Фабула» кезити менден азыркы ММКнын ал-абалы, чоо-жайы жөнүндө пикиримди айтып берүүнү суранган эле

Автор: uson-kasybekov, ноября 6, 2012

Кыргыз басма сөз күнүн утурлап «Фабула» кезити менден азыркы ММКнын ал-абалы, чоо-жайы жөнүндө пикиримди айтып берүүнү суранган эле:
Эми кеп мындай, Мирлан баатыр, менин кыргыз журналистикасына,анын ичинде кыргыз тилиндеги «кагаз прессага» карата көз карашым сага дайын деле болсо керек. Ооз эки түрүндө, жазган макалаларымда айтып келетам, туурабы. Бакиевдин доорундагы прессага көрүнөсү көрүнө, көмөcү көмө жасалган кысымчылыктар азыр жок,түзүн эле айтыш керек. Журналистерди тымызын сабатып, атүгүл кимди ким көрдү кылып жайлатып таштаган (мисалы Гена Павлюк) учурларды азыр кезиктире элек экемин. Кыскасы азыр сөз эркиндигинде, анын ичинде басма сөз эркиндигинде, шүгүрчүлүк, оозду куу чөп сүртпөйлү, жакшы эле абал түзүлдү. Эмне дейсиң, эмне деп дөөрүйсүң баарына уруксат. Кой-ай деген киши жок. Ар ким өз билген намазын окуп жатат.
Бирак, ар бир прогрессивдүү кубулуштардын экинчи капталы болот турбайбы. Мына ошол сөз эркиндигин асырап кете албаган жайыбыз былтыйып чыгып калбадыбы. Журналистикадагы этика, сыпайгерчилик деген жоголуп кетти. Жанагы орустар «кыргыз тилдүү» деп жалпы эле журналистикадан бөлүп бөтөнчөлөтүп аташкан кезиттердин бетин ачып карап көргүн—туташ ушак. Бир дагы соосу жок, капырай. Баары, бири калбай «желтый прессага» айланган. Макалалар « -ыптыр», «эшиттик», «экен» деген баяндоочторго шыкалып толгонун көрүп иренжийсиң. Гезиттердин бетин жоромол-дөдөмөлдөр үстөмөндөп басып алды. Ошого жараша журналистердин деңгели болуп көрбөгөндөй болуп төмөн түштү. Журналистикадагы профессионализмдин баркы кетти. Ырыстуу сүйлөм түзө албаган чала сабат журналист сөрөйлөрдү четтен табасың. Ушактан башканы жаза албагандар пайда болду. Жүдөмүш интервью алганга алы жетпегендер кезигет. Ушак азыр журналистикадагы өзүнчө эле адистикке айланып кетпедиби. Аналитикалык макала, расследования, саясый-экономикалык обзор сыяктанган «татаал» жанрлар менен алектендер жокко эсе. Азыр ушак, тагын айтканда катын ушактын күнү тууган кези. Журналистикадагы Кудайдан жөө качкан шылуундар прессада өз эркин таңуулап калганы өкүндүрөт экен. Мына ошол ырыстуу макалаларды жаза албаган чала сабаттар бепбелгилүү «журналист» болуп алышканына т.а өздөрү өздөрү шайлап алышканына күбө болуп тырышпаганжериң тырышат экен. Тилекке жараша «желтый прессанын» күнү аяктап калганы байкалат. Окурмандар ушакка тоюп деле бүтүшпөдүбү.
Дагы бир маселе. Интернеттин келиши, биздин өлкөдө тамыр жая башташы менен «кагаз пресса» дегенибиз, айрыкча «желтый пресса» акырындап отуруп аркы беркиси беш жылдын аралыгнда алоо-акбар боло турган көздөнүп калды. Бул менин пикирим деле эмес, медиаэксперттердин айткандары ушундай. Элет жеринде эле кезиттерди окубаса шаарда, айрыкча жаштардын арасында кезит бетин ачып карагандар жоголбодубу. Кыскасы 2-3 миңдин тегеригиндеги нускалуу кыргыз кезиттеринин көзү койгулданып жаман десең мал болчудай эмес, капырай, жан тааслим этчү көздөнүп турат, адам эй. Оперативдуу маалымат таратуу эмитен эле Интернет-ресурстардын энчисине өтпөдүбү. Гезиттерде андай ыкчамдык жок. Маалымат сайттарына, социалдык тармактарга, блогдорго караганда өтө эле кашаң. Алар менен кезиттериңдин атаандашы кыйын болуп калды. Анан да кезит чыгаруу чыгымдуу жана машакатуу жумуш: типографиялык чыгымдар, сатып таратууга корогон каражаттар дегендей . Ошондуктан ар бир кезит электрондук версиясын ачып жатат. Ал кезиттин көчүрмөсү түрүндө эмес, ыкчам маалымат таратуу түрүндө.
Наалып жатат деп ойлобогун, кезиттерде эле эмес телеканалдарда, радиодо дилетаннтар көп, иттин кара капталынан экенин моюнга алышыбыз керек.
Сөзүмдүн акырында алдыда келе жаткан професионалдык күнү менен журналистерди куттуктап кетейин. Профессионализм кайсы кесипте болбосун, кайсы учурда болбосун жогору бааланаып келгени, баалана берери талашсыз.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.