«Ар-Намыста» ар деле жок экен, анан калса намыс да калбай калыптыр

Автор: uson-kasybekov, August 16, 2012

Парламенттеги «Ар-Намыс» фрациясынын квотасы менен коалициялык өкмөттө финансылык министиринин ордун ээлеген А.Жапаров үйүндө жатып жанын жай алдырбай иш менен алектенип жүргөн  пенсионерлердин пенсиясын кыркуу, же айлык акыларын 50% чейин кыскартуу, ошону менен бюджеттик чыгымдарды азайтуу деген алда немедей болгон фискалдык демилгени көтөрүп чыкканда коомчулук алдыраган абалга келип такалды. А.Жапаровдун эч бир дүйнө кезикпеген мындай «бюджеттик новаторлугу» элдин бүйрүн кызытып коомчулуктун кызыл чеке талкуусуна жем таштап берди. Бербей да коймок эмес. Анткени А.Жапаровдун пенсионерлерди отоп бутап тоноо «идеясы» өзгөчө цинизм менен айырмаланып турган эле. Пенсиянын орточо өлчөмү 4070 сомго туура келип, ырасмый кабыл алынган жашоо-тирчилик минимумуна жетпей турган чакта өп чап пенсияны өөнөп-төөнөп алам дегени чектен чыккан караөзгөйлүккө барабар болчу. А.Жапаровдун жоругу коомчулукта кары-картаңдарды таламандын так түшүндө каракчылык кылып тоноо, «бөрү карысын жекелөө», «финансылык репрессия» катары бааланууда. Интернет-ресурстагы социалдык түйүндөрдөгү талкууга келсек аларды айтпай ак койгон дурус—А.Жапаровду ашата сөгүп келип ага берген эмне деген «мүнөздөмөлөргө» жолукпайсың , Кудай анын бетин ары кылсын, жакшысы эскерип деле кереги жок. Кыскасы финансы министири заматтын ичинде Кыргызстанда №1 одиоздуу фигурага айланды калды десек болот. Жапаровчул генодцитти уккандардын жерге түкүрбөгөн кишиси жок.

Төтөн, А. Жапаровдон «эмне үчүн өкмөттүн, президенттин жана Жогорку Кенештин коолап-чайлап кеткен аппаратын кыскаруу боюнча сунуш киргизбейсиң» деген суроого финансы министиринин күк-мыңк этип тыңгылыктуу жооп бере албай кайпаңдап коюшу коомчулуктун кыжырына тийген кошумча фактор болуп берди. Ырас, А.Жапаровду чылпагынан арылтып аз да болсо актап алууну көздөгөн анын аппаратындагы «планктондор»  чыкпай койбогон жок. Асресе, коомдук маанай А.Жапаровду баса калып жеп жибере тургандай деңгээлге өсүп жеткени «боорукер коргочуулардын» жаактары жап болушуна алып келди. Азыр алар ымтыраган кейпти кийищкен кези.

Анткен менен «бороонго каршы төшүн тосуп каршы чыккан» «кайраттулар», мындайча айтканда «көк жал» депуттар деле «Ар-Намыс» фракциясынын ичинде жок эмес экен. Чындыкты тартынбай бетке айтууга жөндөмдүү жөнтөктөр деле табылары анык болду. «Ар-Намыстын» уучу кур эмес турбайбы дебей койбойсуң.  Алардын катарына такыба депутат Турсунбай Бакир уулун тартынбай эле кошсо болчудай. Мына ошо Турсунбай Бакир уулу А.Жапаров жөнүндө, т.а. А.Жапаровдун «гениалдуу сунушун» сынга алган «Бараны без паспортов, пенсионеры без пенсий – новая инициатива министра Жапарова» деген макалага карта момундай, өзүнүн бир чети салмактуу, бир чети айбаттуу пикирин билдирип чыгып жатпайбы.  Турсунбай Бакир уулу 7-август күнү фейсбукта:

«А.Жапаров – светлая голова в правительстве Бабанова. Зря над ним подтрунивают журналисты. Есть пенсионеры получающие и за 50 тысяч, и за 100 тысяч сомов. Я предлагал сократить пенсию бывших советских и партийных функционеров, ведь 20 лет как коммунизма нет, кричат о демократии, но советская уборщица до сих пор получает жалкую пенсию в отличие жировавших коммунистических и комсомольских деятелей!»-деп жазат (http://www.facebook.com/tursunbay.bakiruulu).

Алибетте ар ким, айрыкча «Ар-Намыстын» депутаты өз көз карашын, өзгөчө пикирин билдирүүгө акылуу дечи. Анда талаш жок. Асресе, пикирлердин плюрализимин кыянат пайдалануу ашкерелик экенин да унутпоо керек. Чексиз плюрализм деген болбостугу башынан белгилүү. Эгер 50 миңден, 100 миңден ашып түшкөн акча алган пенсионерлер кимдер экенин жана алардын саны Кыргызстанда канчага барарын фактылар менен көзгө сайгандай көрсөтүп берсе Турсунбай Бакир уулунун «плюрализми» жөндүү экенине аз да болсо ишеним жаралмак. Депутат Турсунбай Бакир уулунун А.Жапаров курамына кирген өкмөткө ишеним көргөзбөө боюнча 45 депутаттын демилгесин колдоп кол коюп бере коюп, анан көп узабай кайра алгачкы көз карашынан айнып «добушун» чакыртып алышы плюрализмге менен такыбалыкка жатпастыгын эскерте кеткенибиз ашыктык болбос. Мындай жорук ала жылкыны өз аты менен атасак принципсиздик, туруксуздук жана эки жүздүүдүк деп аталат эмеспи.

«Ар-Намыстын» лидери Ф.Кулов «темир генералдан»  «кийиз генерал» деген атка көчкөнү, б.а. кийнки кездери саясаттагы анын принципсиздиги партиянын электоратынын шагын бир сындырган эле. Эми А.Жапаров менен анын жасакери Турсунбай Бакир уулунун пенсионерлерди карактап алуу, түзүн айтканда түп тамырынан жоюп жиберүү демилгесин көтөрүп чыкканы эки сындырды. Шайлоочулардын тартиптүүсү да, граждандык милдетине жоопкери да пенсионерлер болору башынан белгилүү. Эми минтип «Ар-Намыстын» мыкчыгерлеринин ары да, намысы да жок экени ачыкка чыкканы партиянын электоратынын ичиндеги пенсионерлеринин аркасын салып кетерине алып келери талашсыз. Эгер «Ар-Намыс» эмки парламенттик шайлоодо тиешелүү добуш топтой албай ара жолдо арабөк калса калса, анда ага деле  таң калып деле кереги жок болуп чыгат.

Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.