Метаморфоза

Автор: uson-kasybekov, Май 15, 2016

Эки жылдан бери кызыл чеке талаш-тартышка түшүп келеткан «бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» (ал «чет элдик агенттер» деген ат менен белгилүү) мыйзамды парламентте депутаттар үчүнчү окуусунда каплеттен жыгып ташташты да коюшту. Непадам, «бейөкмөт уюмдардын» тагдыры эбак эле чечилгендей болгон. Анткени, дүйнөлүк парламентте кабыл алынган тартип боюнча мыйзам экинчи окуусунда ары-бериши болушу кажет эле: же кабыл алынмак, же болбосо биротоло четке кагылмак. Үчүнчү окуусунда болсо кай бир редакциялык гана түзөтүүлөр киргизилбесе мыйзам дүңүнөн каралып кабыл алынышы керек болчу. Арийне, мыйзамдарды кабыл алуунун дүйнөдөгү калыптанган процедурасын кыргыз парламенти чүчкүрүп ойнобойбуз, биз дүйнөдөн таптакыр бөтөнчө парламентбиз деп чечишкен окшобойбу «бейөкмөт» мыйзамы акыркы, үчүнчү финалдык окуусунда белгисиз себептер менен буттан чалып жыгылып калып жатпайбы.
Мындан бир жума илгери, мыйзам долборун экинчи окуусунда кабыл алынганда түп тамырынан таптакыр башкача жагдайга күбө болгон элек. Анда мыйзам долборуна 73 депутат «макул» деп, бар болгону 35 депутат гана «каршы» добуш беришкен болучу. Эми, 12-майда болсо мыйзам долборун кабыл алууга каршыбыз деп 65 депутат, ал эми, макулдугун билдирип 46 гана добуш берип жатышпайбы. Ошентип ойлобогон жерден парламентте добуш берүүдө метаморфоза болуп өттү. Дүйнөдө сейрек кездешүүчү окуя. Бар болгону бир жуманын аралыгында экинчи окууда мыйзамды кабыл алууга макулдугун билдирген ЖКнын 120 корпустан турган 30 депутаты көз карашын 180 градуска өзгөртүп жиберип башка жээке дабырап чыга качаарын эч ким ойлогон да, күткөн да эмес. Айтпаса жалганбы, ЖКнын депутаттарынын көз карашынын заматтын ортосунда түп тамырынан бери трансформацияланып кетиши бир жагынан, алардын туруктуу позициясы жок экенин жана да башынан эле болбогондугун билдирсе, экинчи жагынан деги эле кыргыз парламентерийлерине ишеним жасоого болбостугун көрсөтөт. Кезеги келип калса депутаттар электораттарын сатып жиберип басып кетери текейден арзан иш экенин далилдеп турат.
«Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долборунун четке кагылышында батыш лоббистери катуу иштерди жүргүзгөнү талаш туудурбайт. Мыйзам долборун талкуулоого саналуу күндөр калганда НПОнун кара көз айнек тагынып, беттерин плакаттар менен калкалап жаап алып ЖК алдында уюштурган лоббистердин үркөрдөй тобунун митингиси парламентин чечимине чечкиндүү таасир берди айтууга негиз жок. Коомдо алардын таасири күчтүү деп айтыш деле кыйын. НПОчулар коомчулукта угутуу укук коргоочулар катары эмес, көбүн эсе ОБОН катары кабыл алынары белгилүү. Алар адат катары чет элден келген гранттарды актоо үчүн декилдеп жүрүшкөн топ деп эсептелинет. Ошондуктан, «грантжегичтер» деген атка конгон элге жек көрүндү болуп бүткөн НПОчулардын мыйзам долборун жыгып таштоодо ролу чоң болгону арсар.
Американын конгресинен финасыланган «Азаттык» радиосу баштаган оппозициялык прессанын мыйзам долборун четке кагуу боюнча информациялык фон түзүү далатынын таасири деле майнаптуу болду деп айтуу кыйын. Маселе барып келип эле тымызын түрдө көшөгөнүн артында чечилгени анык. REGNUM информациялык агенттиги ЖКнын мыйзамды кабыл албай баш тартууда чет элден келип жаткан грант агымынын соолуп калуу коркунучу өбөлгө түздү деп жазды. Көптөгөн маалыматтар боюнча депутаттардын чет элге чыккан иш сапарлары, а түгүл парламенттеги «намазкана» да гранттардын эсебинен финансылынат. Демек, депутаттардын мыйзамды жыгып ташташына алардын жеке кызыкчылыктары болгону талашсыз. Канткен күндө да чет элдик тымызын эмиссарлар «кысчу жериңерди кыскыла», болбосо батыштан жиберилип жаткан грант түрүндөгү каражаттарынын агымынын оозу буулат, батыштын «жардамынан» кур каласынар деген «далилдери» көптөгөн депутаттардын көз карышынын теңирден бурулушуна алып келгени байкалат. Кыскасы айтылуу «Крестный отец» гангстердик фильминдеги айтылуу фразадагыдай эле батыштын эмиссарлары депутаттарга «баш тарта албагандай сунуш кылганы» баамдоого болот.
Башынан эле депуттардын бир далайы буга дейре ооз ачпай кайда жүргөнү анан эле жылкы теппей, жылаан чакпай туруп капысынан эле мыйзамды жуп үчүнчү окуусунун кезеги келгенде аны кабыл албай баш тартуу демилгесин менен чыгышканы мандемдүү болчу. Бул жерде да депутаттарга чет элдик лоббистердин тымызын таасири күчтүү болгонун баамдоо кыйын эместир. Ошол лоббист-депутаттардын бири, башкалардан айырмаланып парламенттеги «чет элдик агенттигин» жашырбаган, американын «Азаттык» радиосунун экс-корреспонденти Жанар Акаев (мурдагы чекистер болбостугу башынан белгилүү эмеспи) жалындуу үгүт менен жапырылып чыгып сүйлөдү. Сөзүндө ал чет элдин финансылык колдоосуна Кыргызстан кату муктаж экендигине басым коюп келип, мыйзам долборунун демилгечилери Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев аларды алмаштыра албастыгын далил катары алдыга тарты. Ошентип барып келип эле Ж.Акаевдин оюнда мыйзамды кабыл алуу же баш тартуу баналдуу түрдө финансыга барып такалат экен. Өлкөнүн суверендүүлүгү жана улуттун коопсуздугу экинчи маселе болуп чыгат. Ж.Акаевдин көз карашында документти четке кагуу зарыл, анткени Кыргызстандын имиджине орду толбос залака алып келет имиш. Асресе, негедир эл ошол эле депутат Ж.Акаев камчысын чаап жаткан АКШ да 1938- жылы кабыл алынган «чет элдик агенттер» жөнүндөгү (Америкада кабыл алынган мыйзам «чет элдик агенттерди каттоо боюнча актысы» же кийинки 1961-жылкы түзөтүүлөрдөн кийин FARA деген ат менен аталат эскерте кетели) кыйла катаал мыйзамы алардын имиджине кенедей зыян тийгизбегени кызык. Же болбосо «чет элдик агенттер» жөнүндө көптөгөн мамилекеттерде кабыл алынган, атап айтса Израилде, Кытайда, ошол эле Ж. Акаев 95% көчүрүп алды жалаа жаап жаткан 2012-жылы Россия кабыл алныган мыйзамдар ал өлкөлөрдүн беделине кымындай да терс таасир бербегенин таң калычтуу. Тескеринче, ал мыйзамдар ошол өлкөлөрдүн коомдук пикиринде кеңири колдоосуна ээ болгону жалган эместир.
Парламенттин «бейөкмөтүк уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долборун кабыл алуудан баш тартуусу менен мурдагыдай эле НПОну чет элден финансылоонун статус-квосу эч өзгөрүүсүз сакталып кала берет. НПО (адатта «жумшак күчтөр» деп аташат) канча суммада акча каражатын алып жатканын, канча киши кызмат кылары жөнүндө эч кимдин алдында отчет берүүгө милдетти эмес. Башкысы кандай максаттар үчүн жумшап жаткандыгы жапма челек белгисиз бойдон калышы керек. Мыйзам долбору өтпөй калгандан кийин батыштын жиберген гранттардын миллиондогон агымы мындан ары дагы өсүшүн күтсө болот. Анткени, мыйзамдын парламенте четке кагылышы грант «жардамынын» өсүшүнө кошумча стимул болуп берери талашсыз. Ошентип, чет элдик гарант берүүчүлөрдүн НПОчуларга, демек, Кыргызстанга тийгизген таасири эки эселенип өсөрү кажетсиз.
Жакында «элдик парламент» деп аталган уюмдун координаторлору курал колдонуу менен мамлекеттик төңкөрүш жасоо, бийликти күч менен басып алууга болгон аракетттеринин бети ачылыгандан кийин кылмыш иши козголуп камакка алынды. Президент А.Атамбаев чет элдик атайын кызматынын генералдарынын колдоосун алган «элдик парламенттин» мыкчыгер «дерьмократтарын» «мекендин чыкынчылары» деп ачык жарыялады. Мына ошол «дерьмократ» «элдик паламентин» катарында НПОчулар, ошо менен кошо фашистик Германиядагы зордук зомбулук аппаратын эске салган табышмактуу «империя смерти» деп аталган структуранын бар экендиги ачыкка чыкты. Демек, «чет элдик агенттер», б.а. НПО чулар да «элдик парламент» сыяктуу эле мамлекеттин коомдук-саясий туруктуулугун ыдыратууга, кыянаттык менен эл ичине бүлүк салып өлкөдө Украинанын кайталаган «майдандын» чыгышына астыртан кызыкчылыктары бар экендиги көрүнөт. 12-майда болуп өткөн форумда Б.Талгарбеков, Н. Мотиев өңдөнгөн персонаждардын сырткары бейөкмөт уюмдардын чыгаандары Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова баштаган НПОчулардын тобу катышканы бекеринен болбогондур. Президенттин резенденциясына энелер күнү өткөрүлүп жаткан кезде А.Атамбаевдин «Мен азырынча мамлекет башчысымын, дагы бир эскерте кетейин: мындан ары өлкөгө бүлүк түшүрүп дестабилдештирүү аракеттерине карата чечкидүү чаралар көрүлөт жана мыйзамга ылайык катаал жазаланат. Мындан кийин эч кимге аё деген болбойт» деген сөзүнө караганда «чет элдик агенттердин» эски көнүмүшү боюнча тайраңдай беришине тыю салынары ачык болуп калды.
Парламент мыйзам долборун жокко чыгаруу менен утурумдук жеке кызыкчылыктарына б.а. чет элден тымызын агып келип жаткан гранттарга азгырылып кеткени, келечектеги мамлекеттин улуттук коопсуздугун ойлобогодугу айгине болду. Эксперттер, эгерде «элдик парламентке» колдоо көргөзүп, аны шыкактап А.Абдрасулова жана Т.Исмаилова сыяктуу укук коргоочу деген жалган атка жамынган «чет элдик агенттердин» бөйрөктөн шыйрак чыгырып куру шылтоолор менен өлкөнү ичтен иритүү иштерин уланта бере турган болсо жарым жыл өтүп өтпөй азыркы парламентте четке кагылгандан да катаал мыйзам долборунун демилгесинин пайда болору кажетсиз деген пикирлерин билдиришүүдө.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.