«Карга карганын көзүн чокубайт»

Автор: uson-kasybekov, Октябрь 3, 2016

26-сентябрь күнү Жогорку Кеӊештин профилдик комитети 2016-жылдагы январь—август айларынын аралыгында республиканын бюджетинин аткарылышынын чоо-жайы жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту. Маалыматты финансы министри Адылбек Касымалиев комитет алдында алып чыгып баяндап берди. Айтымына караганда 8 айдын ичинде салыктан түшкөн каражат 1,057 миллиарда сомго дейре жер көчкөндөй болуп кыскарып кеткен. Министирдин түшүндүргөнү боюнча бул жылы 2014-жылга салыштырып караганда импорттун көлөмү 35% чейин түшүп, натыйжада бажы кызматы аркылуу келип түшкөн салык каражаттары кескин төмөндөп кетүүгө дуушар болду. Финасы министри ошол эле кезде республиканын бюджетинин бардык корголгон статьялар аткарылат, аткарылбай койбойт деген убадасын кабаттап берип жибергенге үлгүрдү. Асресе, А.Касымалиевдин жер чечегин безеген далбасасы ооздору күйүп калган депутаттарды чыпчаӊ ишендирип жибере алган жок. Тил эмизип куру убада менен кутулгусу келип турган министирге бюджет жана финансы комитетинин төр агасы Аскарбек Шадиев атырылып бир тийди: «8 айдын ичинде аткарылбаган иштер алдыдагы 4 айдын ичинде түп тамырынан берип өзгөрүп кетет, экономика оӊ жагына оойт дегенге кантип ишенсе болот» — деди ачуусу келе түшкөн комитеттин төр агасы. Акыры комитет мүчөлөрү ары кетип бери келген кызуу талаш-тартыштардан кийин премьер-министирдин чакырып анын өз оозунан 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча кеӊири маалымат алуу чечимине келип токтошту.
Көп узабай парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков А Шадиевди кабыл алып мамлекеттик бюджеттин параметрлерин дыкат карап чыгып, казнадан чыгымдалган каражаттарды оптималдаштыруу жана республикалык бюджеттин тартыштыгын кыскартуу зарылдыгы келип чыкканы боюнча атайы сөз козгоду.Ошого эле учурга оро пара «эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук» комитетинде 2017-жылдын бюджети негедир жапма челек режимде талкуулана баштаганы боюнча маалымат тарады. Жогорку Кеӊештин каплеттен минтип чабылып- чачылып дүрбөлөӊ түшүп калышы, алибетте, бекеринен болгон жок. Себеби республиканынын негизги мыйзамдарынын бири болгон бюджет жөнүндөгү мыйзамы аткарылбай жатканы, аткарылып кетери да арсар экени ачык болуп болуп калган. Бул болсо парламентти кыжалатка салып ойлондурбай койбойт эле. Айтпаса жалганбы, өкмөт жылдын башында экономикалык өсүш 5.2% ке чыгарылат деп берген убадасын ишке ашыра алган жок. Майнап чыгара албай толук фиаского учурады. Жыл аяктап баратканда экономикалык өсүш бар болгону 2,1% камсыз болгону аныкталып жатат. Финансы министирлигинин маалыматы боюнчаакыркы 8 айдын ичинде күткөндөн тышбюджетке 2 млрд 100 млн сом каражат келип түшпөй өкмөттү мүчүтүп таштады. Башкача айтканда ойлогон ойду турмуш ашкерелеп салды. Бюджеттин тартыштыгы астрономиялык деӊгелге, 22 млрд сомго чейин тээп чыгып кетти. ЖКнын профилдик комитетиндеги жыйынында финансы министри А. Касымалиевдин билдиргенине караганда прогноз боюнча 2016-жылы бюджеттин тартыштыгы ИДП (ички дүӊ продукция) карата 4,9% түзүп калышы күтүлөт. Бул оӊбогондой чоӊ сумма. Ошентип, парламент мурдуна суу жеткенден кийин азыркы кезде кыйгай кызуу жүрүп жаткан саясый баталиядан аз да болсо алаксып көӊүлдү өлкөдөгү экономикалык жана бюджеттик кризике топтоштурууга аргасыз. Кийинки кездери карапайым калктын социалдык абалы мышык ыйлагандай деӊгелге чейин келип жеткени бийлик мыкчыгерлерин тынчсыздандырбайт коймок да эмес. Тынчызданууга алар аргасыз болчу.
Багы жокко дагы жок демекчи, өткөн жуманын акырында Эл аралык валюта фондусунун Кыргызстандагы миссиясынын төр агасы Эдвард Джемайэл атайы пресс-конференция чакырып, финансы министирлиги билдирип жаткандай Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПга карата 60% эмес, 70%ке туура келет деп ачык шардана кылып чыкты. (Кыргызстандын суверендүү карызыазыр $4,7 млрд. барабар). Джемайэлдин айтымында мамлекеттик карыздын токтолбой тынымсыз өсүшү: «социалдык муктаждыктар үчүн коротулуп жаткан ансыз деле жарыбаган чыгымдардын булагы соолушун шарттайт, себеп дегенде өлкө бюджеттик каражаттардын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик карызды жабуу үчүн багыттого аргасыз болот». (2011-жылданбери өкмөт мамлекеттик карыздарды жабуу үчүн 74 млрд сом же эл аралык валютанын экивалентинен алганда $1 млрд жумшаган).Ошентип, салыктан түшкөн салыктын кыскарышы менен мамлекеттик карыздын өрөлөп өсүшү бюджетке кошумча оорчулук алып келээри жана азыр да алып келип жатканы талаш туудурбайт.
Бюджет негизинен парламенттеги жана өкмөттөгү чиновниктердин жеми болуп келгени жашыруун сыр деле эмес. Мамлекеттик казнаны көрүнөсүн көрүнө, көмөсүн көмө ысрап кылып талап тоноп жаткандар да депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү жана алардын аппараты экени жалган эместир. ЖКга шайлоо жүрүп жаткан тапта, андан кийиншайланып алган алгачкы күндөрү деле депутаттар (эл арасында ылакап болуп кеткен аттары «жепжутаттар») мамлекеттин казнасын ысырап кылбай үнөмдөө деген ооз толтурган ураан көтөрүп чыгышкан эле. Ар бир депутатка экиден жардамчы, ага кошумча дагы бир консультант-референтти бекитипберүүнүн таптакыр кажети жок, артыкбаштык кылат дешкен. Бизге бир эле жардамчы жетишет дешип саймедирешкен болчу. Мындан сырткары кызмат автомобилдерден баш тартабыз, парламенттин автогаражы жоюлат дешип эбиреп-жебиреп жиберишсе эл кадимкидей ишенишкен эле. Кийин көрсө, кабат-кабат берген убадалары бар болгону элдин көзүнө чаӊ чачып алдоо болуп чыкты. Иш жүзүнө келгенде «ашыкча» жардамчыларды башка орунга, негизинен фракциялардын секретариаттарына которушуп ишти бүттү бүттү кылышты да коюшту. Азыр ар бир фракциянын секретариатында 15 тен 20 чейин чиновник иштеп жатат. ЖКнын иш башкаруучусунун билдиргени боюнча «Ак үйдөгү» жогорку кабатында орундар жетишпей эми подвалдан кабинет ача башташыптыр. Парламенттин гаражы болсо чыпчыргасы коробой мурдагы өз калыбында турат. Ал эми, депутаттардын айлык акысына келсек үч уктасаӊ түшкө кирбеген ажайып сумманы чапчыйт. Парламентте атайы түзүлгөн депутаттык фонд деген май талкандан алган акчалары 40 миӊ сомго туура келет. Фондунун акчасы менен депутаттын айлык акыны кошуп эсептей келгенде колго тийгени 70-80 миӊ сомду тебет. Акылды ала качкандай акча экенин моюнга албай кое албастырсыӊ.
Өкмөттө деле абал өзгөлөр болбосо да өздөрү кубангандай болуп бир кыйла жакшы. Сонун десе да болор. Министирлердин колго тийген айлыгы депутаттардан эч калышпайт. Ашса ашышы мүмкүн, асты кем эмес. Ошол эле 80 миӊдин тегерегинде. Айлыктар багытына келсек: азыркы статус-квонун сакталышына өкмөттүн структурасы өтө кызыкдар экени талашсыз. Ырас, мезгил мезгили менен министирлер кабинетинде барсайып көөп кеткен аппараты кескин кыскартууга муктаж деген кептер айтыла калат дечи. Ар бир кызматкердин аткарып жаткан ишине функционалдык талдоо жүргүзүп келип ошонун негизинде оптималдаштыруу б.а. жүнүн жеп кеткен чиновниктердин санын кыскартуу боюнча дембе дем демилге көтөрүлүп келет. Бирок, андан азыркыга дейре кенедей да майнап чыгып жарытып жиберген жок. Тескерисинче, өкмөттөгү чиновниктердин саны жылдан жылга өрөлөп өсүп баратканына күбө болобуз.
Бюджетке салыктан түшкөн каражаттардын кескин кыскарышы, чыгашанын көбөйүшү, бюджеттин тартышыгынын кескин өсүшү жана мамлекеттик карыздын акыркы 3 жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй болуп асмандап кетиши, ошонун негизинде депутаттардын ичинде өкмөттөгү экономикалык блокту тейлеген министирлерди кызматынан кетирүү талаптарын кое башташы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кулагына жеткени айгине. Жетпей деле коймок эмес. С.Жээнбеков шашылыш өкмөт жыйынын чакырып жеткиликтүү иш алып бара албагандыктары үчүн финансы министирлигин, фискалдык органдарды—мамлекеттик салык кызматын, мамлекеттик баажын кызматын катуу жекирип сынга алды. Жыйындын акырында С.Жээнбеков акыркы 9 айдын аралыгында бюджеттке келип түшпөгөн каражаттардын кыскарышы боюнча катаал чаралар көрүүлөрүнө убада кылды. Бул да болсо боло жүргөн көнүмүш адат дечи—ар дайымдан бир дайым «күнөөлүлөр» табылбай койбойт эмеспи. Ошол эле күнү, изин суутпай премьер-министр бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана бюджеттин тартыштыгын төмөндөтүү максаты менен мамлекеттик органдардын чыгымдары кескин кыскартылаарын жарыялап чыкты. Атап айтканда, мамлекет органдарынын товарлар сатып алууга корогон каражаттар, транспортко, командировкаларга, байланышка ушатылган чыгымдары, ошондой эле капиталдык ремонттун жумшалган акчалар аеосуз кыскартылары шардана болду. Премьердин айтымында мамлекеттик органдардын чыгымдары 14,8 миллиарда сомго (204,5 миллиона доллар) чейин «кесилип» ташташылышы пландаштырылып жатат. Тилеке каршы, С.Жээнбековдунынын азыркы демаршы көсөөнүн акылы түштөн кийин деген ылакапты эске салат. Бюджеттик жыл аяктап бүтөрүнө эки ай калганда б.а болору болуп боесу кангандан кийин өкмөт башчысынын «үнөмчүл» далбас урушу бир чети күлкү келтирсе, бир чети ыйлагыӊды келтирбей койбостур .
Депутаттар бюджеттин тартыштыгы болуп көрбөгөндөй жогорулап кетиши менен өкмөттү күнөөлөп жатканда өздөрүнүн кошкон «салымдарын», алибетте, айткысы келишпейт дечи.Кантсе да «өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» деген кепте кадиксиз акыйкат бар окшобойбу. Алгачкы жолу, тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрда өкмөт сунуштаган республиканын бюджети жөнүндөгү мыйзамды парламентте талкууга киришкенде бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев(«Бир Бол»)дан эгиндеринин импортуна салына турган НДСти ( кошумча нарк салыгы) 2018-жылдын сентябрына чейин токтотуп туруу демилгесин көтөрүп чыккан депутаттардын лоббисинин карасанатайлыгы боюнча маселе көтөрүп чыккан болчу. А.Шадиев анда депутаттардын кыянаттыгынын натыйжасында 645 млн сом бюджетке келип түшпөй калганын баса белгилеген болчу. Эскерте кетсек 2015-жылдын 31-жылдын 31 декабрында дан эгиндерин импортуна болгон НДСти алып таштоону колдоп 72 депутат добуш беришкен эле. Кабыл алынган мыйзам зыяндан башка бюджетке кенедей пайда алып келген жок. Бир гана импорт менен алп урушуп жүргөн саналуу бизмендердин туйтунуп алышын гана шарттады.Ошондо комитеттин жыйынында катышып отурган депутат Сайдулла Нышанов («Ата Мекен») А.Шадиевке лоббист-депутаттардын бирден терип ар биринин атын атай аласызбы, ага алыӊыз жетеби деген суроо берген эле. Комитеттин төрагасы: -жашыра турган эч несе жок, аттарын ачык жарыялайбыз деп жооп берген болучу. Асресе, А.Шадиев ошондогу берген убадасын азыркыга дейре аткара элек. Оозуна суу толтуруп алгансып тымпыят эле тымпыят. Унуткарып кеткиси келеби? Канткен күндө «карга карганын көзүн чокубайт» деген ылакап сөздө чындык бар окшобойбу дейсиӊ.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.