкандыр» деп кийинкисин сатып алам, мен жокмун анда да. Таза балээ болбодубу. Ошо менен бир ай мен жөнүндө жазбай калышканда, кадимкидей оңкулдап, турмушумда бирдеңке жетпегендей болуп, бир ай жаным жер таппай жүрбөдүмбү. Чынында жарым жыл салгылашканбыз.
– Кепке кайра келсек, кыргыз тилин массалык деңгээлде кыйраткандар биринчи кезекте журналисттер болуп атабыз го бүгүн?
– Ооба, тил маданияты, тил нормасы сакталбаган учурларды айтсак, сөз бүтпөйт. Себеби журналисттерди даярдаган жогорку окуу жайлардын деңгээли абыдан түшүп кетти. Азыр журналистикадан алыс адамдар деле билим берип жүрбөйбү. Айтор, кесиптик критерийден алып караганда, өлкөдө кайсы тармак жыргап кеткенин көрбөйсүң: мейли искусство, мейли медицина, илиминде болсун, ыраматылык Салижан Жигитов күйгөндөй эле кыргыз жүргөн жерде жоопкерчилик төмөн экен да.
Бизди Совет доорунда орустар алдыга сүйрөп жүрүп, кийин өз алдыбызча мамлекет кургандан тарта улам артка чегинип бараткандайбыз. Анан бирдеңке десең эле жанагы кыргыз тили деп жер сабаган жармач патриоттор жакадан алат, эмне деп атасың деп. Ошол бакырчаактардын арасында кыргыз тилине кенедей салым кошкондору барбы. Мына, Константин Юдахинди алалы, килейген капиталдык эмгеги менен кыргызга кылымга тете эмгек калтырды. Ошол жалгыз кишинин эмгегинчелик эмгек биздин илимдер Академиясынын колунан келдиби? Кыргыз тилинин өнүгүшүнө орус болсо да Юдахин күйдү. Чындап келсе кыргызга профессионал искусство, театр өнөрүн деле орустар, еврейлер үйрөттү. Бүбүсайра Бейшеналиева, Уран Сарбагышевди орус балетмейстерлери чыгарбаса, ким чыгармак?
– Ал эмес Болот Миңжылкиевди чыгаргандар деле еврейлер менен орустар болду да: Мнацаканова, Окунь деген концертмейстерлер…
– Миңжылкиев эле эмес, кыргызга нота менен күү черткенди орустар үйрөттү да, туурабы?
– Сөзүңүздө калет жок, Үсөке. Муну да моюнга алышыбыз керек. Алсак, Шубин аксакал кыргыздын канчалаган күүлөрүн оркестрге салып, мына бүгүн Карамолдо Орозов атындагы оркестрибизде жаңырып атат ко…
– Мына, ошо киши жер-жерлерде кыргыздын аксакалдарынан бери ээрчип жүрүп, кыргыз музыкасын чогултту да бечара. Оркестрге салды, нотага түшүрдү.
– Шубин менен катар Власов, Фере кыргыз кайрыгын элден жыйнап элге кайтарганын кыргыз унутпашы керек.
– Ушулар кыргыз музыкасынын негизин таап түптөп кетти. Болбосо опера-балет искусствосун кыргыз мынчалык профессионалдык деңгээлге жеткире алат беле, жокпу, кеп ошондо.
– Аны айтасыз, бүгүн опера-балет театрыбыз Улуттук деген макамды алып жүргөнү менен репертуарын караңызчы, кыргыз авторлорунун чыгармалары барбы? Болсо да өтө саналуу. Кыргыз авторлоруна караганда Раухвергердин «Чолпон» балети кандай укмуш чыгарма? Канчадан бери театр репертуарынан түшпөй келет…
– Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов, Мукаш Абдраев, Асанкан Жумакматов, Калый Молдобасанов өңдүү композиторлорубузду Власов, Фере тарбиялап кетип да абийрибиз жабылыптыр десең. Чын-чынында кыргызды жетелеп келген орус элинин салымын унутпашыбыз керек. Мейли, кино, театр, медицина, илимде болобу, кайсы жагынан болбосун орус менен еврей элинин пайдасы кыргызга көп эле тийди.
– Тилге кайра келсек, кыргыз тилдүү журналисттердин кемчилигин көзгө сайган дагы эмне сыныңыз бар?
– Мен кыргыз тил патриотторун көрүп күйөм да, орустарды кыргызча сүйлөсүн деген. Биз орус тили болгон үчүн жазма маданиятын, нормасын үйрөндүк да. Ошонүчүн Айтматов чыкты. Биз эми ошону кармап калгандын ордуна дилетант журналисттер баш болуп кыргыз тилин өлтүрүп атпайбызбы. Тилдин ашмалтайын чыгарышты. Анан ошолор кыргыз тилине күйүмүш эткенине күйөсүң эй. КТРК баш болуп 5-канал, НТС, НБТ деген телеканалдын журналисттери кыргыз тилдин маданиятын бузушту. Тилдин нормасын ушулар туура колдонбогондон кийин башкасын эмне кылабыз сөз кылып. Себеби теленин мүмкүнчүлүгү чоң, аны миллиондогон адам көрөт. Көбү орусча акцентти сөзмө сөз көчүрүшөт. Бизде басым сүйлөмдүн аягына коюлат. Азыр «мен ойлойм» дегенди министр, депутат, журналисттер көп колдончу болду. О деги кыргыз качан «мен ойлойм» деп сүйлөчү эле.
– Азыр көбү «яблоку негде упасть» дегенди да сөзмө сөз айтканга көнүп бүттү, «алма түшөр жер жок» деп. Кыргыз «тизе бүгөөр жер жок» же «бут коёр жер жок» дейт эле го…
– Мындай мисалды келтирип отурсак кагаз түтпөйт. Кыргыз тилин казып үйрөнгөн киши жок үчүн Салижан Жигитов күйүп жүрүп өтүп кетти го! Мына ушу киши тилдин анык чебери эле да. Кыргыздын жатык тилин билген андай кишилер кыргызда өтө аз. А кишинин жазгандары ушунча жагымдуу, жеткиликтүү эле, ата-а… Эми жанагы «мен ойлойм» дегенге келсек, бул – орус тилинин конструкциясы. А кыргызда «мен ойлойм» деген баяндооч сүйлөмдүн аягына түшүш керек.
(Уландысы бар)
http://kyr.24.kg/pikir/maek/u-so-n-kasy-bekov-ky-rgy-z-tilinin-o-nu-gu-shu-no-orus-bolso-da-yudaxin-ku-jdu
Оставить комментарий