Үсөн КАСЫБЕКОВ, журналист: “Кыргыз гезиттерин ачып карасаң толтура катын ушак да, кудай урбадыбы?!”

Автор: uson-kasybekov, декабря 17, 2012

17 декабря 2012 года

— Жакында эле Бабырбек Жээнбеков жетектеген журналисттер бир бирикмеге биригип, азыркы бийликке каршы экенин билдирип чыгышты. Ушундай бирикме түзүүнүн бүгүнкү күндө кажети барбы?

— Эми ал саясый кайрылуу жасоо үчүн эле түзүлө калган бирикме экени көрүнүп турбайбы. Сырттан тон бычып, такыр кабары жок журналисттердин атынан кол коюп, кайрылуу жазганы ачыкталып калбадыбы. Эгерде чынында эле журналисттердин укугун коргогон уюм, бирикмеге биригишсе мен жан дилим менен колдомокмун. Себеби, журналисттердин уюмун коргойбуз деп түзүлгөн уюмдар өздөрүнүн функцияларын аткарбай эле, чет өлкөдөн грант алып эле отурушат. Анан саясый максатта түзүлө калган жасалма бирикмелерге мен каршымын. Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге айткан сынына чычалап, «сөз эркиндигине кысым жасап атат» деген калп шылтоо менен чыгып атышат да. Чынында эле кыргыз гезиттерин ачып карасаң толтура катын ушак да, кудай урбадыбы?! «Уктук, эшиттик, имиш» деп жаза беришет да, ботом.

— Негизи сөз эркиндигинин бүгүнкү күндөгү акыбалы кандай?

— Сөз эркиндиги бар үчүн биз анын жоопкерчилигин билбей атабыз да. Ошон үчүн ушинтип такталбаган маалыматтарды да урдуруп коюп атышат.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.