Бабановдун мааламат машкелери

Автор: uson-kasybekov, August 30, 2012

Премьер-министр болгону Ө. Бабанов экономика менен алпурушуну унуткарганы, социалдык-экономикалык проблемалар экинчи планга сүрүлүп ташталганы талаш туудурбайт Өкмөт алдыга койгон реформалардын бирин да ишке ашыра алган жок. Минстрлер кабинетинин ишинин натыйжасы белгилүү–ИДП сегиз айдын ичинде 6,7% ке кулап түштү, бюджеттин дефецити $16 миллардака чейин чаап чыкты.
Иши жылбай турганын жаап жашыруу үчүн Ө.Бабановдун элди толгон-токой убадалар менен тойгузуп, жеке өзүнө пиар жасоо менен алектенип ошону менен коомчулукка жакшы көрүүнү көздөп калганы жашыруун эместир. Пиар жасаганга келгенде акча аяган жок. Өлкөдөгү ММКды, коомдук кыймылдардын айрым мүчөлөрүн, укук коргоочуларды көрүнөсүн көрүнө, көмөсүн көмө сатып алды. Дарегине сын айткандарга менчик ММКлары менен соодаланып алынган коомдук активистерин тукуруп турду. Кол баладай болгон «Республика» фракциясы да бул иштен, алибетте, четте калган жок, Ө.Бабановдун көзүнүн агы менен чарк айланып жатпадыбы.
Премьер-министрдин дарегине сын айтам дегендер сөөк өчтү душманга айланганы белгилүү. Мисалы «Ата-Мекен» фракциясы түрк компаниясынан асыл тукум күлүк атты мыйзамсыз алгансың деп сындап койду эле даана балеге калбадыбы. Жооп катары Ө.Бабанов «Ата-Мекенди» кайдагы бир мифологиялык мародерства менен күнөөлөгөн жалкордукка чейин жетти. Ө. Бабанов жалакордугу жанда жок жалдама машкелерин айдактап койсо, аларың уят-сыйт дегенди жыйыштырып коюшуп экстремистик кан ичкич идеаларды көтөрүп чыгуудан да тартынышкан жок. Мисалы “Мекен шейиттери” кыймылынын өкүлү С.Айнидинов деген неме пресс-конференцияда «самасуд уюштурабыз» дегенге чейин барды. Эч тартынган жок. Билдирүүнү Kyrgyztoday сайты элге жарыялады кадресе окуя катары. Бул болсо Ө.Бабановдун оппонеттерине каршы ыплас компроматтарды колдонуундан да эч тартынбай калганынан кабар бербей койбойт.
«Желтый прессанын», Ө.Бабановдун агенттеринин жандимилигин эске алып “Мекен шейиттеринин” мыкчыгеринин билдирүүсүн болгонун болгондой толук келитирүүгө аргасызбыз: «С.Айнидинов, “Мекен шейиттери”: “Текебаевди бийлик камабаса анда биз өлтүрөбүз”
“Жанагы Текебаев деген ит экен, көк аттан түшсө кашка атка минген. Эми анысы аз келгенсип өзүнүн каракчылыгы менен революция үчүн каза болгон балдардын арбагына да шек келтирип атат. Биз азыр бийликке да, тиешелүү органдардын баарына эскертип жатабыз, эгер алар чара көрбөсө анда таарынышпасын, биз “самосуд” кылабыз да Текебаевдин балдарын, аялын, өзүн өлтүрөбүз. Анткени бирөөнүн канынан акча жеген Текебаевден алган тарбия менен анын балдары мындан да жаман жолго барышат. Ал биздин балдар өлгөнүн унутпасын. Ал эми биз А.Юсуповго ишенебиз, алардын ордуна ошол каракчы депутаттарды камашсын чынын айтып жаткан камактагы балдарды өлтүрүп коюшпасын. 25-августта ошол каза болгон балдарга Таласта эстелик тургузулуп, ачылышы болмок, тынч өткөртүшсүн”, – деп билдирди апрель окуясында баласынан айрылган, “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөсү Сыртпай Айнидинов».
Kyrgyztoday, Стал Асылбеков.
Билдирүү караөзгөй адамдын оозунан чыгып жатканын көрүү кыйын эместир. Айнидинов ачыктан ачык террорго барууда. Анын А. Юсуповко ишенээрине (ал өзүнүн жеке иши дечи) таянып алып Текебаевдин өзүн гана эмес, тукумун курут кылып бала-чакасын өлтүрөбүз дегени акылга сыйбаган айбандык жорук. Апрель окуясында каза болгон 87 баланын өлүмүнө Текебаевдин эч тиешеси жок экени, алардын канын забын болгондор Минскиде сайрандап жүргөнү, алар өздөрүнүн кандуу режимин кайтадан калыбына келтирүүдөн кайта электиги алаканга салгандай белгилүү. Текебаевдин каза болгон балдардын арбагына шек келтирди дегени деле көшөкөрлүк. Деги эле Сыртпай Айнидиновдун дени-карды соо немеби, псхикасы жайындабы текшерип көрсө артыкбаштык болбос эле. Анын үстүнөн прократура тезинен кылмыш ишин козгоп, териштирүү ишин колго алышы кажет, кеч болуп кала электе. Мындай геноциддик билдирүүнү кайдигер калтыруу кечиримсиздик болоор эле. Айнидиновчулук коом үчүн өтө кооптуу көрүнүш. Ошону менен бирге экстремистик (неофашисттик) идеяларды пропогандалаганы үчүн Kyrgyztoday сайтынын да жоопкерчилиги болушу кажет.Эгер, мыйзам иштебей калса, бийлик эсирип ээлигип кеткендерди кой-ай дегенге жарабаган  үлдүрөгөн абалга келсе анда мамликетүүлүк жөнүндө сөз козгоп кажети деле жок.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.