«Алибинин» лохотрону

Автор: uson-kasybekov, июля 23, 2012

«Алиби» гезити ар бир санынын биринчи бетинде «жазылып коюп, жай оку» деген жайкарма рекламасын жайгаштырышы анын «өнөкөт ооруусуна» айланды. Рекламалык брендиси– «дайыма чыркыраган чындыкты жазып, анын айынан кезегинде укугу тебеленип жабылган, акыйкатты жазам деп 1 000 000 сом айыпка кабылган «Алиби» гезитин алып окуңуздар» деген кандай какшаган саптар. Чынында эле «Алиби» «чыркыраган чындык» үчүн күйгөн гезитпи? Ишенүү кыйын. Түз эле айтуу керек «Алибинин» рекламасында айтылгандай акыркы инстанциядагы акыйкатты төрт бүктөп туруп туруп чөнтөгүнө салып алганы жөнүндөгү кеби анын жалган айтып жанын жеп жатканы. Жалаң «чындыкты» жазып кор болуп жүргөн гезит экени деле элди көз көрүнө алдоо. Ырасына келгенде «Алибинин» башка жүнүн жеп жаткан кыргыз тилиндеги ушакчы гезиттерден эч айырмасы да, өзгөчөлүгү деле жок. Ошолорлой эле ушак таратып, жалаа жабуу, караөзгөй бет тырмарлык менен алектенген көп сандаган «кагаз прессалардын» эле бири. Башкы редактор Бабырбек Жээнбеков  менен «Ата-Мекен» партиясы көчүккө тээп кубалап чыкан аны уулу, депутат Равшан Жээнбековдун жеке саясый күптүүлүктөрү, саясый каршылаштарынан өч алуу үчүн информациялык колдоо көрсөтүү каражаты катары кызмат кылат.

«Алиби» өндүргөн «продукция» «чыркыраган чындык» эмес эле көчөдө айтылган катын ушакттардын топтомунан куралганын гезитти бир ирет барактап көрүп оңой эле ишенүүгө болот. Гезитте текшерилип такталган, чындыкка туура келген маалыматтар сейрек.  Атайылап издеп табышың деле машакат иш. Анткен менен «Алибиден» насыя жерден жалаа жаап адамды кемсинтүү максаты менен жазылган зөөкүр «материалдарды» кадам сайын кезигесиң. Кыскасы, Б.Жээнбеков ээлик кылган «Алиби» гезити өндүрүп жаткан информациялык товарлар–сапаты төмөн, ирип-чирип кеткен товарлар экени кажетсиз.

Анан, айтмакчы, «Алибинин» рекламасындагы чындык үчүн күрөшүп 1 000 000 сом айып тартканы жөнүндөгүсү деле көз будамайлап элди алдоо экени анык. Рекламадагы «брендиге» ишенсек «акыйкат деп күйгөн» Б.Жээнбеков сүттөн ак, суудан таза да сот аркалуу аны айыпка жыккан догерлердин бири калбай баары «байкуш» «Алибини» ак жерден күйгүзгөн акмактар болуп чыга келет. Ушуга ким ишенсин десең. Гезит менен тааныштыгы бар адам  «Алиби» менен анын ээси Б.Жээнбековдун «тазалыгына»  тумтак ишенип кетиши кыйын, алибетте. «Алиби» талашсыз–«желтая пресса». Анын примитивдүү таблоид экени эбактан бери белгилүү.

Кыскасы, «Алибинин» рекламалык брендиси элдин (окурмандын) көзүнө чаң чачып алдоо, көз жагыруу, ачыгын айтканда кезектеги лохотрондордун эле бири, кадимки эле МММ десе болот. Келечекте Б.Жээнбековдун кылтагына канча окурман илинери азырынча белгисиз. Өкүнүчтүүсү Б.Жээнбеков элдин баарын маңыроо деп санап алганында турат. Кыргыз республикасынын 1998-жылдагы «Реклама жөнүндөгү»  мыйзамынын 6 жана 9-статьялырына ылайык атайылап жалган маалымат  таратып элди алдаганы үчүн «Алиби» гезитинин башы редактору Бабырбек Жээнбеков менен «гезит ээси» Таалайбүбү Абдрасулованы жоопко чакырса ашыктык деле болбос эле.

Үсөн Касыбеков

комментария 2

Алиби гезити бабырбек дабдырбектин оч алуу куралы. Ал окурмандарды эмес жеке озуну жана баласыны коргоп каршылаштарын жамандагандан башка эч нерсеси жок. Анан да бокмурун Адилет дегени корунгон этеке башын тыгып кочо ушактан башканы билбеген бир байкуш экен. Алиби гезитин окугандан коро ажаатканага алып барсан кобуроок пайдасы тийчуудой.

Автор: эштек, дата: Вторник июля 24th, 2012 06:58. Ответить #

Башкаларды сындап жатып өзүбүз аларга окшошуп кетпейли. Менимчы “бабырбек дабдырбек”, “бокмурун Адилет” дебей эле сын айтсак, пикирибизди билдирсек болот.

Автор: admin, дата: Вторник июля 24th, 2012 11:35. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.