Камчыбек Ташиевди кайсы кара теке сүздү, адамей

Автор: uson-kasybekov, октября 8, 2012

3-октябрдагы «Ала-Тоо» аянтында уюштурулган митингидеги К.Ташиевдин кылган кылыгына, жасаган ишине айран таң болбогон киши жок. Туруп туруп эле кеттик бийликти басып алабыз деп удургуп чыгышына, анан калса бир тобу анын артынан жапырт маарашып ээрчип алганына Интернеттеги видио-роликтер (мисалы: http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_kumtor_protect_action/24727406.html) менен телевизордун экранынан көрүп күбө болгондор эмдигиге чейин күлкүсүн тыя албай жүрүшөт. «Ак үйдүн» заборун багындырып жатканда Ташиевдин көчүгүнө шиш сайылып калыптыр деген «желтый прессанын» чыгарган кеби пайда болгону анын «революциялык ишмердигине» кошумча комедиялык боёк сүртүп жибербедиби. Бийликти чагылгандай тездик менен алып кою Ташиевдин оюнда кепейкидей эле иш болуп калган окшобойбу дейсиң. «Ата-Журттун» ана башынын ошондогу жасаган жоругунун түйүнүн чече албай алдырап калгандар билерман депутаттардын четинен чыгат. Мисалы депутат И.Исаков «К.Ташиевди кечээки жасаган иштерине бирөө түрттү, акылы бар киши антип жасабайт эле» деген сыйпалатма версияны айтып чыкты. Ал эми, депутат К.Рыспаев болсо: «Бийликти басып алабыз деген – бул акмакчылык, жапайычылык» деген баа берип жиберди. Ташиевдин демаршы күтүүсүз болгон экен ЖКда иштин чоо-жайын талкуулай баштаганда «Ата-Журттун» лидерлеринин биринин ден-карды соо бекен, медэспертизадан өткөрүп көрүү артыкбаштык болбос эле деген сунуштар чыкканы бекеринен болбогондур.
Чынында Чынгызхандын мураскору деп өзүн эсептеп алып бир короо койго жетип жетпеген митингичилердин тобун (17 баласын) ээрчитип алып бийликти басып алам дегени Камчыбек Ташиевдин капталынан кара теке сүзгөнүнө барабар. Балким, «Ата-Журттун» лидеринин болгон болумушу, турган туруму, саясый түшүнүгү ушу болуп жүрбөсүн? Эгер чындап эле андай болсо күчтүү оппозициялык саясатчы катары К.Ташиевке, ошону менен парламенттеги «Ата-Журт» фракицясына үмүт артып келеткан электораттын жыргаганы дей берсеңиз болор.
Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.