«Арык малды асырасаң оозуңду майлайт, арык адамды (саясатчыны) асырасаң оозуңду каңдайт»

Автор: uson-kasybekov, August 1, 2012

Коррупцияга каршы күрөштүн чен өлчөмү акырындап жогорулап отуруп «киттерге» (жогорку эшелонго) жеткенде–адегенде «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Н.Түлеевке, ага куйрук улаш «Ата-Мекен» партясынын квотасы менен социалдык өнүгүү министринин креслосун ээлеген Р. Сабировко кылмыш ич ачылганда коомдук пикирде алдым-жутумга каршы күрөшүү жараяңынын олуттуу экенине карата аз да болсо ишенимдин оту жанган эле. Ошону менен эле бирге алдым-жутумдардын тымызын каршылыгы түйүлдүк алганы анык. Антикоррупциялык күрөштү саясый каршылаштардан өч алуунун бир жолу, саясый мейкиндикти тазалоонун ыкмасы, неорепрессиянын бир көрүнүшү дешкен «жүйөөлөрдү» бетке кармап шылтоого шыноо издеген  күчтөр баш көтөрдү. Ошентип коррупциянын тамырын кыркуу далайга бараары, бир күндүн иши эмес экендиги ачык болуп калды десек болот.

Р.Сабировко кылмыш ишин ачылышын «Ата-Мекен» партиясы күткөндөн тыш башкача ыңтайдан баалаганы коомчулукта жандуу пикир жаратты десек болот. Партиянын саясый кеңеши билдирүүсүн, эгер лексиондун бюрократиялык саман топонун тазалап жалпак тилге салып айта турган болсок «ар ким колу менен кылганын моюну менен тартышы лазым» деп сыпаттаса болор эле. Эгер, андан ары конкретештирсек: минстирликке макулдугун берип жатканда Р.Сабиров кызматтын  жоопкерчилигин, кумары менен азгырыгын аңдап түшүнгөндөй бышып жетилген адам деп билчүбүз, коррупция каршы келишпес күрөш жарыялоону демилгечилердин бири катары партия аны бейчеки канатына калкалагандан баш тартат, ошондуктан анын саясый кызматты ээлеп турууга татыксыз деп эсептейбиз делинет.  Партянын саясый  билдирүүсүн коомчулук негизинен жактыруу менен кабыл алды.

Р.Сабировдун үстүнөн козголгони иш аяктай элек. Тергөө амалдары уланып жатат.   Дагы да далайга барчудай. «Ата-Мекендин» билдирүүсүндө айтылгандай Р.Сабировду айыптуу деген бир жаңсыл тыянак чыгаруу алабармандык болор эле. Акыркы чекитти сот гана коюшу лазым.

Соттун чечими менен 30-августка дейре делинип коопсуздук комитетини убактуулуу жайында камалып турган Р.Сабиров үй камагына чыгарылганы маалым болду.  Ага Жогорку Кеңештин алты депутаты кепил болуп беришкен: Бөдөш Мамырова, Турсунбай Бакир уулу, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов. Айрым саясый кыймылдар кепилдик берген алты депутатты Р.Сабировдун «табакташтары» т. а. коррупциялыу-корпоративдик кызыкчылыктар менен «боорукер» боло калышкандар деп баалашууда.

Алтоонун айтымдарында Р.Сабировдо кенедей да айып жок. Кызыгы суу кечирген «кепичтердин»  ичинде депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановдун жүргөнүндө. Р.Жээнбеков менен Ө.Абдрахмановдун Р.Сабировко «каплеттен» боор тартып калышкандарында өзүнчө бир мотивдер жатканын байкоо кыйын эмес. Баарыбызга белгилүү, силер партиянын программалык багытын, иделогиясын колдойбуз деп карганып жатып «Ата-Мекендин»  тизмеси менен депутат болбодуңар беле, эсиңер барда этегиңерди жапкыла деген кой-айга көнбөй кошкура беришкенден кийин экөөнү «Ата-Мекен» партиядан, андан соң фракциядан кубалап чыгарган эле. Ошондон бери алар «Ата-Мекенге» өчөгүшүп  жоо болушту да калышты. Түзүн айтканда чыккынчылык кылып жатышат. Ыңгайы келе калса, келбесе деле депутаттык императивдик мандаттарын бетке кармап шантаж, чагым салуу сыяктанган майда караниеттиктен, кыянаттык кылуудан эч тартынышпай калышканын көрүүгө болот. Экөө карга карганын көзүн чокубайт деген принцип менен Р.Сабировду калкалап жатышканы деле анык. Мындан сырткары саясый көрпендечилик  Р.Сабировдун ишинде да кайталанып жатканын көрүүгө кыйын эместир. Р.Сабировко даяр «кепичтик» рол ойноп жатышканы алардын саясый ич күптүүлүгүнө барып такалары деле түшүктүү. Неси болсо да Р.Жээнбеков менен Ө.Абдрахманов утурумдук кызыкчылыктар менен күн өткөргөн майда адамдар, тайыз саясатчылар, коррупциялык мандемдери бар экенин көргөзүп коюшту. Партиянын лидери Ө.Текебаевдин өзүндө деле күнөө бар: «арык малды асырасаң оозуңду майлайт, арык адамды (саясатчыны) асырасаң оозуңду каңдайт» деген элдик макалды башында эле эске түйүшү керек болчу.

                        Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.