Сөз эркиндигин кыргыз ММКда ой-тоону оттоп жөөлүй берүү деп түшүнүштү

Автор: uson-kasybekov, July 20, 2012

Кыргызтилдүү гезиттер ушак таратуу менен эле алектенип калган кези. Журналистердин сезгенип калган бейтап фантазияларына эркиндик берип дөөрүй бериши кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Кыргызтилдүү пресса рыногунан бир дагы дени карды соо б.а. «нормалдуу» гезиттерди табышың кыйын болуп калды.  Туташ таблоиддерге айланышкан. Журналистер саясаттын, саясатчылардын союлу болуп кызмат кылышат. Бир саясатчынын «заказы» менен экинчи каршылаш саясатчынын үстүнөн ушак таратып кемсинтүү менен материалдык жана саясый дивиденд иштеп табуу менен алектенип калганын жокко чыгара албастырсың. Журналистиканын башкы милдети болгон элди такталган, текшерилген маалымат менен камсыз кылуу иши биротоло унутулду.

Кыргыз тилдүү гезиттердин чыгарган «продукциялары» негизинен божомол-дөдөмөлдөрдөн турат. Текшерилип такталган маалыматтар тап катары жоюлуп кеткени байкалат. Көчөө ушактарын жазуудан журналстер уялбай, тартынбай деле калышпадыбы. Жоромол-дөдөмөлдөрдү маалымат катары элге таратуунун эрөөн-төөнү жок эсептешет.

Кыргыз «кагаз прессасында» жарыяланган ушактарды, т.а. жөөлүмөлөрдү гербарийин  коллекциялап чогултуп кайрадан басканга адистешкен «Баракелде» (http://barakelde.org/ ) сайтында пайда болгон жоромол-дөдөмөлдөрдү көз салып көрүп кыргыз журналистикасынын деңгели кандай экенине көзүң жетпей койбойт. 19-июлдагы «Баракелде» сайтында жарыяланган бир күндүн макалалардын топтомунун аталыштарынын тизмеси эле кыргыз журналистикасынын азыркы ал абалынан ачык кабар бере алар эле. Кыргыз гезиттери гезит эмес эле ушакчы катындарга айланганын, ошолордун кейпин кийгенин моюнга албай коё албайсың. Шүйшүйнүп заматта келесоо боло калган жоромолдорго, акчыланып аңкүдүк аткан божомолдорго негизденген жөөлүмөлөр кыргыз гезиттеринин өзгөчөлүгүн түзүп калды десек ашыкча кетмек эмес элек. «Баракелдегиде» жарыяланган топтомдордун аталыштары төмөндөгүдөй: «М.Конгантиев Ө.Бабанов аркылуу өз кызыкчылыгын ишке ашырып жатыптыр» (Булак : «Учур»), « Н.Түлеев түрмөдө да жөн жатпай, «бомбаларды» заказ кылып жатабы?» (Булак : «Учур»), Ө.Бабанов өз фракциясында тартип орнотууга катуу киришкен сыяктуу» («Майдан.kg»), «К.Исаев: Фракция лидерлигин алмаштыруу Ө.Бабанов экөөбүздүн пикир келишпестигибиз себеп болду окшойт» (Булак : «Учур»), «К.Исаев А.Сулайманов менен жолуккандан айбыгып жаткан кези дешет», (Булак : Арена.kg), «Ж.Сатыбалдиев Н.Сулаймановдун изине капкан салып жаткандардын бири деген кептер тарады», (Булак : Арена.kg), «Коррупцияга каршы күрөшүүчүлөрдүн ынтымагы бекем болсун деген депутаттардын арасынан Ф.Кулов чыдабай чыга качыптыр», (Булак : Пресс.kg), «А.Мадумаров, М.Абдылдаев, А.Келдибеков үлкөн саясий кылмыл түзүүгө баш кошуптур» (Булак : «Учур»)  ж.б. (http://barakelde.org/cat:1/). Кыргызтилдүү макалаларда жыш колдонулган сөз–«эшиттик». Ар бир макалада «Эшиттик эле» деп карап турушканы турушкан.

Журналистикага коюлган башкы талап элди (окурмандарды) чындыкка бап келген обьективдүү маалыматтар менен жабдып туруу экенин кыргыз гезиттери уруп ойнобой калган деңгелге жетти. Мыйзам боюнча маалыматты жарыялоодон мурун аны кур дегенде үч булактан текшерип тактап көрүү, жедеп көзүң жеткенде гана жарыялоо жобосу биротоло унутулду. Ага чүчкүрүп койбогон журналистердин катары өсүп барат. Ошого жараша журналистикадагы профессионализмдин деңгели болуп көрбөгөндөй болуп төмөн кулап түштү. Кудай бар, эгер кыргыз кезиттери ушу ушак таратуу, жоромолчул жөөлүмө жол менен кете бере турган болсо анда акыры өлкөнүн түбүнө жетип тынаары шексиз.

Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.