Компроматтар согушундагы көшөкөрлүк менен неофашизм

Автор: uson-kasybekov, августа 28, 2012

«Ата-Мекен» менен азыр иштен сынып премьер министрдин милдетин аткарып калган олигарх Ө.Бабановдун жана анын союл чабары «Республика» делинген парламенттик үйүрдүн (өңчөй бизмендерден тургандыктан аларды парламенттик фракция эмес эле ОСО деген ылакап атка кондурушкан) ортосундагы информациялык согуш өзгөчө балиттиги менен айырмаланды. «Ата-Мекен» фракциясы Ө.Бабановду коррупция менен, атап айтканда түрк кампаниясынан баасы $ 1,5 миллионаго чаап чыккан  таза кандуу аргымакты  курулуш контрактысын түзүүгө көмөк бергендиги үчүн пара катары  алды деген айып таккандан кийин эки тараптын тирешүүсү акырындап отуруп компраттар согушунун ыплас түрүнө өсүп өттү.

«Ата-Мекендин» койгон күнөөсү күткөндөй эле жоопсуз калган жок. «Республика» даяр турган өңдөнбөйбү. Көпкө аялдап отурбай Ө.Бабановдун кол баласы контрчабуулун баштап жиберди. Адегенде Алтынбек Сулайманов ( ылакап аты «Челюсть») башында турган  «Республика» фракциясы түрмөгө атайы экскурция уюштуруп мыйзам бузуп кылмыш жасады деген айып тагылып шаардык №1 СИЗОдо отурган Абдулла Юсупов деген неменин видио-монологун  Ө.Бабановдун менчик телеканалы аркылуу элге таратышты. Балыкчы балыкчыны алыстан көрөрү ырас бейм. Анан калса бир көргөзүп бир койбой дембе дем кайталаганы Ө.Бабановдун акыйкатты аныктоо эмес, оппонентин каралоо жолуна түшкөнүнөн кабар бербей койбостур. Ошону менен кылмышкерден заматта тележылдызга айланган А. Юсупов  Ө.Текебаев башында турган «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Р.Төлөгөнов, Т.Мадылбеков жана Болот Шер бакиевдердин кланынын үй-мүлкүн  талап-тоноону кантип уюштургундагын шардана кылып чыкты. Баарынан да «Ата-Мекенчилерди» бир кызарып, бир бозоруп койбой мародерлер деген атка кондурган тыянак чыгарып таштаганы көрмөндардын көбүнүн оозун ачырбай койбогон жок. Деген менен тилинен чаң чыгып жаттап алгандай токтолуп койбой быдылдап сүйлөгөн манерасы анын мандемдүү тип окшобойбу деген шектенүүнү пайда кылган эле. Таң калычтуусу коомчулуктун бир далайы А. Юсуповко ишенип артып жиберишкенинде жатат. Ишенбей кылчактап турса да ишенгиси келгендер көп чыкты. Примитивдүү шылуундун айтканына  кантип азгырылса болот деп таң калгандар да аз болгон жок. (Мисалы соцдемократтар партиясынын Чүй облусту боюнча өкүлү Таалайбек Айдаров пресс-конференцияда Абдулла Юсуповду жакшы билээрин, ал сууга салса чөкпөгөн кадимки эле аферисттердин бири экенин ачык жарыялады). Ошентип «Республика» токуган компроматка карата эл ичинде эки ача пикир пайда болду десек болор. Коомчулукта эки анжы маанай түзүлгөнү иштин ак карасын териштирип бир жаңсыл тыянак чыгарып аягына чекит кою муктаждыгын талап кылаары айтпаса түшүнүктүү болор.

А. Юсуповдун шумпай экендигин далилдей турган симптомдор кантсе да  байкалбай койбойт. Башкасын айтпаганда да Апрель революциянын тушунда Ө.Текебаев мародерствонун башында турду деген «көрсөтмөсүндө» хронологиялык жана фактологиялык жагынан төп келбеген кырдаалдарды көп көрүү кыйын эместир. Экинчи революция болор алдында оппозицияныны лидерлерин К.Бакиев түрмөгө тыкканы баарыбызга маалим. Бир кишинин бир эле учурда эки башка жерде  болушу мүмкүн эместигине байланыштуу Ө.Текебаевдин мародерствонун башында туруп калышы көптөгөн суроолорду жаратпай койбойт. А.Юсуповдун бул жерде жанын жеп калп айтып жатканы анык. Ачыгын айтканда түрмөдө отурган, буга дейре бир нече ирет соттолгон адамдын компраматтык согуш ишине тартылышы, анан калса анын сөзү сөз болуп кетиши «Республиканын» макрөө иштерден кайра тартпастыгынан кабар берет.

Ошентип маалымат таратуудагы азыркы манипуляциялык технологиянын канчалык өнүгүп отуруп бийик деңгелге жеткенине, коомдук пикирге таасир берүүдө канчалык эффективдүү каражатка айланганын көрүп там бербей койбойсуң. А.М.Горкийдин күнү түнү какшап «сен чочкосуң эле, чочкосуң» дей берсең бир кезде ал коркулдай баштайт дегенинде чоң чындык бар окшобойбу деп кетесиң. Кыскасы Юсуповдун айтканын чын-төгүнү—атайы ушак-айың таратып чагым салып жатабы же тескерисинче анын айткандарында акыйкат барбы– дыкаат териштилип бир жаңсыл тыянак чыгарылышы абадай керек.

«Челюстердин» компрамат согушундагы оппоненттеринин моюнунан ылдый жугунду куюп жиберүүдөн тартынбаган ыплас методду тандап алышканы анык болуп калды десе болор. «Республиканын» Юсупов жаткан түрмөгө укук коргоочулар менен журналистердин тобунан турган делегацияны алып барып мандемдүү кишинин, шектүү кылмышкердин оозу менен «Ата-Мекенди» жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урган кылыгын генпокурор А.Салянова АКИpress информагенствосундагы маегинде: «Азыркы учурда атайын прокуратура иликтөө ишин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгынын негизинде укуктук баа берилмекчи. СИЗО драмтеатр же саясат жүргүзүүнүн орду эмес, ал режимдик объект. Өкмөт мындай окуялардын кайталанбашы үчүн катаал чара колдонушу абзел»- деп баалады.

«Республика» фракциясы №1 СИЗО менен чектелип калган жок. «Укук коргоочумун» деп жүргөн Т.Үмөталиеванын ( ал көбүнчө Токтайым деген баналдуу ат менен белгилүү) оозу менен Ө.Текебаевди көз боемочулук кылып конституциялык кеңеш кабыл алган тексти өз кызыкчылыгы үчүн алмаштырып таштаган деген  күнөө артып чыкты. Билдирүү мамлекеттик кылмыш жасады дегенге тете оор айып тагууга барабар. Эгер, Ө.Текебаевдин «жасаган иши» далилденбесе анда бүгүнкү күндүн ОБОНнун лидери деп аталган Токтайымга атайлап жалган жалаа жапкандыгы үчүн сөзсүз катаал укуктук баа берилиши талап. Ар ким, ОБОНу болобу, НПОсу болобу же башкасы болобу, орустар айтмакчы, «за базар» үчүн жооп менен берүүгө милдетүү. Мыйзамдын алдында бары бирдей. Элде колуң менен кылганды моюнуң тартышың керек деп бекер айтылбагандыр. Мындай көшөкөрлүк иште аёо деген болушу мүмкүн эмес. «Укук коргоочу» болуп алган Токтайымдын «заказ» менен иш жасаган чагымчылык өнөрү, Павлик Морозов жана Иуда сыяктанган стукачтык жана провокатордук кылыктары эбак байкалган. Анын ишмердигинин укук коргоочлукка тиешеси жок.  (Акыркы «укук коргоочулугунун» бири коррупция менен күнөөлөнүп жаткан Н.Түлеевди аскар тоодой болуп тирек болуп коргоп чыгышынын артында «заказдын» карааны турганы байкалбай койбойт). Неси болсо да Токтайымдын «көрсөтмөсү» адам укугун коргоо шылтоосу менен унткарлып кетпеши, жоопсуз калбашы лазым.

Компроматтар согушунун жүрүшүндө жазыксыз адамды насия каралап үстүнөн ушак таратуу текейден арзан ишке айланды. Сөз эркиндигин моралдык чектөө дегенди билбеген шылуундар өз билгенинче армансыз пайдаланышты десек ашкере кетпес эле. Сөз эркиндигин ой тоону оттогондордун энчисине айланды. Төтөн, кыргыз тилиндеги ушакчы кезиттердин күнү тууду. Мисалы Б.Жээнбеков деген неме башкарган «Алибиге» окшогон кезиттер «заказ» менен чагым салып ушак таратуудан, бузукулук кылуудан пайда табууну кесипке айландырышканы талашсыз болуп калбады. Ушак жазып жатышканын жашырбай калган мезгил келип жетти. Мисалы «биздин жеке булактар кабарлагандай, кечээ түндүн бир оокумуна чейин КСДПнын айрым аткаминерлери менен масилет курган президент Алмаз Атамбаев өкмөттүн отставкасы жөнүндөгү указга кол коюптур» деген саптар кадресе көрүнүшкө айланды. Мындай «жазманы» текшерилип такталган обьективдүү информациянын катарына кошуу кыйын экени талашсыз. Бул кадимки эки сөзүнүн бири жоромолдун жолунда турган «ыптырлар» менен «экендер»  түзгөн катын ушактын эле өзү. Эч айырмасы жок.

Көшөкөрлүк мелт болуп чегине жетти. «Алиби» деген кезит «Ата-Мекендин депутаты «Турат Мадылбеков 30 жыл чогуу жашап келген колуктусу менен ажырашып, жаш колукту алганы, ошол жубайы менен учурда аферист, шылуун Алексей Ширшовдун үйүн 7-апрелден кийин тартып алып, ал жерде жашап жаткандыгы туралуу далилдүү фактылар ачыкка чыгууда»-деп жазып чыкты. Мындай бетсиздикти күтпөгөн Т.Мадылбеков жаш катын алган жокмун, Ширшовдун үйүндө эмес, өз үйүмдө жашап жатам деп карганга чейин жетти. Бабырбек деген неме ыйык көргөн үй-бүлөмө чок салып жатат, «айтып коёюн, акмагын чыгарам!» деп катуу тырчыды. Асрсе, Мадылбековдун чырылдаганына Б.Жээнбековдун быш этип тоотуп койбогон түрү бар. «Алибинин» кийинки санында Т.Мадылбековду кечээтен бери келини, балдары чалып, «папа сиз жаш аял алдыңыз беле деп атышат, бар болсо көрсөтпөйсүңөрбү, кана, эгер силер ошол адамды мага көрсөтсөңөр анда сүйүнчүңөрдү берем», – дедиртип келекелеп жатпайбы.

“Мекен шейиттери”  кыймылынын өкүлү С.Айнидинов деген неме пресс-конференцияда «самасуд уюштурабыз» деген билдирүү жасаганын ошол эле Kyrgyztoday сайты жарыялап чыкканы компрматтар согушу өз кулминациясына жеткедигинен кабар берет. «Желтый прессанын» бет тырмарлык кылып жиберчү жандимилигин эске алып “Мекен шейиттеринин”  мыкчыгеринин билдирүүсүн болгонун болгондой толук келитирүүгө аргасызбыз: С.Айнидинов, “Мекен шейиттери”: “Текебаевди бийлик камабаса анда биз өлтүрөбүз”

“Жанагы Текебаев деген ит экен, көк аттан түшсө кашка атка минген. Эми анысы аз келгенсип өзүнүн каракчылыгы менен революция үчүн каза болгон балдардын арбагына да шек келтирип атат. Биз азыр бийликке да, тиешелүү органдардын баарына эскертип жатабыз, эгер алар чара көрбөсө анда таарынышпасын, биз “самосуд” кылабыз да Текебаевдин балдарын, аялын, өзүн өлтүрөбүз. Анткени бирөөнүн канынан акча жеген Текебаевден алган тарбия менен анын балдары мындан да жаман жолго барышат. Ал биздин балдар өлгөнүн унутпасын. Ал эми биз А.Юсуповго ишенебиз, алардын ордуна ошол каракчы депутаттарды камашсын чынын айтып жаткан камактагы балдарды өлтүрүп коюшпасын. 25-августта  ошол каза болгон балдарга Таласта эстелик тургузулуп, ачылышы болмок, тынч өткөртүшсүн”, – деп билдирди апрель окуясында баласынан айрылган, “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөсү Сыртпай Айнидинов.

Kyrgyztoday, Стал Асылбеков.

Билдирүү караөзгөй адамдын оозунан чыгып жатканын көрүү кыйын эместир. Айнидинов ачыктан ачык террор жасап жатат. Анын А. Юсуповко ишенээрине (ал өзүнүн жеке иши дечи) таянып  алып Текебаевдин өзүн гана эмес, тукумун курут кылып бала-чакасын өлтүрөбүз дегени акылга сыйбаган айбандык жорук. Апрель окуясында каза болгон 87 балага Текебаевдин эч тиешеси жок экени, алардын канын забын болгондор Минскиде сайрандап жүргөнү, алар өздөрүнүн кандуу режимин кайтадан калыбына келтирүүдөн кайта электиги алаканга салгандай белгилүү. Текебаевдин каза болгон балдардын арбагына шек келтирди дегени деле көшөкөрлүк. Деги эле Сыртпай Айнидиновдун дени-карды соо немеби, псхикасы жайындабы текшерип көрсө артыкбаштык болбос эле. Анын үстүнөн прократура тезинен кылмыш ишин козгоп, териштирүү ишин колго алышы кажет кеч болуп кала электе. Мындай геноциддик  билдирүүнү кайдигер калтыруу кечиримсиздик болоор эле. Айдиновчулук коом үчүн өтө кооптуу көрүнүш. Мындан сырткары экстремистик (неофашисттик) идеяларды пропогандалаганы үчүн Kyrgyztoday сайтынын да жоопкерчилиги болушу кажет.

Компраматтар согушунда укуктук өлкөгө тиешеси жок чектен чыккан жоруктардын пайда болушуна «Ата-Мекен» фракциясынын алысты көрө албаган чечими  өбөлгө түзүгөнүн айта кетүү керек. Фракциянын сунушу менен кылмыш Кодексиндеги атайылап ушак таратуу жана чагым салуу жөнүндөгү статья алынып салынган эле. Бул болсо нравалык-моралдык норма алкагына сыйбаган жоруктарга маш, жандими саясатчылар менен журналисттердин ичинде ушак таратуу  менен кесип кылган «профессионалдарды» жаратты. Алар менен бирге акын Ш.Дүйшеевдин сөзү менен айтканда «бөтөнзордуктан» тартынбаган саясатчылардын машкелеринин институту өсүп чыкты. Кыскасы биздеги саясатчылар менен журналистер «Ата-Мекен» ойлогондой болбой демократиялык сөз эркиндигине даяр эместигин, колго салып берген ырыскыны асырап алууга жөндөмсүз экендигин көргөзүштү.  Сөз эркиндиги боюнча «Ата-Мекендин» мыйзам демилгеси биздин коом үчүн эртелик кылат экен. Канткен күндө да Россиядан үлгү алган артыкбаштык болбос эле.

Каникулга тараар алдында Россиянын Госдумасы «о клевете» деген мыйзам кабыл алып, ага көп узабай президент В.Путин кол койгону белгилүү. Мыйзамда атайылап ушак таратканы үчүн 200 миң рублге чейин айып төлөө карлат. Адегенде айрым «демократтар» мыйзамдын кабыл алынышын авторитардык режимдин сөз эркиндигине кысым жасоосу катары баалап чуулдап чыгышкан эле. Асресе, жүйөөлөрү суу кечпей калган соң өздөрүнөн өздөрү тынчышкан.  Белгилүү россиялык юрист Павел Крашенинниковдун айтымында «бардык өлкөлөрдө ушак тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мисалы америкалык укук системасында ушак эки түргө бөлүнөт: жазма түрүндөгү ушак жана оозеки ушак. Ал эми, Франциянын кылмыш Кодексинде ушак таратуунун жоопкерчилиги боюнча бир эле бир нечеленген статьялар бар. Ушак таратуунун жоопкерчилиги КМШ өлкөлөрүнүн кылмыш Кодекстеринде сакталган»,- дейт П.Крашенинников

Парламентте өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибинен алынып салынгандан соң депутаттардын алдында ушакчылардын жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун киргизип ал ири алды болуп каралышын компроматтар майданы ачык далилдеп койду десек жаңылбас элек. Саясатчылардын, укук коргоочулардын, коомдук кыймылдарда жана журналистиканын арасында коолап чайлап кеткени чагым менен ушактарга  болгон элдин нааразычылыгы күндөн күнгө күчөп баратканы алдын ала укуктук чара көрүүнү талап кылып жатканын байкоо кыйын эместир.

Үсөн Касыбеков

комментариев 20

Normally I do not learn article on blogs, but I wish to say that this write-up very compelled me
to check out and do it! Your writing taste has been surprised me.
Thank you, quite nice article.

Автор: dario, дата: Четверг августа 9th, 2018 23:02. Ответить #

удалите,пожалуйста! .

Автор: Backlitfay, дата: Пятница марта 8th, 2019 13:39. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Holographicgbj, дата: Понедельник марта 25th, 2019 16:59. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Artisanstm, дата: Вторник марта 26th, 2019 20:33. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Carpethce, дата: Среда марта 27th, 2019 08:24. Ответить #

It’s wonderful that you are getting ideas from this article as well as from our argument made at this time.

Автор: Persönlichkeitsentwicklung, дата: Пятница августа 16th, 2019 14:59. Ответить #

Hi there, every time i used to check website posts here early in the
break of day, as i like to learn more and more.

Автор: casino, дата: Четверг августа 22nd, 2019 20:31. Ответить #

My developer is trying to persuade me to move to .net from PHP.
I have always disliked the idea because of the costs. But he’s tryiong none the less.

I’ve been using Movable-type on a number of websites for about
a year and am nervous about switching to another platform.
I have heard excellent things about blogengine.net.
Is there a way I can import all my wordpress posts into it?

Any kind of help would be really appreciated!

Автор: XNXX, дата: Вторник февраля 18th, 2020 03:40. Ответить #

I don’t know whether it’s just me or if everyone else experiencing problems
with your site. It appears as if some of the written text on your
posts are running off the screen. Can someone else please comment and let me know if this
is happening to them as well? This may be a issue with my browser because I’ve
had this happen previously. Kudos

Автор: uTorrent, дата: Пятница июня 5th, 2020 11:19. Ответить #

Remarkable! Its truly remarkable post, I have got
much clear idea concerning from this piece of writing.

Автор: tully, дата: Пятница августа 10th, 2018 16:36. Ответить #

Fantastic beat ! I wish to apprentice even as
you amend your site, how could i subscribe for a weblog website?
The account helped me a appropriate deal. I have been a little bit acquainted of this your broadcast provided
bright transparent idea

Автор: diätpillen test 2018, дата: Четверг октября 4th, 2018 01:52. Ответить #

Тема интересна, приму участие в обсуждении. Вместе мы сможем прийти к правильному ответу.

Автор: yunustoib14, дата: Пятница февраля 8th, 2019 07:47. Ответить #

удалите,пожалуйста! .

Автор: Sightodj, дата: Среда февраля 27th, 2019 04:05. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Linksyswdn, дата: Вторник марта 26th, 2019 15:54. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Mojavenug, дата: Среда марта 27th, 2019 11:20. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Independentgty, дата: Четверг марта 28th, 2019 00:45. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Sandergkd, дата: Четверг марта 28th, 2019 06:29. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Arnottqrk, дата: Четверг марта 28th, 2019 09:56. Ответить #

???????,??????????! .

Автор: Seriesfma, дата: Пятница марта 29th, 2019 03:58. Ответить #

удалите,пожалуйста! .

Автор: Beaconcfo, дата: Среда мая 1st, 2019 17:51. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.