Жан жыргаткан жайкарма

Автор: uson-kasybekov, November 9, 2015

Өкмөттүн кезектеги жыйынында улуттук статкомдун маалыматын бетке кармаган премьер-министр Т.Сариев акыркы тогуз айдын аралыгында инфляция бар болгону 6,4 пайызга, ал эми, акыркы сентябрь айында болсо араң эле 1%ке көтөрүлдү деп жер чечегин безеп чыкты (ru.sputnik.kg). Бул болсо анын оюнда баанын өрөлөп өсүп кетпегенинен кабар берет деген кеп. Кыргыз чиновниктеринин экономикалык көрсөткүчтөр жөнундө сөз козголуп калса дароо статкомду ала чурган өнөкөттөрү бар. Статком эле акыркы инстанциядагы акыйкат, акыйкаттты ал чөнтөгүнө салып жүргөнсүп сүйлөшөт десең.
Чынына келгенде баанын өсүп-өспөгөнү цифраларды кооздоп, оңдоп түзөө менен алектенген статком окшогон структура эмес экономиканын ысык-суугун жон териси менен көрүп жаткан карапайым калкка көбүрөөк дайын эмеспи. ( Бекеринен мезгилинде атактуу жазуучу Марк Твен «Калптын үч түрү: кадыресе калп, өлөрман калп жана статистика» деп айтпагандыр). Т.Сариевдин «далилдери», алибетте, элди чыпчаң ынандырып жибериши кыйын. Премьер калкты кур эле жубатып жаткандай асер калтырбай койбойт.
Моюнга алуу керек, Т.Сариевдин сороотконундай болбой баа ээ жаа бербей өсүп баратканы айкын. Айрыкча азык-түлүк продукциясына болгон баа эки эселенип жогорулап кетти. Аны алдыңан капыл-тапыл чыга калган биринчи эле кишиден сурап көрсөң ырастап бере алат. Баарынан кыжалат кыла турган жагдай оокат тиричиликти өткөрүүгө керектелүүчү товарлар менен кызмат көрсөтүүнүн наркы мындан ары да, дагы деле болсо өрөлөп өсө бериринде турат. Анын өзүнчө геоэкономикалык чоо-жайы бар.
Кыргызстан экономикалык сюзга (ЕАЭСтин курамына) киргени адаптациялоонун узак жана машакатуу жолун башынан кечирүүгө туура келет. Азыр ЕАЭСке интеграциялоонун алгачкы этаптарын гана башынан кечирип жатканы белгилүү. Эмдигиге дейре товар, жумушчу күчтөр жана кызмат көрсөтүүнүн ЕАЭСтин чек араларынан эркин өтүү цикли аягына чыга албай жатканыбыз көптөгөн көйгөйлөр алдыда турганын ачыктайт. Жакында, бар болгону бир аптанын аркы беркиси болуп калды, ЕАЭСке кирген өлкөлөр менен Кыргызстандын бажы чек араларындагы фито-санитардык көзөмөл алынып ташталганы жөнүндөгү маалымат пайда болгону эле алдыда, дагыңкысы дагы демекчи, көптөгөн машактар күтүп турганынан кабар берер.
Кийинки этаптарда болсо, жумгактатып айтканда, Евразийлык экономикалык союзга кирген өлкөлөрдүн салык системасын бирдиктүү көрсөткүчтөрүнө, ошондой эле бирдиктүү айлык акылар, пенсиялар, социалдык төлөмдөрдүн шарттарына жетишүү милдети турат. Ал эми, бул болсо оңбогондой чоң каражаттарды талап кылаары ачык. Баарыбызга айкын ЕАЭС тин оболку мүчөлөрү: Россия, Беларусь жана Казахстанда айлык акы,пенсия, ошого жараша баа дагы Кыргызстанга караганда алда канча жогору. Демек, аларга адаптациялоо үчүн бизде да баанын жогорулашы кажет экени өзүнөн өзү айкын. Тиглер эмес биз аларга ылайыкташууга аргасыз экенибиз айтпаса да белгилүү. Ырас айлык акылар акырындап жогорулап жатат дечи. Арийне, алар баанын ыкчам өсүшүнө үлгүрбөй жатканына күбө болуп жатабыз. Ал эми, бул болсо ички экономикалык баланстын бузула баштаганынан кабар берет.
Баанын келечекте өспөй койбостугуна бир далил. Жакында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Садыков стратегиялык товар болгон энергетикага 2016-жылы 21% ке, соңку 2017-жылы болсо 29-30% өсөөрүн айтып жылаандын башын чыгара баштады. Бул болсо калган эл керектеген товарлардын куну келечекте дагы да болсо кажетсиз жогорлашын билдирет.
Ошентип премьер-министр Т.Сариев калкты куру жайкаруунун, элди соороткондун ордуна чындыкты ачык мойнуна алып, белди бекем бууганыбыз артык, алдыда көптөгөн кыйынчылыктар күтүп турат дегени алда канча пайдалуу болор эле. Кыскасы, оңой оокат жок, болгон да эмес, болору да арсар.
Үсөн Касыбеков
«Фабула», №26 Шейшемби, 27-октябрь,2015-жыл

Комментариев: 2

– Бара бергени эмнеси, чогуу к?т?б?з ээ, Жибек?-деди Мунарбек Жибекти эркелете карап. Кыз музоо кирпик карагат к?зд?р?н жоодурата элпек баш ийкеди. Солкулдаган ичке боюна жайылган чачы, бир тутам бели, ак ж?з? жарашкан сулуу жан экен. Калыя к??д?н? ?ртт?н? алсыз жылмайган болду.

Автор: Misha, дата: Friday February 9th, 2018 05:55 PM. Reply #

f6a1a0d

Автор: eessayLip, дата: Sunday June 7th, 2020 06:42 AM. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.