Болот Шер Бабановдон сатисфакция талап кылып жатат

Автор: uson-kasybekov, August 29, 2012

“Ата Мекендин” депутаты Болот Шер 27-августтагы маалымат жыйынында эки окту  (патронду) элге көргөзүп анын бирин талап-тоноону уюштургандардын анабашы деп жалаа жаап, бейчеки каралаган  Ө.Бабановко жөнөтөөрүн, ал эми экинчисин өзүндө сактап каларын жарыя кылды. “Бабанов мени талап-таноочу деп атады. Эгер менин күнөөм далилденсе мен өзүмө ок даярдап койдум. Эгер күнөөмдү далилдей албаса, анда экинчи окту Бабанов өзүнө пайдалансын”, – деди Болот Шер.

Ошентип Болот Шер Бабановдон сатисфакция талап кылып жатат. Эрөөлгө чакыруу менен анын Бабановду кыйын кычыктуу диллеманын алдына алып келип такап таштаганы анык. Мындай кырдаалдан Бабанов кандайча чыгышы мүмкүн? Эгер олигарх Болот Шердин талабын жоопсуз калтырууну чечсе анда ал сатисфакциянын—зак кетирилген адамдын арнамысы менен беделин калыбына келтирүү талабын канатандыруу, кечирим суроо–эрежесине ылайык эркек эмес эле катын деп эсептелиниши керек болот. Демек, кулак жапырып билбемишке, көрбөмүшкө салып коюу кыйын. Кыйынчылыктан чыгуунун дагы бир жолу бар—Ө.Бабанов көнүп алган өнөкөтүнө салып маалымат машкелерин Болот Шерге каршы айдактап бет тырмарлыкка барышы мүмкүн. Анын айрым симптомдору азыртадан эле көрүнө баштады: Болот Шердин кайрылуусуна карата кат жолдоп текшерүү көргөзөт деп далыга таптап жымсалдап кирди. Текшерүү комиссиясын өзү түзгөнүн айткысы жок, алибетте. Иши кылып шоп этип суудан кургак чыгып кетүү амалын көздөп жатканы көрүнбөй койбойт. Сырын билгендер Ө.Бабанов мына ушу экинчи жолду– айлакер- арамзалык жолду тандап аларынан шек санашпайт.

Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.