Кыргыз журналисттеринин жанын жеп жалган айтышы өнөкөт кеселге айланып кетти

Автор: uson-kasybekov, июля 26, 2012

Gezitter.org сайты 19-июлда жарык көргөн санында билдиргенине караганда «Арена. kg» гезити коррупция менен жан аябай күрөшөм деген президент Атамбаев эс алууга чыкпайт деген маалымат тарганы жөнүндө саптарды жазып келип (бул маалыматты гезит кайдан алганы белгисиз, сыягы басылманын кезектеги жалакор түрмөктөрү окшобойбу) «а вчера президент принял спортсменов и отбыл в краткосрочный отпуск. Судя по услышанному нами, говорят, президент тоже уехал в Лондон. По возвращении из краткосрочного отпуска построит спортивный комплекс» (“Арена.kg” № 23 от 19.07.2012 / стр. 2, Источник – gezitter.org) деп жобурап жатпайбы. Арийне,  ат тезеги кургай электе, атап айтканда 20-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамилекеттик резеденцияда А.Атамбаев «РусГидро» ОАОсунун башкармылыгынын төрагасы Евгения Доданы кабыл алып Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Нарын дарыясынын жогорку агымында гидроэлектростанциялардын курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн президенттин аппаратынын инфомациялык бөлүмү кабарлады. Маалыматты «Глава “РусГидро” остался доволен местом строительства Камбар-Атинской ГЭС-1» деген макаласында «Вечерный Бишкек» гезити, ошондой эле Regnum, Tazabek, KGinform информациялык агентиктери да ырастап чыгышты. Ошентип, президент А.Атамбаев «Лондонго кетпей эле» ушу эле  Кыргызстандын ичинде жүргөн болуп чыгат. Элдин көзүнө чаң чачып дезинформация тараткандыгы аныкталып калпы чыгып калгандан кийин «Арена.kg» окурмандарынан кечирим сурар деген үмүт пайда болот. Балекетинби, кыргыз масс-медиасы үчүн маалымат таратуунун жоопкерчилиги,  маданияты деген чоочун көрүнүш. Башынан белгилүү кыргыз прессасына жоопкерчилик дегенди буюрган эмес. «Арена.kg» деле башка кыргыз гезиттери сыяктуу эле баягы көнүп алган билмексиндикке, көрмөксөндүккө салып мындан ары деле жаңы ушактардын сериясын чампалай берген адатын уланта берээрин чөнтөгүңдөй көрө берсең болот.

Кеп «Арена.kg» гезитинин катын ушакка таянып жалган айтып, жанын жеп атканында деле эмес. Кеп кыргыз тилдүү гезиттердин журналистеринин сезгенип калган ой «чабыты» аркалуу адамды ак жерден күйгүзүп, жалаяктай жалаасын жаап жаманатты кылуунун макрөө жолуна биротоло түшүп кеткенинде турат. Журналистер «укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба» деген элдин осуят сөзүнө чүчкүрүп ойнобой калышы өтө опурталдуу абалды түзүп койду. Кыргыз гезиттеринде коолап-чайлап кеткен ушактар акыры келип өлкөнүн түбүнө жетпес бекен деп кооптонбой койбойсуң. Баарынан жаманы кыргыз прессасында журналист деген атка жамынган профессионалдык деңгээли төмөн ушакчы-шумпайлардын күнү тууганында. Кайсы гезиттин бетин ачпаганың жайнап кеткен ушактарга, чагым салууларга, жалаа жабууларга жолугасың. Алардан качып кутулушуң кыйын болуп калбадыбы.

Үсөн Касыбеков

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.