Журналистикадагы тилдин келегейлиги

Автор: uson-kasybekov, September 30, 2012

Кыргыз журналистикасында улуттук тилди ызатоо, аяр мамиле жасоо деген жоголуп баратат. Тескерисинче, көз көрүнө кордоп кою оңой болуп калды. Өткөндө (28-сентябрда) «биринчи радионун» «Журналисттер «Жогорку Кеңешке тишибизди көрсөтөлү» акциясын өткөрөт» деген аталыштагы мааламаты кетти. Маалыматты өзүнчө эле лингвистикалык шедевр болууга татый алат деп бааласа болчудай, ачыгын айтканда.
Тексттеги сүйлөмдөрдүн ийкемсиз, анан калса сабатсыз түзүлгөнүн айтпай ак койсо болор (http://ktrk.kg/kyr/index.php?newsid=10650). Маалыматтын аталышынын өзүн эле, бюрбасын, кыргыз тилинде оңой менен түшүнүү кыйын. Түйүнү бекем. Чиесин оңой менен чече албайсың. Эмне үчүн «журналистер тиштерин (?) көрсөтүүнү» чечишти? «Тиштеринин» кайсыларын көргөзөйүн деп жатышат: маңдайкы кашка тишинби же сүт тишинби? Болбосо азуусунбу? Анан да парламент эмне журналистердин тиштерин көрбөй жүрүптүрбү деген суроо туулат? Башка органдарына эмес «тиштерине» токтолуп жатканын сыры эмнеде жатат дейсиң?
Сыягы «биринчи радио» орус тилиндеги «показать зубы» деген фразаны сөзмө сөз которуп (калькалап) алгандан улам ушундай келегей, олдоксон жана түшүнүксүз сүйлөм пайда болуп жаткан өңдөнбөйбү. Эгер «биринчи радио» «Жогорку Кеңешке журналистер айбатын, дымагын, же болбосо парламент менен келишпестигин көрсөтүү акциясын өткөрөт» деп коюшса даараты бузулуп кетмек деле эмес. Жок эле дегенде катылган ЖКнын катыгын берели деп чечишиптир дедиртип койсо жаман деле болмок эмес эле. Кыскасы, кыргыз журналистикасын дилетанттардын армиясы басып кеткени талашсыз болуп калды.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.