Нөөмөт эми парламентте

Автор: uson-kasybekov, декабря 25, 2012

24-декабрдагы пресс-конференцияда президент А.Атамбаев ачыгын айтты. Парламент биринчи окуусунда кабыл алган «КРнын мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга толуктоо киргизүүгө, кадырыңар жам болсун, кол кое албайт экемин деди арай көз чарай отурган журналистердин алдында депутаттарга кайрылып. Президенттин пикири боюнча адегенде мамликеттик тилдин өнүгүшү үчүн тешелүү шарт түзүш керек, анан гана мамилекеттик тилди билбеген чиновниктерге айып пул төлөтө турган азыркы кейиптеги мыйзам кабыл алган акылга сыя тургандай иш болоор эле. Ошону менен катар, кадрлар саясатын тилдин негизинде чече кою алабармандык болорун, бизге тил билген киши эмес, иштин көзүн билген адис керек экендигине токтолду мамилекет башчысы.
Кыскасы, Президент мыйзам азыркы турум-турпатында вето коюларын жашырган жок. Кеп кезеги эми депутаттарда калды. Мыйзам биринчи окуусунда 80 депутаттын добушу менен кабыл алынган. Оңой колдоо эмес. А.Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин парламент мамилекет башчысынын ветосун жеңип өткөнгө далалат кылышабы, же болбосо иштин чоо-жайын түшүнүшкөндөн кийин шымын булгап алган баладай болушуп момурайып унчукпай калышаар бекен? Канткен күндө да, экинчисинде чындыктын үлүшү басымдуураак экени байкалбай койбойт. Анткени, азыркы бешинчи чакырылыштагы ЖК ашкере принципиалдуулугу жана түзжүргөндүгү менен айырмаланбастыгы белгилүү. «Республикачыл» депутат Урмат Аманбаева баштаган «тилди сүйүүчүлөр клубунун» авнтюристтик азгырыгына алданып кетип мамилекет башчысыны менен тирешкенден көрө, ач кулактан тынч кулак, жөн жүргөнүбүз артык дешкендердин катары өсөөрү талашсыз. Мамлекеттин ветосун жеңип чыгуу үчүн депутаттардын үчтөн экисинин добушу талап кылынаары белгилүү. Пресс-конференциядан кийин иштин чоо-жайы башка нукка бурулуп кеткен соң каяша кылып «тил сүйүүчүлөрдүн артынан ээрчий турган ЖКда үчтөн бир болгон 90 депутаттын табылаары арсар. Ошондуктан «жарма патриоттордун» тил мыйзамын көбүртүп кайра көтөрүп чыккандан көрө кулак жапырып билбемишке салып коюшканы пайдалуу.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.